Депутат Акылбек Түмөнбаев Каракол шаарына барып, бир катар социалдык объекттердин курулуш иштери менен таанышты

15-09-2023 22:27

"Элдик" депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев бүгүн, 15-сентябрда, Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарына иш сапар менен барып, ал жердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын алкагында Акылбек Түмөнбаев Караколдогу бир нече социалдык объекттерди кыдырды. 

Алсак, эл өкүлү асфальт чыгарган АБЗ жана ТБИ заводдорун көрүп чыкты. Белгилей кетсек, АБЗ ишканасы ишке киргенден бери 22 миң тоннадай асфальт чыгарылып, Караколдун 6 км жолун асфальт менен камсыз кылды. Заводдун күнүмдүк кубаттуулугу 80 тонна түзөт. 

Ошондой эле таштандыларды кайра иштетүүчү заводго өзгөчө көңүл бурулду. Бул завод 2022-жылда салына баштап, азыркы учурда толугу менен курулуп бүтүп, ишкана калдыктарды кайра иштетип жана баштапкы чийки заттарды, пластик түтүктөрдү жана башка керектелүүчү буюмдарды чыгара баштаган. 

Иш сапарынын соңунда эл ѳкүлү №12 жана №7 бала бакчаларынын курулушу менен да таанышты. Мындан тышкары, шаар тургундарынын жашоо образына жана ден соолугуна өбөлгө түзө турган дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплекси жана стадионду куруу процесси, ошондой эле  шаардагы негизги жолдордун курулушунун жүрүшүн көрдү.

Эске сала кетсек, бул курулуш "Каракол өнүгүү чекити" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, Республикалык бюджеттен каржыланып жатат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү