Коомдук тартип бузганы үчүн административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү демилгеси сунушталды

14-12-2016 09:45

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан иштелип чыгып, коомдук тартипти бузган адамларга карата жаза чараларын катуулатууга багытталган “КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилер коомдук жайларда, атайын белгиленбеген жерлерде ичимдик ичкен адамдар көп кездеше баштаганын белгилейт. Ал эми балдар жаштайынан тартып мындай көрүнүштү жөн-жай нерсе катары карай башташты. Ошондон улам, административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү чаралары сунушталууда.

Майда-барат бейбаштык, коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондой эле андай жерлерде мас абалында жүргөндүгү үчүн жаза берүүнү оорлотуу пландаштырылууда. Ошентип, мыйзам долбоорунда аларга азыркы 100-300 сомдун чектериндеги айыптын өлчөмүн 1000ден-3000ге чейин, жаштар тарабынан укук бузгандыгы үчүн алардын ата-энелерине азыркы 100дөн 200 сомдон 2 миңден 3000 сомго чейин, жашы жетелек балдарды терс жүрүм-турумдарга тарткандыгы үчүн азыркы 1000-2000 сомдон 5000-10000 сомго чейин көбөйтүү сунушталган.

КР ЖК Басма сөз кызматы