Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин экинчи окууда кабыл алынган «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча 2018-жылдын 17-апрелиндеги корутундусу

07-05-2018 10:26

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык

комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин

 

экинчи окууда кабыл алынган «Электр энергетикасы жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча

2018-жылдын 17-апрелиндеги

 

К О Р У Т У Н Д У С У

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө. Ч. Текебаев, Ч. А. Турсунбеков, К. К. Исаев, Б. Э. Төрөбаев, О. М. Артыкбаев, А. У. Жапаров, К. М. Жумалиев, А. А. Шадиев жана К. Дж. Рыспаев тарабынан демилгеленген жана экинчи окуудан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган (2018-жылдын 14-мартындагы № 2302-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому) «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөндөгүдөй корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө. Ч. Текебаев, Ч. А. Турсунбеков, К. К. Исаев, Б. Э. Төрөбаев, О. М. Артыкбаев, А. У. Жапаров, К. М. Жумалиев, А. А. Шадиев жана К. Дж. Рыспаев тарабынан демилгеленген «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын (мыйзам долбоорунун редакциясы тиркелет).

 

2. Ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна үчүнчү окууда киргизилсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ушул маселе боюнча чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин Төрагасы К. Дж. Рыспаевке тапшырылсын.

 

 

                               Комитеттин төрагасы                                                       К. Рыспаев