ДЕМИЛГЕЧИЛЕР: Жогорку Кеңештин депутаттары Г.А. Скрипкина, Д.Д. Бекешев, А.А. Алтыбаева, М.К. Жеенчороев, У.Т. Кыдыралиев, Д.А. Джумабеков, Т.Б. Исакунова, М.И. Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж. Акматов, А.Н. Шыкмаматов
Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүңүз akismailov@adm.gov.kg, m.sarymsakov@adm.gov.kg, civic@platforma.kg же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 66-28-62
Каттоо номери: № 6-18135/16 29.06.16
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Шайлоого катыштырууга же катыштырбоого, ошондой эле өз эркин билдирүүгө мажбурлоо максатында жарандарга таасир көрсөтүүгө эч кимдин укугу жок.”;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: “Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлануу жана аларды шайлоо укугун ишке ашырууда аялдарга жана эркектерге бирдей мүмкүндүктөр камсыз кылынат.”;
2) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк “саясий партия,” деген сөздөрдөн кийин “шайлоо мыйзамдары жана шайлоолор, ошондой эле адам укугун коргоо жаатындагы маселелери боюнча адистешкен” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүктүн 9-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
3) 11-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
“45” деген цифралар “55” деген цифралар менен алмаштырылсын;
“ар бир участкада 2500 шайлоочудан ашпаган эсебинде” деген сөздөр алып салынсын;
б) 3-бөлүк “күндөн тартып” деген сөздөрдөн кийин “бир эле учурда аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берип,” деген сөздөр менен толукталсын;
4) 13-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацтын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо жана кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясы бул арызды тиешелүү аймактагы шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторуна кечиктирбестен берет.”;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Бул арызга жоопту шайлоочулардын тизмесине киргизилген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн баштап 2 календардык күндөн кечиктирбестен андан ары шайлоочуга жооп берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү аймактагы шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторуна жиберилет.”;
5) 16-беренеде:
а) расмий тилдеги тексттин 2-бөлүгүндөгү “не более 7” деген сөздөр жана цифра “не менее 7” деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги тексттин 6-бөлүгүнүн 6-пунктундагы “шайлоочулардын тобуна,” деген сөздөр алып салынсын;
6) 22-беренеде:
17-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
19-бөлүктүн биринчи абзацындагы “Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген” деген сөздөр алып салынсын;
7) 24-беренеде:
а) 1, 2, 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын;
б) 4-бөлүктүн биринчи абзацында:
үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдиктүү болууга тийиш.”;
расмий тилдеги тексттин төртүнчү сүйлөмүндөгү “каждые” деген сөз “каждый” деген сөз менен алмаштырылсын;
8) 25-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Адистештирилген басылмалар (балдар, техникалык, илимий жана башка) үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана формада болбосун толук катышпаган шартта кандай гана болбосун үгүт материалдарын жарылоодон баш тартууга жол берилет.”;
9) мамлекеттик тилдеги тексттин 29-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн,” деген сөздөр алып салынсын;
10) 30-беренеде:
а) 5-бөлүк “аты-жөндөрү” деген сөздөн кийин “алфавиттик тартипте” деген сөздөр менен толукталсын;
б) 10-бөлүктөгү “мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын” деген сөздөр “кеминде 3 мүчөсүнүн” деген сөздөр жана цифра менен алмыштырылсын;
в) 13-бөлүктөгү “10” деген цифралар “5” деген цифра менен алмаштырылсын;
11) 31-берененин 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“8. Шайлоо бюллетендерин бергенде чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине каттайт жана шайлоо бюлеттенин бергендиги жөнүндө кол коёт.”;
12) 33-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги тексттин 5-бөлүгүндөгү “шайлоочунун топторунун,” жана “талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун,” деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү “кол коёт,” деген сөздөрдөн кийин “, ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетенин бергендиги жөнүндө кол коёт”;
в) мамлекеттик тилдеги тексттин 9-бөлүгүндөгү “талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун” деген сөздөр алып салынсын;
13) 36-беренеде:
а) 17-бөлүк “шайлоо комиссиясы түзгөн актылар,” деген сөздөрдөн кийин “чектер,” деген сөз менен толукталсын;
б) 20-бөлүктөгү “(ксерокөчүрмөсүн)” деген сөз алып салынсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
“21. Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси кеминде 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат.”;
