“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө” Мыйзам долбоору 2016-жылдын 28-июнунан тартып коомдук талкууга коюлат

28-06-2016 11:48

ДЕМИЛГЕЧИ:  Жогорку Кеңештин депутаттары   Ө.Текебаев, А.Шыкмаматов

 

Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот  zargulkochorova@mail.ru  жана ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312  63-89-43

 

Каттоо номери: № 6-17733/16   27.06.16

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Долбоор

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кумтөр”  долбоору дүйнөдөгү эң ири алтын казып алуучу долбоорлордун бири жана Кыргыз Республикасынын эң маанилүү активи болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” мамлекеттик концерни жана “Камеко Корпорейшн” компаниясынын ортосунда 1992-жылдын 4-декабрында Торонтодо түзүлгөн Башкы макулдашуунун коррупциялык корутундусу, макулдашуунун долбооруна кийин толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын үлүшүнүн төмөндөтүлүшү долбоордун толук бойдон чет өлкөлүк фирманын башкарылышына алып келди, ал өлкөнүн коомдук кызыкчылыктарына карама-каршы келет. Экологиялык мыйзамдардын бардык ченемдеринин бузулушу менен жүзөгө ашкан долбоордун ишке ашырылуусу айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтирди. Жогоруда айтылгандар өнөктөшкө болгон ишенимге шектин жаралышына олуттуу негиз болуп калды. 

1952-жылдын 21-декабрындагы №626 «Табийгый байлыктарын жана ресурстарын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө», 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк”, 1973-жылдын 17-декабрындагы №3171 (XXVIII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн туруктуу эгемендүүлүк жөнүндө”, 1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) “Жаңы эл аралык экономикалык тартипти орнотуу тууралу декларациясы жөнүндө”, 1974-жылдын 12-декабрындагы №3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюцияларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-бөлүмүндө чагылдырылган, бардык мамлекеттердин улуттук кызыкчылыктарына ылайык өздөрүнүн табийгый байлыктарын жана ресурстарын эркин тескөөгө, мамлекеттердин экономикалык көз карандысыздыгын урматтоого болгон ажыратылгыс укугун таануу жөнүндө жалпыга таанылган эл аралык принциптерди жетекчиликке алуу менен, бул Мыйзам мамлекеттин экономикасын, өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүн колдоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо, бюджетке акчанын түшүүсүн жогорулатуу, коомчулукка зарыл болгон өндүрүштүк жана социалдык чөйрөдөгү мекемелерди жана башка объекттерди сактоо үчүн негизги мааниге ээ “Кумтөр” алтын кенин «Centerra Gold Inc.» (мындан ары - «Центерра») компаниясынын көзөмөлүнөн чыгарууга багытталган.

1-берене

“Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан негизги каражаттар, өндүрүштүк активдер, финансылык активдер, материалдык эмес активдер, анын ичинде “Кумтөр” кенин концессиялоого болгон укугу, «Кумтөр Голд Компани» (КГК) жабык акционердик коомунун мүлктөрү улутташтырылсын.

2-берене

“Кумтөр” долбоору боюнча Кыргыз Республикасына келтирилген бардык зыяндарды, аны менен кошо төмөндөгүлөрдү чегерүү менен, “Кумтөр” кенинин алтынын сатуудан алынган кирешенин эсебинен “Центеррага” залалды төлөп берүү этап менен жүргүзүлсүн:

- 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүүдөн кийин кыргыз тараптын колдон чыгарылган пайдасын;

-  2007-жылы “Түштүк-Батыш” тилкесинин карьердик запасынан 9,1 т. өлчөмдөгү алтындын өндүрүлүшүн;

- бардык экологиялык жана тоо-инженердик тобокелдиктерден келип чыккан жоготууларды, анын ичинде 300 млн. м3дан ашык муз массасынын жок кылынышын, социалдык-турмуштук, өндүрүштүк объектилерине бош тектердин калдыктарынын жылышы менен байланышкан чыгымдарды;

- бош тектердин калдыктарын реабилитациялоо, рекультивациялоо, турукташтыруу, калдык сактоочу жайлардын курулмаларынын туруктуулугун сактоо, экологиялык катастрофага алып келүүчү Петров мореналык-мөңгүлүк көлүнүн  бузулушуна жол бербөө боюнча келерки чыгымдарды.

«Центеррага»  залалды компенсациялоо маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет жана түшүндүрүлөт.

3-берене

«Кумтөр» долбоору жүзөгө ашырылып бүткөнгө чейин: 

ушул Мыйзам жөнгө салгандан башка ченемдерди жана эрежелерди караган, «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулар, анын ичинде 2009-жылдын 6-июнундагы «Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Центерра Голд Инк.», «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнун жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКнун ортосундагы кайрадан каралган инвестициялык макулдашуунун, ошондой эле 2003-жылдын 27-мартындагы «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин - аракети токтотулсун.

4-берене

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Мыйзамдын 1- жана 2-беренелерин аткаруу үчүн, анын ичинде аларды ишке ашыруу үчүн керек болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу боюнча зарыл бардык укуктар жана ыйгарым укуктар берилсин.

5-берене

  1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 2009-жылдын 30-апрелиндеги №142 «2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому, «Центерра Голд Инк.» компаниясы, «Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому жана «Камеко» канадалык корпорациясынын ортосундагы «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндөгү Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

президенти                                                                                                             А. Атамбаев

 

 

 

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

«Кумтөр» алтын кени алтындын запасы боюнча дүйнөдө эң ирилеринин бири жана Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы болуп саналат. Ал деңиз деңгээлинен 3500-4500 бийиктиктеги тоодо, Нарын дарыясынын башаты болгон түбөлүк тоңдукта жайгашкан. 

1992-жылдын 4-декабрында Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин жана «Камеко Корпорейшн» компаниясынын ортосунда түзүлгөн коррупциялык Башкы макулдашууну түзүү жолу менен, кийинчерээк келишимге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, 2003-жылдагы реструктуризация долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын үлүшүнүн төмөндөтүлүшү менен, улуттук байлык толук бойдон чет өлкөлүк фирманын башкаруусуна өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда «Centerra Gold Inc.» («Центерра») Кумтөр 100 % аларга тийиштүү, ал эми Кыргызстан болгону компаниянын 33 % акциясынын ээси деп эсептейт.

Албетте, канадалыктар Кыргызстандын улуттук байлыгына жөн эле ээ болуп калышкан жок. Кубаттуу «канадалык лобби» анын ар кандай сунуштарын ар тараптуу колдогон жана сыйлаган президенттер А.Акаев, К.Бакиевдерге кокусунан эле таасир берип калган жок.

Аны менен бирге, «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Кыргыз Ресубликасынын Суу кодексин» бузуу менен, канадалык компания айлана-чөйрөгө түзөлбөс экологиялык зыян, алардын ичинде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кенди ачуу иштеринин, кен калдыктарынын тектерин ири массада жайгаштырылышынын эсебинен алардын жок болушуна алып келди. «Техногендик» селдердин, муз-таш глетчерлердин көчкүлөрүнүн болуу коркунучтары туулду.

