Депутаттын электр энергиясынын лимитинин чегин көтөрүү демилгеси колдоо тапкан жок

13-12-2016 16:23

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин өлкөнүн энергитикалык абалы тууралуу маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов чегара аймагында катаал шартта жашаган Баткен облусундагы Кажамжай районунун тургундары үчүнэлектр энергиясынын лимитин 700 кВт/сааттан 1000 кВт/саатка чейин көтөрүү демилгесин көтөргөн. Бирок, комитет мүчөлөрү бул демилгени колдогон жок.

Тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев депутат буга чейин аталган райондун лимитин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганын эске салды. «Ар депутат жалаӊ өз аймагынын гана кызыкчылыгын түртө берсе, анда өлкө экономикасын өнүкпөйт. Нарын облусунун тургундары деле катаал шартта жашайт. Дагы башкалар бар. Мен комитет мүчөлөрү менен өкмөт өкүлдөрүнүн каршы пикирин колдойм», - деди ал.

КР ЖК Басма сөз кызматы