14) 39-берененин 1-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөмдөгү “, жараксыз” деген сөз “же шайлоонун натыйжалары жараксыз” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмдөгү “депутаттарын” деген сөздөн кийин “тиешелүү округдар жана жергиликтүү кеңештер боюнча” деген сөздөр менен толукталсын;
15) 42-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги тексттин 2-бөлүгүндөгү “шайлоочулардын топтору,” деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкү мазмундагы 14-бөлүк менен толукталсын:
“14. Талаштар менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.”;
16) 43-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
“11. Талаштар менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.”;
17) 44-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү “же сот” деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктүн 7-пунктундагы “анын өкүлдөрү, ошондой эле талапкердин жубайы жана (же) жакын туугандары” деген сөздөр “анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, ошондой эле жакын туугандары же болбосо алардын тапшыруусу менен аракеттенген башка адамдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн 6-пунктундагы “саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн” деген сөздөр “саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, саясий партиянын атынан келген байкоочулардын, ошондой эле алардын тапшыруусу менен аракеттенген башка адамдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
18) 46-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын болушун камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн атайын чара катары ушул Мыйзамга ылайык:
1) ар бир айылдык кеңеште мандаттын 30 пайызы аялдар үчүн резервде сакталат;
2) шаардык кеңештердин депутаттарына талапкерлердин тизмесине талаптар белгиленет, анда талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы адамдардын болушуна 70 пайыздан ашпаган чек коюлат;
3) жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда ошол эле жыныстагы башка адамга ваканттык мандатты берүүнүн (алмаштыруунун) кепилдиги камсыз кылынат.”;
19) 47-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Жергиликтүү өз алданча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын болушун камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн атайын чара катары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айылдык кеңеште мандаттын 30 пайызы аялдар үчүн резервде сакталат.”;
20) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аяктаганга чейин 60 календарлык күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт алар шайланган күндөн баштап эсептелет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү болуп алар шайланган добуш берүү күнү эсептелет.”;
21) мамлекеттик тилдеги тексттин 49-беренесинин 7-бөлүгүндөгү “шайлоочулардын топторунан” деген сөздөр алып салынсын;
22) 50-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин берген саясий партиялар, ошондой эле айылдык кеңешке талапкерлер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо күрөөсүн берет.”;
б) 2-бөлүктө:
биринчи сүйлөмдөгү “кеминде 15” деген сөз жана цифралар “кеминде 7” деген сөз жана цифра менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Шайлоонун мажоритардык системасында берилген шайлоо күрөөсү эгерде талапкер депутаттык мандатты алгачкы бөлүштүрүүгө катышса, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет.”;
в) 3-бөлүктө:
1-пункттагы “беш жүз эсе” деген сөздөр “беш миң эсе” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пункттагы “эки жүз эсе” деген сөздөр “үч миң эсе” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21) айылдык кеңештерге – мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү эсе өлчөмүндө.”;
23) 51-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацтын биринчи сүйлөмүндөгү “Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде” деген сөздөр “Саясий партиянын талапкерлеринин катталган тизмесинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “арыз” деген сөз “жазуу жүзүндөгү арыз” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Талапкерлердин тизмесинен чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча талапкер тарабынан түзүлүүгө жана талапкер тарабынан жеке берилүүгө тийиш. Жүйөлүү себептер боюнча арызды жеке берүү мүмкүндүгү жок болгон учурда (ооругандыктан стационардык дарылоо мекемесинде болсо, өлкөнүн чегинен тышкары кетсе) аталган арыз нотариалдык жактан ырасталган ишеним каттын негизинде талапкер ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Аталган арыз чакыртып алынбайт.”;
б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
24) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1. Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча пропорционалдуу система боюнча шайлоодо депутат болуп шайланган саясий партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге берилет.
Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкүлөргө берилет:
1) мандаттарды резервде сактоонун негизинде мандат алган аял-депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добушун алган кийинки аял-талапкерге берилет. Эгерде аял-талапкер калбаса, мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн экинчи пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт;
2) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган шайланган кийинки талапкер депутатка берилет.”;
б) 2-бөлүгүндө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт:”;
11-пункт “шайлоонун” деген сөздөн кийин “натыйжаларынын” деген сөз менен толукталсын;
25) 53-беренеде:
а) мамлекеттик тилдеги тексттин 1-бөлүгүнүн 3-пунктундагы “жашаган” деген сөз “окуган” деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктөгү “тиешелүү аймактык” деген сөздөр “Борбордук” деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 8-бөлүк төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
“6) бир жыныстагы жарандардын өкүлчүлүгү жөнүндө талаптардын сакталбашы жана ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө белгиленген кезектеги айырмачылыктардын болушу.”;
26) 54-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү “3 күн” деген сөз жана цифра “10 күн” деген сөз жана цифралар менен алмаштырылсын;
б) 2 жана 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
“2. Саясий партия кайсыл гана убакта болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү түрдөгү жазуу жүзүндөгү арызды берип, талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесинин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
3. Саясий партия кайсыл гана убакта болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү түрдөгү жазуу жүзүндөгү арызды берип, талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тизмесинен чыгарып салууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерди (талапкерлерди) тиешелүү талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Ошол эле учурда талапкерлердин тизмесинде талапкерлердин жайгашкан кезеги ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен сакталууга тийиш.”;
в) 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
27) 55-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
1-пункттагы “1000” деген цифралар “10 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
2-пункттагы “5000” деген цифралар “50000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы “150000” деген цифралар “1 500 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө:
1-пункттагы “500” деген цифралар “5 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
2-пункттагы “5000” деген цифралар “50000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы “50000” деген цифралар “500 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
28) 56-1-берененин бүткүл тексти боюнча “7” деген цифра “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;
29) 59-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “59-берене. Шайлоо округу боюнча мандаттарды резервге сактоо”;
б) 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча депутаттардын мандаттарынын 30 пайызы аялдар үчүн резервге сакталат.”;
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2. Ар бир шайлоо округу боюнча резервге сакталган мандаттардын саны ушул Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык шайлоо округдары жана участкалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо менен бир убакта жарыяланат.”;
30) 60-берененин 1-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги тексттин 1-пункту “жөнүндө чечимин” деген сөздөрдөн кийин “же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө талапкердин арызын” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4) шайлоо күрөөсүн бергендигин ырастаган документти.”;
31) 62-беренеде:
а) 2, 3, жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2. Айылдык кеңештерге шайлоолордун натыйжаларын аныктаганда биринчи кезекте ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык резервге сакталган мандаттар аял-талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка аял-талапкерлерге караганда кыйла көп добуш алган аял-талапкерлер шайланды теп таанылат.
Эгерде шайлоо округундагы аял-талапкерлердин саны резервге сакталган мандаттардын санынан аз болсо, анда биринчи абзацта көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт.
Эгерде тиешелүү шайлоо округунда аял-талапкерлер жок болсо, анда резервге сакталган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт.
3. Резервге сакталган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. Тиешелүү шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп санын алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп таанылат.
4. Талапкерлер алган добуштардын саны бирдей болсо, мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталса, маселе чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.”;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:
“5. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Тиешелүү аймакта шайлоонун натыйжалары жарыялангандан соң жана депутат болуп шайланган талапкерлерден айылдык кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды токтоткондугу жөнүндө арыздарды алгандан кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген үлгүдөгү тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүктү шайланган депутаттарга берет.”.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
– ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат
Мыйзам долбоорунун максаты болуп жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону мындан ары өркүндөтүү эсептелет.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилип, жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) ишинин алкагында иштелип чыккан.
Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, Жогорку соттун судьясы, Башкы прокуратуранын өкүлү, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен Жумушчу топко бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизүү тапшырылган:
1) 2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо апробациядан өткөн инновациялык жетишүүлөрдү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо процессине имплементациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аныкталган мүчүлүштүктөрдү, атап айтканда депутаттардын акыркы тизмелериндеги гендердик, этностук жана башка квоталардын кепилдигин мыйзамдык камсыз кылуу бөлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын өркүндөтүү;
3) шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү башка чараларды кабыл алуу.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу, аны Өкмөттүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алуусу биринчи милдетти аткаруунун алкагында жумушчу топтун ишинин натыйжасы болуп калды (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2016-жылдын 22-январындагы № 8 Мыйзамы).
Жогоруда аталган мыйзамды кабыл алуу менен жергиликтүү шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга 2015-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо апробацияланган инновациялык жетишкендиктер имплементация кылынды, бул 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгында коюлган милдеттерди андан ары ишке ашыруу боюнча иштин алкагында жумушчу топ каралып жаткан “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдаган, ал жумушчу топтун мүчөлөрүнүн, тактап айтканда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Президенттин Аппаратынын өкүлдөрүнүн, БШК, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн сунуштарына негизделген.
Алсак, тактап айтканда, каралып жаткан мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат:
1) жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын, байкоочуларды дайындоо менен байланышкан маселелерди, шайлоо тизмелери менен таанышуунун, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн, шайлоо бюллетенин берүүнүн, шайлоо участокторун түзүүнүн чектүү мөөнөттөрүн алмаштыруунун тартиби конкреттештирилет;
2) гендердик квоталарды камсыз кылуунун кепилидиктерин дагы көбүрөөк караган жоболор киргизилет.
Жергиликтүү өз алданча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын болушун камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн атайын чаралар сунушталат:
ар бир айылдык кеңеште мандаттын 30 пайызы аялдар үчүн резервде сакталат;
шаардык кеңештердин депутаттарына талапкерлердин тизмесине талаптар белгиленет, анда талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы адамдардын болушуна 70 пайыздан ашпаган чек коюлат;
жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда ошол эле жыныстагы башка адамга ваканттык мандатты берүүнүн (алмаштыруунун) кепилдиги камсыз кылынат.
Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкүлөргө берилет:
мандаттарды резервде сактоонун негизинде мандат алган аял-депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добушун алган кйинки аял-талапкерге берилет;
эгерде аял-талапкер калбаса, мандат тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган шайланган кийинки талапкер депутатка берилет.
Ошол эле учурда бир жыныстагы жарандардын өкүлчүлүгү жөнүндө талаптарды сактабагандыгы жана кезектеги айырмачылыктар талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартууга негиздердин бири болуп эсептелет.
3) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун датасын дайындоого тиешелүү жоболорду конкреттештирүү, тактап айтканда төмөнкүлөр сунушталат: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо датасын шайлоо күнүнө 60 календарлык күндөн кечиктирбестен дайындоону караган жоболордун ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аяктаганга чейин 75 күн калгандан кечиктирбестен шайлоо датасын дайындоо сунушталат; жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт алар шайланган күндөн баштап эсептелет; жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү болуп алар шайланган добуш берүү күнү эсептелет;
4) шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү тууралуу жоболор конкреттештирилет, тактап айтканда төмөнкүлөр сунушталат: добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайызынын ордуна 7 пайызынан кем эмеси партиянын тизмеси үчүн добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин салынган шайлоо күрөөсү саясий партияга кайтарылып берилет; шайлоонун мажоритардык системасында берилген шайлоо күрөөсү эгерде талапкер депутаттык мандатты алгачкы бөлүштүрүүгө катышса, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет;
5) шаардык кеңештерди шайлоодо (анын ичинде Бишкек жана Ош шаарында) шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү көбөйтүлөт, айылдык кеңештерге шайлоодо шайлоо күрөөсү 5 миң сом өлчөмүндө киргизилет; талапкерлердин тизмесин берген саясий партиянын шайлоо фондунун өлчөмү көбөйтүлөт;
6) саясий партиянын талапкерлеринин катталган тизмесинде турган талапкердин аталган тизмеден чыгуу укугу тууралуу жоболор конкреттештирилет. Төмөнкүлөр каралууда: саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча талапкер тарабынан түзүлүүгө жана талапкер тарабынан жеке берилүүгө тийиш. Жүйөлүү себептер боюнча арызды жеке берүү мүмкүндүгү жок болгон учурда (ооругандыктан стационардык дарылоо мекемесинде болсо, өлкөнүн чегинен тышкары кетсе) аталган арыз нотариалдык жактан ырасталган ишеним каттын негизинде талапкер ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Аталган арыз чакыртып алынбайт.