Бош тектердин таштандыларын жайгаштыруу жана турукташтыруу боюнча пландаштырылган долбоорсуз эле алтын кенин өздөштүрүү жүргүзүлүп баштаган, «AMEC Earth & Environmental UK Ltd» эл аралык экспертинин ою боюнча, бул баштапкы практиканын көз карашынан алганда жараксыз болуп эсептелинет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын бир нече жолку талаптарына карабастан, тоо өндүрүшүнүн мөңгүлөргө тийгизүүчү таасирине байланышкан мөңгүлөрдүн ылдамдоосунун динамикасын жана жылышын, геотехникалык тобокелчиликти аныктооо үчүн болжолдуу иликтөөлөр ушул кезге чейин жок. Кыймылдагы муздун жана борпоң тоо тектеринин жок болушун жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү үчүн, геотехникалык туруксуздук жана бош тектердин таштандыларынын көзөмөлгө алынбаган кыймылы (жылмышуусу) бош тектердин жүгүн алып салуу боюнча иштердин токтотулушуна алып келди.  Ал өз кезегинде алдын-ала каралбаган миллиондогон АКШ доллары менен саналган чыгымдарга кириптер кылды. Жыйынтыгында, кенге жетүү бир нече жолу улам кийинкиге калтырылып жана фабрикада кенди кайрадан иштеп чыгуу токтотулуп келген.

Техникалык маселелерди форс-мажордук кырдаалдарга чейин келтирүү жолу менен аларды чечүү, антпесе өндүрүштүн токтоп калышын, анын айынан мамлекеттин бюджетине кендин ишинен каражат түшпөй каларын шантаж кылуу жолу менен мамлекеттик органдардын макулдашуусуна/бекемдөөсүнө/уруксатына жетишүү өнөкөтү «Кумтөр Оперетинг Компани» (КОК) операторунун аныктоочу иш стили болуп калды.

Саясый эрктин жоктугу, шантажга (милдентенмеге) берилүү менен КОКтун тиешелүү уруксаттарын камсыз кылган аткаруу бийлигинин коррупциялык байланыштары мүмкүн болгон бардык чектерден ашып өттү.

«Кумтөр» кениндеги кризистик абалдын баштапкы себептери болуп көрсөтүлгөн, дагы башка себептер «КОКтун» компетенттүүлүгүнө, «Центерранын» ак ниеттүүлүгүнө шек жаратуучу олуттуу негиз болуп саналат.

«Ак-Кеме» отелинин айланасындагы мүлк талаш-тартышы боюнча 2012-жылдын 17-августундагы «Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S.» түрк компаниясынын доосун камсыздоодо «Центеррадагы» «Кыргызалтындын» 11 миллион $ суммадагы акциясы камакка алынган.

2014-жылдын 14-октябрында «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен казуучу компаниясынын талабы менен «Кутессай II» сейрек кездешүүчү металлдар кенинин айланасындагы чарбалык талаш-тартыштар боюнча суммасы 233,1 миллион $ камакка алынган. Бул «Центеррадагы» 60% акциясы 47 миллион акцияга барабар.

Париждеги (Франция) эл аралык арбитраждык сот «Манас Банк» ЖАКунун ээси Валерий Белоконго банктын экспроприацияланышы үчүн 16,5 миллион $ төлөөнү милдеттендирген. Болоконь активдерин камакка өткөрүп берүүдөн мурун кыргыз өкмөтүнөн жооп күтүп жатат.

Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, мындан келип чыккан бардык жыйынтыктары менен кошо камакка алынат.

Кыргызстан толугу менен Кумтөрдү жоготот жана өзүнүн камакта турган активдерине карата кандайдыр-бир чара көрүүдө күчсүз болуп калат.

Азыркы кезде Кыргызстандын канадалык өнөктөшү менен «Центерра» компаниясынын ортосунда эки тарапка тең пайдалуу консенсуска жетишүүгө болгон бардык аракеттер каалагандай жыйынтыктарды бербей жатат. Мындай жол менен, Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн, улутташтыруудан башка, көйгөйдү чечүүнүн башка варианттары калбай калганда «Кумтөр» маселеси «Рубиконду» басып өттү.

2005-жылдын 24-мартындагы революциядан жана А.Акаевди кулаткандан кийин өлкөнүн парламентинде кенди улутташтыруу жөнүндөгү маселе көтөрүлгөн. Бирок, президент К.Бакиев Кумтөрдү улутташтыруу маселесине «тормоз» койгон.

2010-жылдагы экинчи революциядан кийин кенди улутташтыруу тууралу маселе талкуунун предмети болуп калган. 2013-жылдын февралында Кыргызстандын парламенти 2009-жылдагы «Кумтөр» келишимин кайра кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын сунушун колдоого алган. Өкмөткө «Центерра» менен макулдашууну Кыргызстандын пайдасына кайрадан карап чыгуу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы №3806-V  токтому менен, 2014-жылдын 18-январындагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндөгү макулдашуудан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылган:

- эксперттик коомдоштукту тартуу менен тиешелүү финансылык-экономикалык эсептерди жана юридикалык кесепеттерди аныктоону өткөрүү, окуялардын өнүгүшүнүн варианттарын иштеп чыгуу аркылуу «Кумтөр» долбооруна карата колдонула турган стратегиялык объектилерди улутташтыруунун эл аралык практикасын кошумча изилдөөнү жүргүзсүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 3 айлык мөөнөттө киргизсин.

Өкмөт ушул кезге чейин көрсөтүлгөн чечим боюнча жыйынтыктарын Жогорку Кеңештин кароосуна бере элек.

Онтарио провинциясынын (Канада) Жогорку сотунун 14-октябрындагы «Центерра» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКунун акцияларын кезектеги камакка алуусу тууралу маалыматтар менен байланышкан президент А.Атамбаевдин билдирүүсүндө: «Кумтөр долбоорунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча Канаданын сотторунда биздин улуттук ар-намысыбыздын тагдырын чечүүгө жол бербей турган чечкиндүү чаралар керек» - деп айтылат.

«90-жылдардагы Кыргызстан бийлигинин кылмыштуу шалаакылыгынын жана зээнсиз мамилесинин, андан кийин 2003-жылдагы улуттук кызыкчылыкка болгон түздөн-түз чыккынчылыгынын айынан көптөгөн жылдар бою дүйнөдөгү ири алтын кенинин бири болгон «Кумтөр» биздин өлкөбүзгө алгылыктуу киреше бөлүгүн алып келбей жатат.

Тактап айтканда, Торонтодогу канадалык фонддук биржадагы листингден «Centerra Gold inc» акцияларын чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү тууралу маселени коёт. Же мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча кыйла чечкиндүү чараларды көрүп, Кыргызстандын дүйнөдөгү эң ири алтын кенинен түрдүү ыкмалар менен пайданын көп бөлүгүн алып чыгып кеткен компаниянын Канаданын сотторунда «Кумтөрдүн» тагдырын чечүүсүнө жол бербешибиз керек. Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы чарбалык талаштарда чет элдик компания же уюм тарабынан Кыргызстанга кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн жана соодалашуунун куралына айланган жагдайга жол берүүгө болбойт» – деп баса белгиленет билдирүүдө.

Мамлекеттин улутташтырууга болгон укугу, анын ичинде өзүнүн табийгый ресурстарын жана байлыктарын өз алдынча тескөө, БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир нече резолюцияларында бекемделген.

  1. 1952-жылдын 21-декабрындагы №626 «Табийгый ресурстарын жана байлыктарын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө» БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  2. 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  3. 1973-жылдын 17-декабрындагы №3171 (XXVIII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн туруктуу эгемендүүлүк жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  4. 1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) “Жаңы эл аралык экономикалык тартипти орнотуу тууралу Декларация жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  5. 1974-жылдын 12-декабрындагы №3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.

1962-жылдын 14-декабрындагы “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын №1803 (XVII) Резолюциясында мындай деп айтылат:

“1. Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүккө болгон элдердин жана улуттардын укугу тиешелүү мамлекеттердин улуттук өнүгүшүнүн жана калкынын жыргалчылыгынын кызыкчылыгында ишке ашырылышы керек”.

“4. Улутташтыруу, экспроприация же реквизиция, жарандардын да, чет өлкөлүктөрдүн да жеке жана тийиштүү кызыкчылыктарына караганда маанилүүрөөк деп таанылган коомдук пайданын, коопсуздуктун жана улуттук кызыкчылыктардын түшүнүктөрүнө же себептерине негизделеши керек...”

Көптөгөн мамлекеттер бул укугунан пайдаланышкан. Буга араб өлкөлөрү, Түштүк Американын мамлекеттери өздөрүнүн жаратылыш ресурстарынын аркасында жакырчылыктан чыгып гана тим болбостон, өнүккөн өлкөлөрдөн болуп калышты.

Ошентип, азыркы эл аралык укуктун көз карашынан алганда, өз менчигин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана компаниялардын менчигин улутташтырууну ишке ашыруу эгемен мамлекеттин өзүнүн талашсыз укугу болуп саналат.

1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында (4-пункттун “е” пунктчасы) бардык мамлекеттерге табийгый байлыктарга тиешелүү тигил же бул мамлекеттин эгемен укуктарын ишке ашырууга жолтоо болуу максатындагы түз же кыйыр аракеттерден өзүн тыюу сунушталат.

Улутташтырууну ишке ашыруу мамлекеттин ички компетенциясына тийиштүү болгондуктан, бир дагы эл аралык орган чет өлкөлүктөрдүн менчигин улутташтыруу боюнча чараларды талкуулай албайт. Улутташтырууну жүргүзүүнүн шарттары эл аралык укук менен эмес, улутташтырууну ишке ашырып жаткан мамлекеттин укугу менен аныкталат.

Бул абал, мисал үчүн, Англис-Иран нефти компаниясын Ирандын улутташтыруусуна байланыштуу (1951-ж.) Улуу Британиянын өкмөтүнүн даттануусун кароого БУУнун Эл аралык соту өзүн компетенттүү эмес деп тапкан чечиминде тастыкталган.

Бирок маселенин мындай коюлушуна баары эле макул эмес.

Аны менен катар, маалымдама-негиздеменин курамдык бөлүгү болуп саналган мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинин тиркемеси күбөлөндүргөн алардын дооматтары, эсептери чындыкка дал келбейт.

Көптөгөн Өкмөттүн мүчөлөрү, эксперттер, юристтер, саясатчылар, коомдук ишмерлер «Кумтөр» улутташтырылган жагдайда, ал өзүнүн ишин токтотот, алтын казып алууну Кыргызстандын жарандары өздөрү алып кете алышпайт, Кыргызстан жеңилген соттук доолор болот, анын жыйынтыгында миллиарддаган компенсация төлөйт ж.б.у.с. деп эсептешет.

Соттук доо доолашуулар болгону компенсацияга гана тиешелүү болушу мүмкүн, мындай маселе пайда болгон жагдайда улутташтырган мамлекет жана анын соттору тарабынан ички укукка ылайык жөнгө салынышы керек.

“Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) Резолюциясында айтылгандай, улутташтыруу болсо:

«4. … өз эгемендүүлүгүн турмушка ашыруу үчүн чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин эрежелерине жана эл аралык укуктарга ылайык ээсине тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Компенсация жөнүндөгү маселе талаш жараткан бардык жагдайларда бул чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин улуттук соттук инстанцияларында аны чечүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. Бирок, кызыкдар эгемен өлкөлөрдүн жана кызыкдар жактардын макулдашуусу боюнча талаш-тартыштар арбитраждык тартипте же эл аралык соттук чечимдер менен жөнгө салынышы керек».

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы бир дагы адам компенсациянын зарылдыгы тууралу маселени четке каккан жок. Мамлекеттердин өзүнүн компенсациянын түрүн жана өлчөмүн аныктоо укугу БУУнун Башкы Ассамблеясынын №3171/1973 Резолюциясында бекемделгендиктен, «төлөп берүүнү» аныктоо бөлөк маселе. 01.06.1972 №59 «Ирак петролеум компаниясын» улутташтыруу жөнүндөгү» Ирак Мыйзамынын 3-беренесинде компаниянын карыздарын (салыктар, операциялар менен байланышкан жергиликтүү карыздар) жана Ирак мамлекетине тиешелүү сумманы кемитүү менен, ага Ирак мамлекети компенсация төлөп берери көрсөтүлгөнүн мисалга алуу ашыктык кылбайт.

Улутташтыруунун оппоненттери компенсациянын ар кандай суммаларын көрсөтүп, алар өлкөнүн жылдык кирешеси менен, келип чыккан бардык терс натыйжалары менен салыштырмалуу 3 млрд. АКШ долларын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбооруна ылайык, «КГКнин» мүлкү улутташтырууга жатат. Буга жараша, компенсациянын өлчөмү «КГКнин» автивдеринин алкагында каралышы мүмкүн. «КГК» ЖАКунун 2012-жылдагы бухгалтердик балансы узак мөөнөттөгү активинин суммасы 524.389 миң АКШ долларына барабар болгонун көрсөтөт. Анын ичинен негизги каражат - 505.692 миң АКШ доллары. Анын ичинде төлөп берүүгө жатпаган рекультивацияга каралган трасттык фонддун (11 миллион 328 миң АКШ доллары), алдын-ала төгүлгөн чыгымдардын (7 миллион 369 миң АКШ доллары) келип чыгуу себептерин компенсациянын өлчөмүн так эсептеп чыгаруу процессинде айкындоого мүмкүн болот. Кыска мөөнөттүү активдер текке кеткен пайданы эсептөөдө эсепке алынышы мүмкүн.

Муну менен катар, «КГК» ЖАКунун активинде 100% негизги каражаттардын ээси деп саноого укуктуу эмес экенин эске алуу зарыл. 2003-жылдагы «Кумтөр» долбоору реструктуризацияланганда, «Кыргызалтын» ЖАКуна 66.67% өлчөмүндөгү үлүш тиешелүү болгон, «КГК» ЖАКунун активиндеги негизги каражаттар «Центеррадагы» акцияларга алмашылбаган (конвертирленбеген). «Центерра» компаниясы сатып алуу жолу менен «КГКнин» үлүшүн алган эмес. Демек, «КГКнин» активдеринин негизги каражаттарындагы 66.67% үлүштүн ээси болуп «Кыргызалтын» ЖАК саналат. Натыйжада, компенсациянын өлчөмүн эсептөөдө «КГКдеги» негизги каражаттардын активиндеги тараптардын үлүшү эсепке алынышы керек.

«Центерра» текке кеткен пайда боюнча эсептерин көрсөткөн учурда, кыргыз тарап ага каршы 2003-жылы «Кумтөр» долбоорунун коррупциялык реструктуризацияланышынан келип чыккан Кыргызстандын текке кеткен пайдасы боюнча жана алардын Кумтөрдүн айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянына тийиштүү эсепти чыгарып көрсөтүүгө укуктуу.

Мындай жол менен, улутташтыруунун оппоненттери эгерде компенсациянын өлчөмү 1-3 млрд. АКШ долларына барабар деп эсептесе, улутташтыруу «Кумтөр» долбоорундагы өндүрүштү токтотот деп санагандай, алардын өтө сыпайы эмес экендигин көрсөтөт.

