«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү сунушталды

25-05-2023 12:53

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Кониституциясы жөнүндөгү» мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгына ылайык иштелип чыккан.

Тагыраагы, редакциялык мүнөздөгү бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, үчүнчү окууда кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү