Депутат Т.Масабиров Базар-Коргон районундагы шайлоочулар менен жолугушуп келди

13-12-2016 16:08

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Таалайбек Масабиров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда шайлоочулар менен жолугушуунун алкагында бир катар социалдык обьектилерди кыдырды.

Аталган райондо бир нече мектеп оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, жаңы бала бакчаларды ачуу зарылдыгы жаралган. Депутат Т.Масабиров өз мезгилинде 2016-жылдын республикалык бюджетин талкуулоодо бул райондун ремонтко өтө зарыл болгон мектепти жана бала бакча куруу  керектигин көтөрүп, каражат кароо маселесин киргизген.

Бүгүнкү күндө Базар-Коргондогу М.Мамбеталиев атындагы мектептин экинчи кабаты оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Ал эми Карача айылына жаңы бала бакчанын каркасы тургузулуп, имараттын ички тиешелүү курулуш иштери башталууда. Мындан сырткары, эл өкүлү айылга жаңы мечитти куруу учун өз салымын кошуп, анын курулушун көзөмөлдөп келет.

Шайлоочулар менен болгон жолугушууда депутат Т.Масабиров мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн социалдык маанидеги суроолоруна жооп берди. Алардын чечүү жолдорун көрсөтүп, айрым маселелерди Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, тиешелүү жактарга тапшырма берүүнү убада кылды.

“Кыргызстан” фракциясынын катчылыгы