Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышат

18-09-2023 10:12

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына иш сапары менен барат.

Иш сапардын алкагында Төрага Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Корея Республикасынын парламенттеринин төрагаларынын конференциясына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Алсак делегациянын курамында депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, Балбак Түлөбаев, Бактыбек Чойбеков, Шайлообек Атазов бар.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү