2018-жылдын 11-декабрынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын ПРОТОКОЛУ

16-01-2019 09:38

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Комитетинин жыйынынын

ПРОТОКОЛУ

2018-жылдын 11-декабры                                                         14саат 00 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин батыш залы (1-кабат).

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын

                                                                                   Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана

                                                                                   фискалдык саясат боюнча Комитетинин төрагасы

                                                                                   С. Айдаров

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Айдаров С.А., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Арапбаев А.А., Абжалиев А.Т.,  Гайпкулов И.Т., Сурабалдиева Э.Ж., Мамашова А.Т.,Осмонова А.Ш., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У. (кенеш добуш менен).

Бардыгы: 11-депутат, анын ичинде 1-депутат, кеңеш добуш менен.

Жыйналышка Комитеттин мүчөлөрүнүн ичинде катышпаган депутаттар:

 Алыбаев О.А. (ишеним добуш С.Айдаровдо), Юсуров А.Л., (ишеним добуш С.Айдаровдо).

 

Жыйналышка чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Эргешов Алмазбек Манасбекович,Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович (орун басары Асылкулов И.Э. келди), Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович,Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамирбек улуу Максат, “Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы – Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

 

Кун тартиби негиз катары добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Күн тартиби:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому менен жактырылган «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.К.Назаров, А.Т.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөнов, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев и Ж.Б.Исаевдер тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-22892/18 21.11.18-ж.)

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Эргешов Алмазбек Манасбекович.

Чакырылгандар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы №530 токтому менен жактырылган «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Осмонбетов Эмил Кубатович.

 

5. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка), ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү ишканалары жүзөгө ашырган экономикалык иштердин түрлөрүнүн  тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы – Абжапаров Тенизбек Жусупбекович.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-октябрындагы №501 токтому менен жактырылган «Туризм жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору - министрдин орун басары – Дамирбек улуу Максат.

 

8. “Гарантиялык фонд” Ачык акционердик коомунун (ААК) 2016-жылдын декабрь айынан тартып 2018-жылдын 30-ноябрына чийинки ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат.

Баяндамачы: “Гарантиялык фонд” ААКнун төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасович.

 

9. Ар кандай маселелер.

 

ЖАК “Кызыл-Кыя цемент” ишканасын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын карамагынан Ош облусунун Ноокат районунун карамагына берүү жөнүндөгү маселени аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу алдын ала маалымат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 226- VI протоколдук тапшырманын аткарылышы боюнча (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов, К.Орозова, К.Баймуратов, С.Джураев жана З.Жамалдинов Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна берүү жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн кабыл алган токтому боюнча маселени көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары –Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна жана Осмонова Айнура Шермаматовна.

 

Күн тартиби боюнча сунуштар : Комитеттин төрагасы С.Айдаров 7-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады, депутат Арапбаев кошумча маселени киргизүүнү суранды,Өкмөтүн өкүлү  4-маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады, депутат Тулендыбаев 8-маселени кийинкиге жылдырууну сунуштады.

Сунуштар менен күн тартиби кайрадан добушка коюлду.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

Кун тартибиндеги маселелер:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы №175 токтому менен жактырылган «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кайрадан экинчи окууга).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы – Онолбеков Алмаз Мадылбекович.

Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-февралындагы №87 токтому менен жактырылган «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (экинчи окууга).

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы – Муканбетов Санжар Турдукожоевич.

Суроо берди: Арапбаев. Жооп берди: Таиров Б.Д. (Кыргыз Республиасынын Өкмөтүнүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулука каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансовый полициянын) төрагасы).

Комитет Арапбаевдин сунушун эске алуу менен жана финполицияны Жогорку Кеңештин палатасына кошумча баяндамачы катары чакыруу менен жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары А.М.Эргешов, А.К.Назаров, А.Т.Масабиров, Н.К.Алимбеков, Д.А.Джумабеков, С.А.Айдаров, А.Б.Баатырбеков, К.С.Нурматов, К.К.Исаев, О.А.Алыбаев, Д.Э.Төлөнов, А.А.Турсунбаев, У.О.Самаев, А.С.Токторов, Р.Н.Чойбеков, Т.К.Конушбаев и Ж.Б.Исаевдер тарабынан демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору (кир. № 6-22892/18 21.11.18-ж.)

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты – Эргешов Алмазбек Манасбекович.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары – Асылбаев Искендер Эсенгельдиевич.

Сунуш берди: Арапбаев. Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

4. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка), ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү ишканалары жүзөгө ашырган экономикалык иштердин түрлөрүнүн  тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору.

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Экономика министри – Панкратов Олег Михайлович.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары –Асылбаев Искендер Эсенгельдиевич.

Суроо, сунуш берди: Арапбаев, Жапаров, Тулендыбаев, Асылбаева, Бекешев.

Жооп берди: Кадыров Д. (экономика министринин орун басары).

Комитет Жапаровдун сунушу менен макулдугун берди.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

5. Депутат Арапбаев сунушу боюнча чечим кабыл алынды добуш менен.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №292 токтому менен жактырылган «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

Баяндамачы: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы – Ирсалиев Медер Эсенгулович.

Суроо, сунуш берди: Арапбаев, Бекешев, Жапаров, Сурабалдиева, Гайпкулов. Комитет жактырды.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

7. Кошумча маселе: жеке менчик нотариустардын маселеси боюнча. Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Арапбаев А.А., Кыргыз Республикасынын нотариалдык палатасынын төрайымы Алсеитова Д.Ч.

 

Суроо-жоопко катышты: финансы министринин орун басары Азимов, юстиция министринин орун басары, Гайпкулов, Бекешев, Жапаров, Айдаров. Комитет  тиешелүү чечим  кабыл алды (финансы министрилиги жана юстиция министрлиги 2018-жылдын 25-декабрына чейин чечим кабыл алсын).

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –баардыгы, каршы жана калыс жок.

 

8. Ар кандай маселелер.

ЖАК “Кызыл-Кыя цемент” ишканасын Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын карамагынан Ош облусунун Ноокат районунун карамагына берүү жөнүндөгү маселени аныктап чыгуу боюнча жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу алдын ала маалымат (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы № 226- VI протоколдук тапшырманын аткарылышы боюнча (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Мадеминов, К.Орозова, К.Баймуратов, С.Джураев жана З.Жамалдинов Кызыл-Кыя цемент заводун Ош облусуна берүү жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн кабыл алган токтому боюнча маселени көтөргөн).

Баяндамачылар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары –Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна жана Осмонова Айнура Шермаматовна.

9. Кошумча маселе (депутат Жапаровдун сунушу менен): “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча презентация.

Баяндамачы: юрист- Каликова Гульнара Аманжоловна жана депутат Жапаров Акылбек Усенбекович.

Сунуш: депутат Осмонова А.Ш.

 

 

 

Экономикалык жана

фискалдык саясат боюнча

Комитеттин төрагасы                                                                  С. Айдаров

 

протокол жүргүздү                                                                        Сабырбекова Ы.С.