2021-2030-жылдарга карата  миграциялык саясатты ишке ашыруунун кадамдары талкууланды

26-05-2023 16:16

Бүгүн, 26-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтүп, анда миграция багытындагы саясат талкууланды. Иш чаранын жүрүшүндө айтылган негизги багыттар менен тааныштырып, аталган жыйынга модераторлук кылган Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев ушул эле күнү “Парламент” радиосунда болду. 

Эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоодо Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңештин алдында негизги 5 жумушчу топ  иш алып барат, - дейт Н.Азыгалиев.

Атап айтканда:

1.     Миграция жаатындагы мыйзам жана эл аралык келишим базаларын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобу;

2.     Адам сатуу жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү боюнча жумушчу тобу;

3.     Эмгек мигранттарынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана диаспоралык уюмдар менен иш алып баруу боюнча жумушчу тобу;

4.     Маданий жана гуманитардык байланыштарды түзүү боюнча жумушчу тобу;

5.     Мекендештер үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү арбытуу боюнча жумушчу тобу түзүлүп иштеп жатат.

“Өз жергебизде иш орундарын түзүү менен, жарандардын өз мекениндеги жашоосун жакшыртуу негизги саясаттын бири болушу керек. Ал эми сыртка чыгууну каалаган жарандарга мыйзамдык талаада шарт түзүп, легалдуу келишимдер менен иштөөсүнө мүмкүндүк берүү ар кандай кокустуктардан коргоого жардам берет. Ушул сыяктуу бир нече тармактар боюнча маселелерди караган бул жолку кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-2030-жылдарга карата  миграциялык саясат концепциясын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Адам сатууларга каршы аракеттерди күчөтүү иштерине да көңүл бурулду. Ошондой эле мигранттардын балдарынын улуттук каада-салттардан оолак өспөшү үчүн жылына кур дегенде 100 балага жайкы этнолагерлерди уюштуруу демилгелери колго алынат”, - деп белгиледи Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү