Бүгүн, 17-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган парламенттик делегация Ташкент шаарындагы иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Тагыраагы, кыргыз парламентинин депутаттарына Сенаттын ишмердүүлүгүнө байланышкан маалыматтар берилип, жыйындар өтчү зал көрсөтүлдү.
Жогорку Кеңештин делегациясын Сенаттын Эл аралык мамилелер, тышкы экономикалык байланыш, чет элдик инвестициялар жана туризм маселелери боюнча комитетинин төрагасы Равшанбек Алимов коштоп жүрдү.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү