2017-жылдын 9-марты № 1406-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1 Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
А.С. Кодуранова - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы;
А.Н. Шыкмаматов - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
Асылбек уулу Дамирбек – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;
М.Ю. Абдылдаев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
К.Т. Зулушев - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү;
М. Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
У.Т. Ахметов - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
А.О. Кожошев - Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Н.С. Момуналиев - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2. Макулдашуу тобу ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ч.А. Турсунбеков