Улутташтыруу - долбоорду жоготуу, же токтотуу эмес, болгону ээсинин алмашуусу. Эгер улутташтыргандан кийин канадалыктар кетип калса, Кумтөрдү иштетүү үчүн алтынды казып алууну билген, тажрыйбасы бар башка операторду чакырууга болот. Мындан сырткары, «Кумтөр» долбоорунда он жылдап иштеген кыргызстандык бардык жумушчулар жана инженерлердин көпчүлүгү алтын казып алуу боюнча тажрыйбаларды алышты, менеджмент боюнча практикалык сабактарды өздөштүрүштү, алтын өндүрүүнүн технологиясын үйрөнүштү.

Келечеги.

«Центерра» ар кандай шылтоолор менен экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнү созорун билүү кыйынга турбайт. Эгер бүгүн болбосо, эртең, же бүрсүгүнү каалаганын алгандан кийин, «Камеко» долбоордон «кеткен» сыяктуу эле, «Центерра» да долбоордон кетет.

Кыргызстан бүгүн дилемманын астында турат: же ал чечилип, жагдайдын мындан ары тереңдешин алдын алат жана чечкиндүү, олуттуу кадамдарга барат, же баарын мурун кандай болсо, ошондой калтырат жана өз жаратылышын акырына чейин өлтүрүп, адамзаттын мүлкү болгон мөңгүлөрдү, анын кесепетинен бүгүнкү күндө башкы маселелердин бири  болуп турган - сууну, бардык экологиялык көйгөйлөрү менен кошо жок кылат. Суу жыкынкы убактарда алтын менен нефтиден да маанилүүрөөк боло баштайт.

 

Божомол

Мыйзам долбоору кабыл алынбаган кырдаалда

Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин, «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, андан келип чыккан бардык жыйынтыктар камакка алынат.

Кыргызстан «Кумтөрдү» жоготот жана өзүнүн камакта турган активдерине карата кандайдыр-бир чара көрүүдө күчсүз болот.

Эртеби, кечпи «Центерра» долбоордон кетет.

Эртеби, кечпи «Кумтөр» менен байланышкан бардык көйгөйлөр келип чыккан күн келет, анын ичинде бюджеттик каржылоодогу көйгөй, бүгүн 9 млрд. сомго барабар болуп жаткан жалпы чыгашалар, Кыргыз Республикасынын 2600 жаранынын ишсиз калуусу, «Кумтөргө» өткөрүүнү ишке ашырышкан өлкөнүн 708 компаниясынын кирешесинин жоголушу жана чыгарылышы ж.б. Кыргызстандын көйгөйүнө айланат. Бардык көйгөйлөрдү жабууга Кыргызстандын каражаты жетпейт. Кыргызстан экологиялык көйгөйлөрүндө өзү менен өзү калат. Азыркы ал-абал жана жаратылыш ресурстарына болгон мамиле сакталып калса, өлкөнүн экологиясына орду толгус зыян келтирилет. Натыйжада Кумтөрдөгү техногендик катастрофалар кыйгап өтпөйт. Мындай мурастын жүгүн биздин кийинки муундар тартышат, алар азыркы муундун татыксыздыгын кечире койбос.

Улутташтыруу болгон жагдайда

«Центерранын» акцияларынын номиналы, анын ичинде «Кыргызалтын» ААКунун камакка алынган акциялары кыйрайт.

Соттук процесстерден жеңип чыккан субъекттер өз кызыкчылыктарында калышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Центерранын» маалыматтарына ылайык, алардын кээ бирлерине ынануу кыйын, алтын менин күмүштү реализациялоодон түшкөн акча 2014-2026-жылдарда, унциясы 1350 доллар болгон баа менен алганда, 9 миллиард 555 млн. АКШ долларына барабар болот (азыркы учурда алтындын наркы төмөндөп жатканы байкалууда). 

Киреше 2 миллиард 770 млн АКШ долларын түзөт (имиш) (азыркы 22% киришелүүлүк менен алганда да, продукциянын өздүк наркы аргасыздан көтөрүлгөндө да мындай киреше алуу мүмкүн эмес).

Дүң салык - 1миллиард 238 млн. АКШ доллары.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду - 96 млн. АКШ доллары.

Операциялык чыгымдар - 3 миллиард 241 млн. АКШ доллары.

Капиталдык чыгымдар - 2 миллиард 216 млн. АКШ доллары.

Кыргыз тараптан көзөмөл астындагы же жетектөөчү оператор тарабынан ишке ашырылат.

Көрсөтүлгөн акча каражаттарын негиз кылып алганда, «Центеррага» компенсацияларынын бардык түрүн жүргүзүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык иш-чараларды ишке ашырууга жетиштүү.

Башкысы, бул токтоп калуудан чыгуунун жалгыз мүмкүнчүлүгү болушу мүмкүн.

Көптөгөн миллиарддаган карыздан келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүнчүлүгү.

Кыргызстан үчүн татыктуу жашоону баштоонун мүмкүнчүлүгү.

«Кумтөрдүн» алтыны канадалыктарды жана бир ууч коррупционерлерди байытпастан, жалпы кыргыз эли үчүн сакталат жана муундарга калтырылат.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен оң жактуу социалдык позитивдүү эффект күтүлөт жана гендердик, укук коргоо жана коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

Республикалык бюджеттен каражат талап кылынбайт.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары:

Ө. Текебаев
А. Шыкмаматов

 

 

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо

 

Киришүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Текебаев иштеп чыккан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкү беренелерине ылайык жүргүзүлдү.

1. Ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.

2. Жөнгө салуучу таасирди талдоо ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуучу жак тарабынан жүргүзүлөт жана камсыз кылынат.

3. Жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме иштеп чыгуучу жак тарабынан берилбеген учурда ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга жатат.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мүлкүн улутташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген, Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык, ишкердик ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салуунун административдик уруксат берүү тутумун колдонуу таризи менен ченемдик укуктук базаны оптималдаштырууну жүргүзүүнүн максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Талдоо каты мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгын пайда кылган жалпы көйгөйлөрдү баяндоодон, ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн башка варианттарынан, мыйзам долбоорунун иш-аракеттеги мейкиндигинин укуктук экспертизасынан, мыйзам  долбоорунун экономикалык негизинен, долбоорду жүзөгө ашыруу менен байланышкан консультацияларды жана тобокелдиктерди өткөрүүнүн жыйынтыгынан түзүлдү.

Көйгөйдү баяндоо

«Кумтөр» алтын кени алтындын запасы боюнча дүйнөдө эң ирилеринин бири жана Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы болуп саналат. Ал деңиз деңгээлинен 3500-4500 бийиктиктеги тоодо, Нарын дарыясынын башаты болгон түбөлүк тоңдукта жайгашкан. 

Кумтөр – алтындын запасы боюнча үчүнчү кен чыккан аянт. Алтын кенинин катмары 700 тоннага бааланат. Кумтөр – дүйнөдөгү бийик тоодогу эң акыркы кен чыккан жер.

Кендин курулушу 1994-жылы башталып, 1997-жылы бүткөн. 1997-жылдын майында компания алтынды коммерциялык өндүрүүгө өткөн, 1998-жылы компания алтындын биринчи миллион унциясын эритип алган.

