Вице-спикер А. Өмүрбекова: «Жогорку Кенеш Канада парламенти менен байланышты чыӊдоого даяр»

14-12-2016 12:44

Жогорку Кеӊештин Төргасынын орун басары Алтынай Өмүрбекова Канаданын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шон Стайл менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтык мамилелерди өнүктүрүү жаатында пикир алышты.

Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова бул жолугушуу Кыргызстанда жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөндөн кийин болуп жатканын, ал биздин өлкөнүн демократия жолунан тайбай келатканын дагы бир ирет айкын көрсөткөнүн белгиледи. «Калкыбыздын референдумду колдоого алышы биздин парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда багытыбыздын туура экенин далилдеди», - деп, ал буга чейинки жолугушууда эки өлкөнүн парламенттеринин достук топторунунун ортосундагы байланышты чыӊдоо тууралуу макулдашууга жетишилгенин элчинин эсине салды.

Элчи Шон Стайл жаӊы технологиянын жана биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгынан кабары бар экенин, эл аралык байкоочулардын берген баасы Кыргызстанда ачык-айкындуулук өкүм сүрүп жатканынын белгиси болуп санала турганын айтты. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди чыӊдоо аракетин көрүп жатабыз», - деди ал.

Андан сырткары, жолугушуу жүрүшүндө «Кумтөр» алтын кенинин айланасында маселе козголуп, Канада тарап эки жактын теӊ кызыкчылыгын канааттандыра турган чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

КР ЖК Басма сөз кызматы