"Ата мекендик өндүрүштү бутуна тургузуп, импорттон арылып, экспортко жол ачуу аракеттери активдешүүдө. Бул кандай жакшы жаңылык. Тигүү цехтери негизги рычаг болуп турганда аларга топчу, сыдырма сыяктуу керектүү каражаттар, курулуш иштерине тиешелүү мыктан тартып, үй бөлмөлөрүн тосууда колдонулуучу панелдер өндүрүлүп жатканын кубаттап, колдоо - жалпыбыздын милдетибиз. Бул аркылуу өлкө казынасы калыңдап, жумуш орундары түзүлүүдө", - деди ЖК депутаты Шапараткан Мажитова бүгүн, 24-майда "Парламент" радиосуна курган маегинде.
Депутат жакында Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин мүчөлөрү менен бирге бир топ өндүрүш жайларын кыдырып көрүп чыккандыгын мисалга келтирип, жергиликтүү шартта чыгарылып жаткан мыкты эле алып көрсөк, сапаты жагынан Кытайдан алынган мыктарды артка таштайт. Россияда мындай сапаттуу мыктар килограммы 120 сомдон сатылса, бизде 90 сомдон. Ошондуктан, анын сапаты менен баасына карап, буюртма берген кардарлар арбып жатат. Бул жакшы көрүнүш, - деп билдирди. Өндүрүштү жолго коюу менен акыркы 9 айдын ичинде 300 жаңы жумушчу орундары түзүлүп, натыйжалуу иштер аткарылып жатат, - деген эл өкүлү, - ушул тапта жергебизде жыйналган жер-жемиштерди кургатуу үчүн атайын технологиялардын колдонулуп жаткандыгын да жакшы жылыш катары белгиледи. "Ошондуктан, кароосуз калып жаткан завод-фабрикаларды азыркы борборубуздагы Ленин заводундагыдай кайра калыбына келтирип, ишти жандандырсак жаңылбас элек. Буга ишенимдүү башкаруу шарттарын карап көргөн туура болмок. Менин жеке пикиримде башкаруунун мындай ыкмасынан чоочулоонун кереги жок", - деп кошумчалады депутат.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү