Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA» долбоору – Кыргыз Республикасы) жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна карата ЧЕЧИМИ

13-06-2018 11:47

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA» долбоору – Кыргыз Республикасы) жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна карата

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA» долбоору – Кыргыз Республикасы) жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругун карап жана талкуулап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бул долбоордун негизги максаты жеке сектордун инвестицияларын инфраструктурага стимулдаштыруу жана мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана ченемдик-укуктук жөнгө салуу аркылуу деңизге чыгуусу болбогон Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Түштүк Азиянын бир бөлүгүндө Интернетке кеңири тилкелүү жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн региондук жана чек ара аралык ыкманы киргизүү болуп саналат.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлүүчү финансылоо жөнүндө макулдашуунун долбооруна ылайык каражаттар товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, долбоордун компоненттерин иштеп чыгуу үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну финансылоого, операциялык чыгымдарга жана иштеп чыгуучу агенттиктин жана долбоорду ишке ашырууга тартылган башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутууга жумшалат.

«Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун каржылоо жөнүндө Келишимдин шарттары боюнча Кыргыз Республикасына 50 млн. АКШ доллары бөлүнөт. Бул сумманын ичинен 25 млн. АКШ доллары грант жана 25 млн. АКШ доллары 1,5625 % жылдык пайыз менен кредит болуп саналат. Кредит 6 жылда тындыруунун 0% ставкасы менен 38 жылга жеңилдетилген мөөнөт менен бөлүнөт.

Каржылоо жөнүндө Келишим долбоорунун шарттары боюнча кредитти төлөө 2024-жылдын 15-апрелинен башталат. Кредиттин пайыздык өлчөмү кредитти тейлөө үчүн эсептелген пайыздык өлчөмгө тиешеси жок жана өзүнчө каралат.

Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA» долбоору – Кыргыз Республикасы) жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде жана ведомстволорунда макулдашуудан өттү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Макулдашуунун «Ассоциациянын укуктарын коргоо чаралары» деген IV главасынын 4.01-пунктунун баяндалышына байланыштуу «Алуучу» тарабынан тобокелдиктин болушуна көңүл бурду.

Мындан тышкары, депутаттар талкуунун жүрүшүндө Макулдашуунун долбоору Кыргызстан үчүн пайдасыз, көпчүлүк пункттар оңдоп-түзөөнү талап кылат белгиледи.

Атап айтканда, депутаттар М.Э. Мавлянова, Н.К. Алимбеков, У.З. Ормонов, А.М. Эргешев, М.А. Аманкулов, С.М. Джураев жана Жунус уулу Алтынбек Макулдашуунун ушул долбоорунун өлкө үчүн пайдасыздыгы жана аны жеткире иштеп чыгуу зарылчылыгы жөнүндө баса белгиледи. Ошондой эле алар бул Макулдашууну андан ары ишке ашырууда «Кыргызтелекомду» негизги оператор деп аныктоону Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетине сунуш кылды.

Депутат К.М. Жумалиев буларга көңүл бурду: Макулдашуунун бул долбоорунда 1 жана 2-компонеттер колдоого арзыйт, ал эми 3 жана 4-компонеттерди алып салуу зарыл.

Депутаттар Р.Ч. Момбеков менен Б.У. Сыдыков өзгөчө пикирин айтты, алар Макулдашуунун бул долбооруна каршы чыкты, анын Республика үчүн пайдасыдыгын, аны ишке ашыруу кредиттер боюнча учурдагы кыйла карыздардын учурунда өлкөнүн финансылык абалына кошумча жүк болуп калаарын жүйөлөштүрдү.

Макулдашуунун акыркы вариантын бекитүү учурунда чыгымдардын «Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр» беренесин кайра карап чыгуу зарыл, анткени сунуш кылынып жаткан сумма кыйла жогорулатылган.

     Баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

  1. Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Финансылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA» долбоору – Кыргыз Республикасы) жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору Комитеттин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жактырылсын.

2. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

Төраганын                                                                               

орун басары                                   Жунус уулу Алтынбек