Таалайбек Сарыбашов жана Фарходбек Алимжанов Ош шаарынын тургундары менен жолугушуп, ФАП, бир катар социалдык мекемелердин ачылышына катышты

23-03-2023 11:41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Сарыбашов жана Фарходбек Алимжанов Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Иш сапардын алкагында курулушу бүткөрүлгөн ФАП, окуу борбору жана мечиттин ачылышына катышышты.

«Окуу борборунда жаштар чет тилдерин окуп, билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлдү. ФАПты, окуу борборун, мечитти курган Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясына, ассамблеянын президенти Мухаммад Мады мырзага, Саид Баюмиге ыраазычылык билдирем. Мен Ош шаарынын эки кичи районуна медициналык, билим берүүчү мекеме жана мечит менен чогуу борбор куруп бергиле деп кайрылган элем. Сунушубузду четке какпай, аткарышты», - деди Таалайбек Сарыбашов.

Эл өкүлү кошумчалагандай, жакында Ош шаарынын дагы бир кичи районунда дал ушундай борбордун ачылышы болот. “Азыр дагы бир бала бакча куруп берүү сунушун бердик. Инвестор, демөөрчүлөр менен да тыгыз иштешибиз керек. Мындан башка да жумуштар аткарылат”, - деп жыйынтыктады депутат.

Жолугушууга Министрлер кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү