"Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутат Камила Талиева “Бирдей мүмкүнчүлүктөргө – чек жок” аталышындагы иш-чарага катышты

20-12-2022 12:57

Бүгүн, 2022-жылдын 20-декабрь кунү Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын  депутат Камила Талиева “Бирдей мүмкүнчүлүктөргө – чек жок” аталышындагы иш-чарага катышты. 

Иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу маселелери талкууланып, анын ичинен эмгек рыногуна инклюзивдүүлүктү киргизүү жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу сөз болду. 

Жыйында сөз сүйлөгөн депутат Камила Талиева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ошондой эле коомдук жана эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жогору баасын берип: “Анын ичинен "Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик окутуу” долбоору ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн өтө маанилүү. Айрыкча, майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу өнөктүгүн колдоого алган иш берүүчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем. Анткени, биз бири-бирибизди колдогондо гана ийгиликке жетип, өнүккөн өлкөнү кура алабыз”, – деди. 

Муну менен катар иш берүүчүлөр арасында өткөн “Чексиз” аталышындагы онлайн-сурамжылоонун жыйынтыгында тандалып алынган ишкерлерге атайын сыйлыктарды тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары, бир катар министрликтердин, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.