1992-жылдын 4-декабрында Торонтодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин жана «Камеко Корпорейшн» компаниясынын ортосунда түзүлгөн коррупциялык Башкы макулдашууну түзүү жолу менен, кийинчерээк келишимге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, 2003-жылдагы кайра түзүмдөштүрүү долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын үлүшүнүн төмөндөтүлүшү менен, улуттук байлык бүт бойдон чет өлкөлүк фирманын башкаруусуна өткөрүлүп берилген. Мында:

Муну менен катар, кыргыз тараптын кызыкчылыгын “коргогон” “Стандарт Банк Лондон Лимитед” банкынын кеңешчилик кызматынын баасынын суммасы – 5 812 500 канадалык долларын түзгөн!

Кайра түзүмдөштүрүүнүн маңызы – бул «Кумтөр Голд Компани» Биргелешкен ишканасындагы «Кыргызалтын» ААКнуна (66,67 %) жана «Камеко Корпорейшн» корпорациясына (33,33 %) таандык жөнөкөй энчилүү акциялардын «Центерра Голд Инк.» эл аралык алтын казуучу компаниясындагы акциялардын тиешелүү санына алмашылышы.

Жогоруда аталган оңдоолорду эсепке алуу менен, катышкан үлүштөрдүн катышы төмөнкүдөй болуш керек болчу: кыргыз тарап – 57.7%, «Камеко Корпорейшн» - 42,3%.

2004-жылы «Кыргызалтын» саткан 57,7% акциясынын үлүшүнүн 17,34%ын кемитип салганда да, кыргыз тараптын акцияларынын үлүшү - 15.66% эмес, 40.36% болмок (акциялардын үлүшүн ишке ашыруу үчүн алтын кен долбоорун өнүктүрүү үчүн эмес, кедейчиликти кыскартуунун улуттук орто мөөнөттүү программасын жүзөгө ашырууга кеткен 86 млн АКШ доллары).

2009-жылы кайрадан каралган Инвестициялык келишимге ылайык, Кумтөр кенинин бардык калган участкалары (304 тонна алтын [9773600 унц.]) «Центерранын» 17,09% акцияларына алмашылган.

Бул бүтүм Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербейт.

2003-жылдагы кайра түзүмдөштүрүүдө накталай акчанын кыймылын баалоодо Кумтөр кенинин таза акчалай агымы 2004-2009-жылдарга божомолдонгон эсепте кабыл алынган. (пайыздарды эсептөөгө кеткен чыгымдарды чыгарып салуу менен акчалай агымдар жана каржылоо, карызды төлөө, эксплуатациялык чыгымдар, рекультивациянын чыгымы, салыктарды төлөө үчүн кеткен чыгымдар ж.б.).

Кендин божомолдонгон таза акчалай агымын эсептөө 1 тр. унциясына – 350 АКШ доллары сунушталган бааны эсепке алуу менен кабыл алынган.

Накталай акча кыймылын мындай баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн участкаларды (категориялардын запасы С12 – 20,4 тонна.) 229 551 000 АКШ доллары (655 860 унц. Х 350) деп баалоо керек эле.

2003-жылдагы кайра түзүмдөштүрүүдө геологиялык, божомол запастардын жана ресурстардын наркын баалоодо 44.72 АКШ доллары деген баа пайдаланылган. Накталай акчаны мындай баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн участкалардын баасы 407 745 333 АКШ долларын (9 117 740 унц. Х 44,72) түзүш керек эле.

Мындай жол менен жогоруда көрсөтүлгөн участкалардын наркы («Центерранын» ченемдери боюнча) 637 296 333 АКШ долларына бааланыш керек болчу.

2009-жылы акциянын 1% 2 345 508 АКШ долларына барабар болгон. Буга ылайык, Кыргызстан жогоруда көрсөтүлгөн участкалар үчүн «Центерранын» калган акцияларынын баарына ээ болуп, компаниянын 100% ээси боло алмак.

Анын ордуна, биздин өлкөнүн ошол убактагы жетекчилери калган участкаларды «Центерранын» акцияларынын 17,09%на алмаштыруу менен канааттанышкан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан компаниянын акциясынын 33%нын гана ээси болуп саналат. «Центеррадагы» Кыргызстандын акцияларынын пакети 383,6 миллион $га бааланууда.

«Центерранын» жалпы көрсөткүчтөрүндөгү Кумтөрдүн «үлүшү» (%)

2010-ж.

Кирешелер  

82,8

Операциялык ишмердүүлүк үчүн сатып алынган товарлар, сервис жана материалдар  

79,9

Чалгындоого жана иштеп чыгууга кеткен чыгымдар

38,0

Капиталдык чыгымдар

88,0

Айлык акылары, өндүрүш менен байланышкан чыгымдар

79,1

Өндүрүш менен байланышкан салыктар жана роялти

80,6

 

2011-жылдагы «Центерранын» жалпы көрсөткүчтөрүндөгү Кумтөрдүн үлүшү 92,3%га барабар болгон.

 

Учурдагы казып алуу жана экологиялык практика

Алтынды казып алуу «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана «Кыргыз Ресубликасынын Суу кодексин» бузуу менен жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында, канадалык компания айлана-чөйрөгө орду толгус экологиялык зыян, алардын ичинде Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кенди ачуу иштеринин, кен калдыктарынын тектерин ири массада жайгаштырылышынын эсебинен алардын жок болушуна алып келди. «Техногендик» селдердин, муз-таш глетчерлердин көчкүлөрүнүн болуу коркунучтары туулду.

«AMEC Earth & Environmental UK Ltd» эл аралык экспертинин ою боюнча, бош тектердин таштандыларын жайгаштыруу жана стабилдештирүү боюнча пландаштырылган долбоорусуз эле алтын кенин өздөштүрүү жүргүзүлүп баштаган, бул баштапкы практиканын көз карашынан алганда жараксыз болуп эсептелинет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын бир нече жолку талаптарына карабастан, тоо өндүрүшүнүн мөңгүлөргө тийгизүүчү таасирине байланышкан мөңгүлөрдүн ылдамдоосунун динамикасын жана жылышын, геотехникалык тобокелчиликти аныктооо үчүн болжолдуу иликтөөлөр ушул кезге чейин жок. Кыймылдагы муздун жана борпоң тоо тектеринин жок болушун жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү үчүн, геотехникалык туруксуздук жана бош тектердин таштандыларынын көзөмөлгө алынбаган кыймылы (жылмышуусу) бош тектердин жүгүн алып салуу боюнча иштердин токтотулушуна алып келди.  Ал өз кезегинде алдын-ала каралбаган миллиондогон АКШ доллары менен саналган чыгымдарга кириптер кылды. Жыйынтыгында, кенге жетишүү бир нече жолу улам кийинкиге калтырылып жана фабрикада кенди кайрадан иштеп чыгуу токтотулуп келген.

Техникалык маселелерди форс-мажордук кырдаалдарга чейин келтирүү жолу менен аларды чечүү, антпесе өндүрүштүн токтоп калышын, анын айынан мамлекеттин бюджетине кендин ишинен каражат түшпөй каларын шантаж кылуу жолу менен мамлекеттик органдардын макулдашуусуна/бекемдөөсүнө/уруксатына жетишүү өнөкөтү «Кумтөр Оперетинг Компани» (КОК) операторунун аныктоочу иш стили болуп калды.

Саясый эрктин жоктугу, шантажга (милдентенмеге) берилүү менен КОКтун тиешелүү уруксаттарын камсыз кылган аткаруу бийлигинин коррупциялык байланыштары мүмкүн болгон бардык чектерден өтүп кетти.

«Кумтөр» кениндеги кризистик абалдын баштапкы себептери болуп көрсөтүлгөн, дагы башка себептер «КОКтун» компетенттүүлүгүнө, «Центерранын» ак ниеттүүлүгүнө шек жаратуучу олуттуу негиз болуп саналат.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу себептери

«Ак-Кеме» отелинин айланасындагы мүлк талаш-тартышы боюнча 2012-жылдын 17-августундагы «Sistem Muhendishlik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S.» түрк компаниясынын доосун камсыздоодо «Центеррадагы» «Кыргызалтындын» 11 миллион $ суммадагы акциясы камакка алынган.

2014-жылдын 14-октябрында «Stans Energy Corp.» канадалык тоо кен казуучу компаниясынын талабы менен «Кутессай II» сейрек кездешүүчү металлдар кенинин айланасындагы чарбалык талаш-тартыштар боюнча суммасы 233,1 миллион $ камакка алынган. Бул «Центеррадагы» акциялардын 60% 47 миллион акцияга барабар.

Париждеги (Франция) эл аралык арбитраждык сот «Манас Банк» ЖАКунун ээси Валерий Белоконго банктын экспроприацияланышы үчүн 16,5 миллион $ төлөөнү милдеттендирген. Болоконь активдерин камакка өткөрүп берүүдөн мурун кыргыз өкмөтүнөн жооп күтүп жатат.

Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, мындан келип чыккан бардык жыйынтыктары менен кошо камакка алынат.

Кыргызстан толугу менен Кумтөрдү жоготот жана өзүнүн камакта турган активдерине карата кандайдыр-бир чара көрүүдө күчсүз болуп калат.

Азыркы кезде Кыргызстандын канадалык өнөктөшү менен «Центерра» компаниясынын ортосунда эки тарапка тең пайдалуу консенсуска жетишүүгө болгон бардык аракеттер каалагандай жыйынтыктарды бербей жатат. Мындай жол менен, Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо үчүн, улутташтыруудан башка, көйгөйдү чечүүнүн башка варианттары калбай калганда «Кумтөр» маселеси «Рубиконду» басып өттү.

2005-жылдын 24-мартындагы революциядан жана А.Акаевди кулаткандан кийин өлкөнүн парламентинде кенди улутташтыруу жөнүндөгү маселе көтөрүлгөн. Бирок, президент К.Бакиев Кумтөрдү улутташтыруу маселесине «тормоз» койгон.

2010-жылдагы экинчи революциядан кийин кенди улутташтыруу тууралу маселе талкуунун предмети болуп калган. 2013-жылдын февралында Кыргызстандын парламенти 2009-жылдагы «Кумтөр» келишимин кайра кароо боюнча мамлекеттик комиссиянын сунушун колдоого алган. Өкмөткө «Центерра» менен макулдашууну Кыргызстандын пайдасына кайрадан карап чыгуу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы №3806-V  токтому менен, 2014-жылдын 18-январындагы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоонун шарттары жөнүндөгү макулдашуудан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылган:

- эксперттик коомдоштукту тартуу менен тиешелүү финансылык-экономикалык эсептерди жана юридикалык кесепеттерди аныктоону өткөрүү, окуялардын өнүгүшүнүн варианттарын иштеп чыгуу аркылуу «Кумтөр» долбооруна карата колдонула турган стратегиялык объектилерди улутташтыруунун эл аралык практикасын кошумча изилдөөнү жүргүзсүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 3 айлык мөөнөттө киргизсин.

Өкмөт ушул кезге чейин көрсөтүлгөн чечим боюнча жыйынтыктарын Жогорку Кеңештин кароосуна бере элек.

Улутташтыруунун негиздери жана себеби

Улутташтыруунун максаты:

- коомдук кызыкчылыктарда өлкө үчүн стратегиялык мманиге ээ «Кумтөр» долбоорунун иштөөсүн камсыз кылуу;

- экологиялык коопсуздукту камсыздоо.

 

Улутташтыруунун негиздери:

- Түзүлгөн келишимдердин коррупциялашкандыгынан улам өлкөнүн экономикалык жана улуттук-мамлекеттик коопсуздугу коркунучу;

- курчап турган чөйрөнүн булганышы.

 

Укуктук талдоо

Мамлекеттин улутташтырууга болгон укугу, анын ичинде өзүнүн табийгый ресурстарын жана байлыктарын өз алдынча тескөө, БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир нече резолюцияларында бекемделген.

  1. 1952-жылдын 21-декабрындагы №626 «Табийгый ресурстарын жана байлыктарын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө» БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  2. 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  3. 1973-жылдын 17-декабрындагы №3171 (XXVIII) “Табийгый ресурстардын үстүнөн туруктуу эгемендүүлүк жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  4. 1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) “Жаңы эл аралык экономикалык тартипти орнотуу тууралу Декларация жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.
  5. 1974-жылдын 12-декабрындагы №3281 (XXIX) “Мамлекеттердин экономикалык укуктарынын жана милдеттеринин хартиясы жөнүндө” БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы.

1962-жылдын 14-декабрындагы “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын №1803 (XVII) Резолюциясында мындай деп айтылат:

“1. Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүккө болгон элдердин жана улуттардын укугу тиешелүү мамлекеттердин улуттук өнүгүшүнүн жана калкынын жыргалчылыгынын кызыкчылыгында ишке ашырылышы керек”.

“4. Улутташтыруу, экспроприация же реквизиция, жарандардын да, чет өлкөлүктөрдүн да жеке жана тийиштүү кызыкчылыктарына караганда маанилүүрөөк деп таанылган коомдук пайданын, коопсуздуктун жана улуттук кызыкчылыктардын түшүнүктөрүнө же себептерине негизделеши керек...”

Көптөгөн мамлекеттер бул укугунан пайдаланышкан. Буга араб өлкөлөрү, Түштүк Американын мамлекеттери өздөрүнүн жаратылыш ресурстарынын аркасында жакырчылыктан чыгып гана тим болбостон, өнүккөн өлкөлөрдөн болуп калышты.

Ошентип, азыркы эл аралык укуктун көз карашынан алганда, өз менчигин, анын ичинде чет өлкөлүк жарандардын жана компаниялардын менчигин улутташтырууну ишке ашыруу эгемен мамлекеттин өзүнүн талашсыз укугу болуп саналат.

1974-жылдын 1-майындагы №3201 (S-VI) БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында (4-пункттун “е” пунктчасы) бардык мамлекеттерге табийгый байлыктарга тиешелүү тигил же бул мамлекеттин эгемен укуктарын ишке ашырууга жолтоо болуу максатындагы түз же кыйыр аракеттерден өзүн тыюу сунушталат.

Улутташтырууну ишке ашыруу мамлекеттин ички компетенциясына тийиштүү болгондуктан, бир дагы эл аралык орган чет өлкөлүктөрдүн менчигин улутташтыруу боюнча чараларды талкуулай албайт. Улутташтырууну жүргүзүүнүн шарттары эл аралык укук менен эмес, улутташтырууну ишке ашырып жаткан мамлекеттин укугу менен аныкталат.

Бул абал, мисал үчүн, Англис-Иран нефти компаниясын Ирандын улутташтыруусуна байланыштуу (1951-ж.) Улуу Британиянын өкмөтүнүн даттануусун кароого БУУнун Эл аралык соту өзүн компетенттүү эмес деп тапкан чечиминде тастыкталган.

Каржылык-экономикалык талдоо

«Кумтөр» долбоорун улутташтыруу боюнча баары эле көз караштарын билдире беришпейт. Улутташтырууга каршылар бул маселени таптакыр четке кагышат. Мисалы: 

 “Кумтөрдү” улутташтырууда бир жолку төлөмдөр гана  766 миллион долларды түзөт” ...

Центтерранын рыноктук баасы 1 миллиард 650 миллион долларды түзөт. Улутташтырууда Кыргызстан акциялардын 33 пайызы үчүн бир жолу 766 миллион доллар төлөп бериши керек.

“Инвестор” өзүнүн катында, эгерде биз улутташтырууга бара турган болсок, алынбай калган пайданы жана салынган каражаттарды төлөп берүүгө тийишпиз”.

(КРнын Экс-премьер министри Ж.Сатыбалдиев. ИА 24.кg)

“Центерраны” улутташтыруу керек экендигин эч ким сунуштаган жок. “Кумтөр” долбоорун ишке ашырган “КГК” компаниясынын мүлкү боюнча гана улутташтыруу жөнүндө маселе каралышы мүмкүн. Ал эми келтирилген зыяндын өлчөмү жөнүндө айта турган болсок, ал “Центерра” тарабынан салынган каражаттардын алкактарында гана эсептелүүгө тийиш. Колдон чыгарылган пайдага тийиштүү маселе эки жактуу. Ар бир тараптын бири-бирине коё турган талаптары бар.

“Инвестор 1 миллиард доллар салып, фабрика курду, жабдууларды жана техникаларды алды, алардын алынбай калган пайдасы 2 миллиардды түзөт. 3 млрд. бул биз төлөп бере турган эң аз сумма”. (КРнын Экс-премьер министри Ж.Сатыбалдиев. ИА 24.кg)

Долбоорго инвестицияларга байланыштуу “Кумтөр” долбоорунун тарыхында өзүнүн акча каражаттарын салган бирден бир инвестор “Камеко” компаниясы, ал “Кумтөр” кенин чалгындоого жана иштетүүгө байланыштуу чыгымдарга акы төлөөгө 45 млн. АКШ долларын салган. Алардын ичинен, башкы макулдашуунун 3,4 (b) параграфына ылайык “30 млн. АКШ долларын Кыргызстандын Өкмөтүнүн атынан көрсөткөн. Калган 452,5 млн. АКШ доллары суммасындагы каражаттар “КГК” ЖЧКсынын зайымдык каражаттары болгон. Алардын ичинен негизги зайым коммерциялык банктардын синдикаты тарабынан көрсөтүлгөн:

-“Чейз Монхеттенг банкы” башында турган 155 млн. АКШ доллары (ОPIG) саясий тобокелдигинен камсыздандырууну эсепке алуу менен (ЛИБОР+2,9% пайыздык ставка менен);

-Канаданын Экспортун өнүктүрүү боюнча корпорация – 50 млн. АКШ доллары (ЛИБОР+3,0% пайыздык ставка менен);

-Эл аралык финансы корпорациясы 30 млн. АКШ доллары (ЛИБОР+3,0% пайыздык ставка менен);

-Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы 30 млн. АКШ доллары (ЛИБОР+3,0% пайыздык ставка менен);

Бардыгы – 265 млн. АКШ доллары.

Субординацияланган (баш ийген) зайым төмөндөгүдөй берилген:

-Эл аралык финансы корпорациясы тарабынан – 10 млн. АКШ доллары (пайыздын ставкасы эсептик болгон жана айрым жылдары жылына 15 %дан ашкан);

-Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан – 10 млн. АКШ доллары (пайыздын ставкасы эсептик болгон жана айрым жылдары жылына 15 %дан ашкан);

-“Камеко” корпорациясы тарабынан (акционердик зайым) – 107,5 млн. АКШ доллары (ЛИБОР+6,0% пайыздык ставка менен);

-бардыгы – 127,5 млн. АКШ доллары.

Жалпы зайымдык каражаттар – 392,5 млн. АКШ доллары.

“Кумтөр” долбоорун кошумча каржылоо – 15 млн. АКШ доллары;

Курулуштун жалпы баасы – 452,5 млн. АКШ доллары.

Курулуштун баасы Өкмөттүк комиссия жана Өкмөттүн 1998-жылдын 15-июлундагы № 470 токтому менен бүткөрүлгөн иштердин фактысы боюнча тастыкталган.

Кредиттерди кайтарып берүүнү тараптардын үлүштөрүн эске алуу менен “КГК” ЖЧКсы жүзөгө ашырган.

Натыйжада, “Кумтөр” долбоорунун инвестору 66,67% көлөмүндө кыргыз тарабы жана 33,33% көлөмүндө “Камеко” болуп саналат.

“Центерранын” инвестициялары – бул “Кумтөрдүн” алтынын жана күмүшүн сатуудан түшкөн кошумча каржылоо болуп саналат, Центерранын, анын ичинде Кыргызалтын ЖЧКсынын акционерлери өз каражаттарынан долбоорго бир да цент кошкон эмес.

Соттук доо доолашуулар болгону компенсацияга гана тиешелүү болушу мүмкүн, мындай маселе пайда болгон жагдайда улутташтырган мамлекет жана анын соттору тарабынан ички укукка ылайык жөнгө салынышы керек. “Табийгый ресурстардын үстүнөн тартып алгыс эгемендүүлүк” БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1962-жылдын 14-декабрындагы №1803 (XVII) Резолюциясында айтылгандай, улутташтыруу болсо:

«4. … өз эгемендүүлүгүн турмушка ашыруу үчүн чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин эрежелерине жана эл аралык укуктарга ылайык ээсине тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Компенсация жөнүндөгү маселе талаш жараткан бардык жагдайларда бул чараларды кабыл алып жаткан мамлекеттин улуттук соттук инстанцияларында аны чечүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылат. Бирок, кызыкдар эгемен өлкөлөрдүн жана кызыкдар жактардын макулдашуусу боюнча талаш-тартыштар арбитраждык тартипте же эл аралык соттук чечимдер менен жөнгө салынышы керек».

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы бир дагы адам компенсациянын зарылдыгы тууралу маселени четке каккан жок. Мамлекеттердин өзүнүн компенсациянын түрүн жана өлчөмүн аныктоо укугу БУУнун Башкы Ассамблеясынын №3171/1973 Резолюциясында бекемделгендиктен, «төлөп берүүнү» аныктоо бөлөк маселе. 01.06.1972 №59 «Ирак петролеум компаниясын» улутташтыруу жөнүндөгү» Ирак Мыйзамынын 3-беренесинде компаниянын карыздарын (салыктар, операциялар менен байланышкан жергиликтүү карыздар) жана Ирак мамлекетине тиешелүү сумманы кемитүү менен, ага Ирак мамлекети компенсация төлөп берери көрсөтүлгөнүн мисалга алуу ашыктык кылбайт.

Улутташтыруунун оппоненттери компенсациянын ар кандай суммаларын көрсөтүп, алар өлкөнүн жылдык кирешеси менен, келип чыккан бардык терс натыйжалары менен салыштырмалуу 3 млрд. АКШ долларын белгилеп жатышат.

