Депутат Нуржигит Кадырбеков Дубайда иш-сапарында болду

18-09-2023 15:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Иордания, Сирия Араб Республикасы, Палестина Мамлекети, Сауд Аравия Королдугу, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт Мамлекети жана Катар менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун жетекчиси, депутат Нуржигит Кадырбеков ушул жылдын 15-сентябрында Дубай шаарында  иш-сапарында болду.

Иш-сапардын жүрүшүндө Дубай шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле КР менен БАЭнин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландарды белгиледи.

Ошону менен катар мекендештер менен жолугушуу уюштурулуп, анда Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана араб өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча парламенттик достук тобу жана кызматташтыкты бекемдөө алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде мекендештер учурдагы маселелерди талкуулап, депутатты БАЭдеги кыргызстандыктардын ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Маалыматтарга ылайык, расмий түрдө консулдук каттоодо 3518, ал эми бейрасмий түрдө КР Башкы консулдугунун консулдук округунда 8 миңден ашык кыргыз жараны бар.

Ошондой эле Н.Кадырбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Федералдык Улуттук кеңешинин мүчөсү Халед Омар Аль-Хажри мырза менен жолугушуп, боордош өлкөлөрдүн ортосундагы мындан аркы парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо келечегин талкуулады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү