Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Айбек Маткеримовдун катышуусунда “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоору боюнча коомдук талкуу өттү.
Аталган мыйзам долбоору депутаттар Б.Сыдыков, Э.Сатыбалдиев, У.Ормонов, А.Түмөнбаев, М.Маматалиев жана Н.Кадырбеков тарабынан иштелип чыккан.
Долбоор Конституциянын 23-65 жана 109-110-беренелерине, “Париж принциптеринин”, “Белград принциптеринин” жана Омбудсмен институтунун венециялык коргоо жана кубаттоо принциптеринин жоболоруна шайкеш келтирүү максатында жазылган.
Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев билдиргендей, адам укуктарын коргоодо Акыйкатчы институтунун аты гана аталып, алардын кайрылуулары кагаз түрүндө эле калып, реалдуу түрдө эч кандай чара көрө алышчу эмес. Ал тургай коомчулукта Акыйкатчы өзү көз карандысызбы? деген суроолор жаралып келген.
“Буга чейин Акыйкатчыны дайындоодо жана кызматтан алуу маселесинде, адам укуктарын коргоо жаатында баш мыйзамга карата бир топ келишпестиктер жаралып келген. Биз бүгүн алардын баарын кайра иштеп чыгып, башка мыйзамдарга тоскоодук жаратпаш үчүн даана жазып койдук. Эң башкысы Акыйкатчы интитутунун статусун жогорулатып, адилеттүү иш алып баруусуна шарт түзүп берели деп жатабыз. Бул мыйзам кабыл алынса жөнөкөй жарандардын укугун коргоо жеңилдейт”, –деди Марлен Маматалиев
Ал эми КР Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева буга чейин алардын ишмердүүлүгү жөнөкөй эле мыйзам менен жөнгө салынып келгенин айтып, баш мыйзамга шайкеш келген талаптар кабыл алынса туура болорун белгиледи.
Ошондой эле, долбоор колдоо тапса Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде биринчилерден болуп Акыйкатчы институтунун аккредитациясын “В” макамынан “А” макамына өткөрүүгө мүмкүндүк түзүлөт.
“А” макамы берилсе, акыйкатчыга Адам укуктары боюнча кеңештин бардык жыйналыштарына катышууга укук берилет.
Коомдук талкууга демилгечи депутаттар, бир катар эл аралык уюмдун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү