Депутат К.Сулайманов: "Билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын аким, мэрлер дайындаганы туура эмес"

26-05-2023 11:39

Жогорку Кеңешке №19 Токтогул шайлоо округунан депутат,  Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин мүчөсү, Кундузбек Сулайманов ЖК Аппаратынын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү менен УТРКнын Биринчи радиосунун биргелешкен “Эл өкүлү” уктуруусуна катышты.

Токтогул районундагы 33 миң гектар сугат жер суу алдында калып, калктын 90%ы башка жактарга жер которууга аргасыз болгону белгилүү. Андыктан, аларга каралган компенсация төлөө шарттары шыр кетиши керек эле. Ушул маселени кайра- кайра көтөрүп, натыйжалуу жыйынтыкты камсыздоо аракетин көрүп келем, - деди депутат түз эфирдеги суроолорго жооп берип.

Ошондой эле депутат угармандардын окуу программаларынын татаалдыгына, жол боюна отургузулган бак-дарактарга көрүлгөн камкордуктарга, суунун тартыштыгына жана миграция, дин маселелерине, катаал аба ырайынын айынан кыргынга учураган малдарга компенсация төлөө суранычтарына байланышкан бир катар суроолоруна жооп берди.

“Мисалы, билим сапатын жогорулатуу бир гана мугалимдердин айлык акыларын жогорулатуу менен чечилбейт, алар окуткан предметтердин медотикасын өздөштүрүүгө да байланыштуу. Андан тышкары, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерин аким, мэрлер эмес, Билим берүү жана илим министрлиги өзү тандап, ишке дайындаганы иштин эффектидүүлүгү үчүн жакшы болмок”, - деди депутат.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү