Кичи жана Чоң Памирде жашаган этникалык кыргыздар өзгөчө медициналык жардамга муктаж

22-12-2016 15:44

Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2008-жылы август жана декабрь айларында биринчи жолу гуманитардык жардамдар жеткирилген. Андан кийин 2013, 2014 жана 2016-жылдары да гуманитардык жардамдарды жеткирүү иштери токтоп калган жок. Буга ыраазычылыгын билдирген Афганистандын Вахан провинциясынын губернатору Бикзат Ахмад Фаисал мырза баштаган ооганстандык делегация бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим,илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова менен жолугушту. Иш чарага депутаттар Т.Икрамов, Р.Момбеков, А.Исмаилова жана У. Жылкыбаев катышты.

Аталган Кичи жана Чоң Памирде жашаган 1800дөй боордошторубуз бар. Алардын жашоо шарты катаал, көчмөн турмушта жашашат. Деңиз деңгээлинен 4000-6000 метр бийиктикте жашагандыктан, көбүн эсе алар мал багууга ыңгайлашкан. Ошол себептүү жаз, күз кыш мезгилинде жер которуп жүрүүгө аргасыз.

Ошол Афганистандагы кыргыздардын сабаттуулугун жоюу багытында 3 айлык курстарды уюштуруу колго алынган. Эми аны 6 айга чейин узартуу жактары караштырылууда,- дейт Афганистандын Вахан провинциясынын губернатору Бикзат Ахмад Фаисал. Ошентсе да ден соолукту чыңдоо маселелери курч,- дейт ал андан аркы сөзүндө. Андыктан, медициналык кызматкерлер белгилүү бир мөөнөткө барып, памирлик кыргыздарга каралашпаса, ал жакта аялдар менен жаш балдардын өлүм саны өсүүдө. Кышкысын кар калың түшкөндүктөн, жол жүрүү жагы да кыйындайт,- деген афганистандык делегациясынын башчысы. Ошондой эле ал курулуш материалдары жагынан да колдоо көрсөтүлсө деген суранычын билдирди.

Сабатсыздык күч алган  аймактагылардын жашаган үйлөрү болсо боз үй. 2014-жылдан тартып гана алар  Ага Хан фондусунун колдоосу менен топурак-таштан үй курууну өздөштүрүшкөн. Кала берсе паспорттору да жок. Тышкы байланыш менен карым-катнашы дээрлик жок.

Аялдардын саны аз. Анткени, андагы аялдар менен балдардын өлүм саны көп. Колунда барлары 2-3 ирет бүлө жаңыртышат. Кыздарга берилүүчү калыңы 100 баш малдан кем болбойт. Ошондой каражаты барлар гана үйлөнбөсө колунда жоктору өмүр бою жалгыз өтүшөт.

Депутат Т.Икрамов,-“Памирлик кыргыздардын арасындагы көп жоготуулардын катталышына андагылардын үй-бүлө куруудагы “кан алмаштырбагандыгы” себеп”,- деген пикирин билдирди.

“Памирлик кыргыздар көчмөн турмушту баштан кечирип жаткан соң, аларды ошол көчмөн улуттардын оюндары менен тааныштырып, алардын машыгуу иштерине жол ачып берсек. Алдыда боло турган улуттук көчмөндөр оюндарына ошол Афганистандагы кыргыздарды дагы расмий чакыруу керек”,- деген сунушту депутат Р.Момбеков көтөрдү.

Жолугушуунун соңунда тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова Афганистандагы кыргыздардын жашоо шартын жакшыртуу багытында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылаарына ишендирди. Ошондой эле ал,- “Памирлик кыргыздарга байланышкан маселелерди чечүүдө эки тараптын Өкмөттөрү кызматташтыкты бекемдеши шарт”,- деп билдирди.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы