Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстандын Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн форумга катышты

24-01-2023 13:00

Бүгүн, 24-январда улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган “Чыңгыз Айтматов – кыргыз-казак элинин руханий байлыгы” аталышындагы форум өттү.

Эл аралык маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев катышты.

Алгач форумду Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачып, Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Өз кезегинде Төрага Нурланбек Шакиев боордош кыргыз-казак элинин интеллигенция өкүлдөрү  чогулуп, залкар жазуучу, улуу ойчул Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган форумду өткөрүп жатканына жогору баасын берип: “Алп калемгердин чыгармаларында кыргыз-казак элинин каны-жаны өтө жакын эл экени өзгөчө сүрөттөлгөн. Казактын даркан талаалары керемет, образдуу даңкталып, Бороондуу бекеттеги Эдигей менен Абуталиптин оор турмушун, алардын ошол учурдагы өкүмчүл, зордукчул саясий система менен болгон тымызын да, ачык да күрөшүн таамай ачып берген”, – деди.

Муну менен катар улуу калемгер казак адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен тыгыз чыгармачыл байланышта болгонун, анын ичинен Мухтар Ауэзовду өзүнүн устаты катары сыйлаганын баса белгиледи.

“Айтматовдун ааламы анын жеке чыгармачылыгы менен эле чектелбейт. Ал тууралуу жазуучу, гуманист, философ, саясатчы, дипломат, адам жан дүйнөсүнүн чыныгы билерманы катары кеп кылсак жарашат”, – деди Нурланбек Шакиев.

Сөзүнүн соңунда өткөрүлүп жаткан форумда бир катар кызыктуу ой-пикирлер айтылып, алгылыктуу сунуштар түшөөрүнө ишеним арткан Төрага: “Эки элдин интеллигенциясы кыргыздын Ала-Тоосундай бийик, казактын даркан талаасындай кең болсун”, – деген тилегин билдирди.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев балачагынан улуу сүрөткердин чыгармаларын окуп чоңойгонун эске салып: “Айтматовдун эмгектери бир нече муундун руханий түшүнүгүн калыптандырууга, адамзаттын чыныгы баалуулуктарын жайылтууга зор салым кошту”, – деди.

Ошондой эле боордош эки элдин достугу Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен эскерилерин айткан Сенат Төрагасы маданий алакаларды кеңейтүү, чыгармачыл инсандардын байланышын чыңдоо жаатындагы пикири менен бөлүштү.

Андан соң Маулен Ашимбаев Казакстан Президентинин жарлыгы менен ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Тагыраагы, II даражадагы “Достук” ордени Кыргыз Республикасынын Баатырлары Апас Жумагулов менен Медеткан Шеримкуловго жана Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго ыйгарылса, Кыргызбай Осмонов менен Аскар Салымбеков Ардак грамота алышты.

Мындан сырткары форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган баяндамалар жасалып, эки элдин интеллигенция өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү