Зулпукаров Төрөбай Закирович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-89-37

1974–жылдын 19–январында Ош облусуна караштуу Ноокат районун Кара-Таш айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2000–жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «тарых» адистиги боюнча, Ош мамлекеттик университетинин Укук тануу факультетинин «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1994–жылы (1997–жылга чейин) Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында спорттук даярдоо боюнча инструктор болуп иштөөдөн баштаган. Спорттун кармашып урушуу (рукопашный бой) түрү боюнча чебери, 2-дан кара курдун ээси.

1998 – жылдан 2010 – жылдын 10 – ноябрына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.

2010 – жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланган.

2015–жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын  тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын жетекчисинин орун басарлыгына бекитилген.

Үй-бүлөлүү, эки уул жана эки кыздын атасы.