Мектептерди телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүгө 300 млн сом көлөмүндө каражат каралган

20-06-2016 13:03

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Билим берүү жана илим министрлигинин республиканын мектептерин телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүнү камсыздоо жөнүндө маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын айтымында, мектептерди телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүгө 2016-жылдын бюджетинде 300 млн сом көлөмүндө каражат каралган. «Кыргызстанда 467 мектеп интернетке туташтырылган. Ал эми 1651 мектептин андай шарты жок. Быйыл 604 мектепти туташтырсак деген ойдо турабыз. Эгерде аймактарда бирдей сандагы мектептерди интернетке кошо турган болсок, анда дагы 200 млн сом каражат талап кылынат», - дейт ал.

Андан сырткары, ушу тапта «Билим ТВ» багыты боюнча видеосабактар даярдалганы, Өкмөттүн чечими менен «Билим ТВ» соцпакетке киргизилгени, мектептер ЭлТР телеканалы аркылуу кошулса боло турганы, ал үчүн ар мектепте экиден классты даярдоо зарыл экенин белгилүү болду. Министр өлкө аймагындагы мектептерде 67 информатика мугалими жетешпей жатканын кошумчалады.

Тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Азербайжан сындуу бир катар өлкөлөрдө мектептерди уюлдук компаниялар өз эсебинен интернетке туташтыра турганын, андай тажырыйбаны Кыргызстанда да колдонуу жагын ойлонуштуруп көрүү зарылдыгын белгиледи. ал эми «Альфа Телеком» (бренд - Megacom) ЖАК өкүлү кезинде алар өз эсебинен «Мегабилим» долбоорун ишке киргизгенин эске салды.

КР ЖК Басма сөз кызматы