Мыйзам долбооруна ылайык, «КГКнин» мүлкү улутташтырууга жатат. Буга жараша, компенсациянын өлчөмү «КГКнин» автивдеринин алкагында каралышы мүмкүн. «КГК» ЖАКунун 2012-жылдагы бухгалтердик балансы узак мөөнөттөгү активинин суммасы 524.389 миң АКШ долларына барабар болгонун көрсөтөт. Анын ичинен негизги каражат - 505.692 миң АКШ доллары. Анын ичинде төлөп берүүгө жатпаган рекультивацияга каралган трасттык фонддун (11 миллион 328 миң АКШ доллары), алдын-ала төгүлгөн чыгымдардын (7 миллион 369 миң АКШ доллары) келип чыгуу себептерин компенсациянын өлчөмүн так эсептеп чыгаруу процессинде айкындоого мүмкүн болот. Кыска мөөнөттүү активдер текке кеткен пайданы эсептөөдө эсепке алынышы мүмкүн.

Мында төмөнкүлөрдү эске алуу керек. «Центерра» өзүн «КГК» ЖАКунун мүлкүнүн 100% ээси деп саноого укуктуу эмес. 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун кайра түзүмдөштүргөндө, «Кыргызалтын» ЖАКуна 66.67% өлчөмүндөгү үлүш тиешелүү болгон «КГК» ЖАКунун активиндеги негизги каражаттар «Центеррадагы» акцияларга алмашылбаганы эске алынуусу керек. «Кыргызалтын» ЖАКнун «КГК» ЖАКунун активиндеги үлүшү «Центерранын» акцияларына конвертирленбеген. Буга ылайык, «Кыргызалтын» ЖАКнун «КГК» ЖАКунун активиндеги үлүшү сакталып калган. Мындан сырткары, «Центерра» компаниясы сатып алуу жолу менен «КГКнин» үлүшүн алган эмес.

Мындай жол менен, 2012-жылдагы бухгалтердик маалыматтарды негиз кылып алсак, анда «КГК» ЖАКнун негизги каражаттарындагы 335.62 млн. АКШ доллары «Кыргызалтын» ЖАКна, ал эми 170.1 млн. АКШ доллары  «Центеррага» тийиштүү. «Центеррага» компенсациянын өлчөмү алардын үлүшүнүн алкагында каралышы мүмкүн.

«Центерра» колдон чыгарылган пайда боюнча эсептерин көрсөткөн учурда, кыргыз тарап ага каршы 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун коррупциялык кайра түзүмдөштүрүүдөн келип чыккан Кыргызстандын колдон чыгарылган пайдасы боюнча жана алардын Кумтөрдүн айлана-чөйрөсүнө келтирген зыянына тийиштүү эсепти чыгарып көрсөтүүгө укуктуу.

Мындай жол менен, улутташтыруунун оппоненттери эгерде компенсациянын өлчөмү 1-3 млрд. АКШ долларына барабар деп эсептесе, улутташтыруу «Кумтөр» долбоорундагы өндүрүштү токтотот деп санагандай, алардын өтө сыпайы эмес экендигин көрсөтөт.

Улутташтыруу - долбоорду жоготуу, же токтотуу эмес, болгону ээсинин алмашуусу. Эгер улутташтыргандан кийин канадалыктар кетип калса, Кумтөрдү иштетүү үчүн алтынды казып алууну билген, тажрыйбасы бар башка операторду чакырууга болот. Мындан сырткары, «Кумтөр» долбоорунда он жылдап иштеген кыргызстандык бардык жумушчулар жана инженерлердин көпчүлүгү алтын казып алуу боюнча тажрыйба алышты, менеджмент боюнча практикалык сабактарды өздөштүрүштү, алтын өндүрүүнүн технологиясын үйрөнүштү.

Чечүүнүн варианттары

1-вариант. Азыркы абалды өзгөрүүсүз калтыруу, б.а. мыйзам долбоорун четке кагуу

Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, мындан келип чыккан бардык жыйынтыктары менен кошо камакка алынат.

Кыргызстан толугу менен Кумтөрдү жоготот жана өзүнүн камакта турган активдерине карата кандайдыр-бир чара көрүүдө күчсүз болуп калат.

 Бардык соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин, «Кыргызалтын» ААКунун «Центеррадагы» акциялары, андан келип чыккан бардык жыйынтыктар камакка алынат.

Эртеби, кечпи «Центерра» долбоордон кетет.

Эртеби, кечпи «Кумтөр» менен байланышкан бардык көйгөйлөр келип чыккан күн келет, анын ичинде бюджеттик каржылоодогу көйгөй, бүгүн 9 млрд. сомго барабар болуп жаткан жалпы чыгашалар, Кыргыз Республикасынын 2600 жаранынын жумушсуз калуусу, «Кумтөргө» өткөрүүнү ишке ашырышкан өлкөнүн 708 компаниясынын кирешесинин жоголушу жана чыгарылышы ж.б. Кыргызстандын көйгөйүнө айланат.

Бардык көйгөйлөрдү жабууга Кыргызстандын каражаты жетпейт.

Кыргызстан экологиялык көйгөйлөрүндө өзү менен өзү калат. Азыркы ал-абал жана жаратылыш ресурстарына болгон мамиле сакталып калса, өлкөнүн экологиясына орду толгус зыян келтирилет. Натыйжада, Кумтөрдөгү техногендик катастрофалар кыйгап өтпөйт. Мындай мурастын жүгүн биздин кийинки муундар тартышат, алар азыркы муундун татыксыздыгын кечире койбос.

 

2-вариант. Улутташтыруу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу

Мыйзам долбоору кабыл алынбаган кырдаалда

«Центерранын» акцияларынын номиналы, анын ичинде «Кыргызалтын» ААКунун камакка алынган акциялары кыйрайт.

Соттук процесстерден жеңип чыккан субъектилер өз кызыкчылыктарында калышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана «Центерранын» маалыматтарына ылайык, алардын кээ бирлерине ынануу кыйын, алтын менен күмүштү сатуудан түшкөн акча 2014-жылдан баштап 2026-жылга чейин, унциясы 1350 доллар болгон баа менен алганда, 9 миллиард 555 млн. АКШ долларына барабар болот (алтындын наркы - талаш маселе). 

Болжолдонгон киреше 2 миллиард 770 млн АКШ долларын түзөт (жогорку киришелүүлүк (22%) сакталып калса да, продукциянын өздүк наркы аргасыздан көтөрүлгөндө да, мындай көрсөткүч күмөн туудурат).

Дүң салык - 1миллиард 238 млн. АКШ доллары.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду - 96 млн. АКШ доллары.

3 миллиард 241 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү операциялык чыгымдар жана 2 миллиард 216 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү капиталдык чыгымдар кыргыз тараптан көзөмөл астындагы же жетектөөчү оператор тарабынан ишке ашырылат.

Бул жагдайда накталай акча каражаты «Центеррага» компенсацияларынын бардык түрүн жүргүзүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жетиштүү болот.

Ишкердүүлүктүн (жеке уюмдардын) чыгымдары - жок.

Чарбакер субъектилердин пайдалары – жок.

Мыйзамдарды сактоо менен байланышкан чыгымдар – жок.

Жоготуулар тобокелдиги – чечимдерди кабыл алуудагы ыкчамдык жоголгон жагдайда; жетектөөчү кызматтарды дайындоодогу каталар; кесипкөй эмес операторду тондоо; коррупциялык схемалардын пайда болушу мүмкүн.

Мамлекеттин чыгымдары – компенсацияларды төлөө, соттук талаш-тартыштар болсо, анын чыгымдары.

Мыйзамды кабыл алуунун натыйжасы

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн толукталышына жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу мүмкүндүк берет.