7) мандат саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге берилет деген колдонуудагы ченемдин ордуна шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча пропорционалдуу система боюнча шайлоодо депутат болуп шайланган саясий партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге берилет деп аныктоо сунушталууда;
8) шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тиешелүү болгон субъекттердин чөйрөсү конкреттештирилет;
9) шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо менен байланышкан жоболор конкреттештирилет;
10) саясий партиялар депутаттык мандаттарды ала турган шайлоочулардын добуштарынын пайыздык санын (7ден 10го чейин) көбөйтүү сунушталат;
11) мамлекеттик тилдеги текстке тактоочу оңдоолор каралат. Аталган мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жана “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен бир пакетте иштелип чыккан, алардын максаты болуп Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү эсептелет.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбейт. Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасири талдоого алынбайт, себеби ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору киргизилет.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттары
Г.А. Скрипкина
Д.Д. Бекешев
А.А. Алтыбаева
М.К. Жеенчороев
У.Т. Кыдыралиев
Д.А. Джумабеков
Т.Б. Исакунова
М.И. Бакиров
Жунус уулу Алтынбек
А.Ж. Акматов
А.Н. Шыкмаматов
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна салыштырма таблица
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция
|
3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары 1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. 2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт. 3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат. 4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. 5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. 6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок. 7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. 8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.
|
3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары 1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. 2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт. Шайлоого катыштырууга же катыштырбоого, ошондой эле өз эркин билдирүүгө мажбурлоо максатында жарандарга таасир көрсөтүүгө эч кимдин укугу жок. 3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат. Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлануу жана аларды шайлоо укугун ишке ашырууда аялдарга жана эркектерге бирдей мүмкүндүктөр камсыз кылынат. 4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. 5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. 6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок. 7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. 8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.
|
7-берене. Байкоочу 1. Талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, башка коммерциялык эмес уюм мыйзамдар менен белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого катышуучу байкоочу дайындоого укуктуу. 2. Байкоочу аны дайындаган уюмдан жолдомо тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Мыйзам менен каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ал жөнөтүлгөн шайлоо участкаларынын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгү менен каралган чектөөлөр анда жок экендиги жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо паспортун же анын ордун басуучу документин көрсөткөндө жарактуу болот. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт. 3. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу. Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, катталган талапкердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын ишенимдүү адамдары, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматындагылар байкоочу болууга укуксуз. 4. Байкоочу төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 2) шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 4) шайлоону маалыматтык камсыз кылуу үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 5) шайлоо комиссиясында болгон шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга; 6) добуш берүү күнү сутканын ар кандай убагында добуш берүү үчүн жайда болууга; 7) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш бергенде катышууга; 8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул Мыйзам менен белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөнү байкоого; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү байкоого; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка шайлоо документтердин түзүшүн байкоого; 11) өзү жөнөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, а ал жок учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга; 12) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; 13) протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн шайлоо комиссиясынан алууга; 14) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга; 15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайтадан саноого катышууга; 16) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө; 17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жолтоо болбостон фото-, көрмөтартууну, үн жазууну жүзөгө ашырууга. 5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз: 1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө; 2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга; 3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга; 4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого; 5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга; 6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого; 7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө; 8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга. 6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
|
7-берене. Байкоочу 1. Талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоо мыйзамдары жана шайлоолор, ошондой эле адам укугун коргоо жаатындагы маселелери боюнча адистешкен башка коммерциялык эмес уюм мыйзамдар менен белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого катышуучу байкоочу дайындоого укуктуу. 2. Байкоочу аны дайындаган уюмдан жолдомо тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Мыйзам менен каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ал жөнөтүлгөн шайлоо участкаларынын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгү менен каралган чектөөлөр анда жок экендиги жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо паспортун же анын ордун басуучу документин көрсөткөндө жарактуу болот. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт. 3. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу. Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, катталган талапкердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын ишенимдүү адамдары, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматындагылар байкоочу болууга укуксуз. 4. Байкоочу төмөндөгүлөргө укуктуу: 1) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 2) шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 4) шайлоону маалыматтык камсыз кылуу үчүн байкоону жүзөгө ашырууга; 5) шайлоо комиссиясында болгон шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга; 6) добуш берүү күнү сутканын ар кандай убагында добуш берүү үчүн жайда болууга; 7) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш бергенде катышууга; 8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул Мыйзам менен белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөнү байкоого; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү байкоого; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка шайлоо документтердин түзүшүн байкоого; 11) өзү жөнөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, а ал жок учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга; 12) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга; 13) протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн шайлоо комиссиясынан алууга; 14) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга; 15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайтадан саноого катышууга; 16) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө; 17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жолтоо болбостон фото-, көрмөтартууну, үн жазууну жүзөгө ашырууга. 5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз: 1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө; 2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга; 3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга; 4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого; 5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга; 6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого; 7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө; 8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга. 6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
|
11-берене. Шайлоо участкаларын түзүү 1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участкалары түзүлөт. 2. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүгө чейин 3. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
|
11-берене. Шайлоо участкаларын түзүү 1. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен шайлоо участкалары түзүлөт. 2. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүгө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбестен түзүлөт. Участкалардын чек араларына шайлоо округдарынын чек араларынын кесип өтүшүнө жол берилбейт. 3. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана алар бекитилген күндөн тартып бир эле учурда аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берип, 5 календардык күндөн кечиктирбестен чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен аларды жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
|
13-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу 1. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганга чейин илип коюуга милдеттүү. 2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экенин тапкан учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, бышыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу.
3. Биометрикалык маалыматтар жок болгон учурда шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Борбордук шайлоо комиссиясы номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет. 5. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу болот. 6. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
|
13-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу 1. Участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганга чейин илип коюуга милдеттүү. 2. Ар бир шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместиктерди, ошондой эле өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экенин тапкан учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, бышыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо жана кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн участкалык шайлоо комиссиясы бул арызды тиешелүү аймактагы шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторуна кечиктирбестен берет. Бул арызга жоопту шайлоочулардын тизмесине киргизилген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн баштап 2 календардык күндөн кечиктирбестен андан ары шайлоочуга жооп берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү аймактагы шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын системалык администраторуна жиберилет. 3. Биометрикалык маалыматтар жок болгон учурда шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участкаларынын чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын акыркы тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. Борбордук шайлоо комиссиясы номурланган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берет. 5. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу болот. 6. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесиндеги каталар жана так эместиктер, ошондой эле тизмеде жок экендиги тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
|
16-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышына контролдук кылуу 1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем болбогон контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. 3. Контролдук-текшерүү тобуна контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери кирет. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып суроо-талап боюнча 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү. 4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги ишинен бошотулат, аларга иши (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөрү сакталат. Көрсөтүлгөн ишке тартылган адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйакы төлөнүшү мүмкүн. 5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. 6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча: 1) талапкерлердин, саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет; 2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан суратат жана алат; 3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө тике байланышкан дагы башка иш-чараларын жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сакталышын контролдойт; 4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле контролдук-текшерүү тобунун карамагына таандык маселелер боюнча жарандарга кайрылат, шайлоону финансы жактан камсыз кылууга байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. Контролдук-текшерүү топтун кайрылуусуна жооптор жана ал тарабынан суралган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүүчү күнгө чейин 5 жана ага жетпеген календардык күндөрдүн ичинде жана добуш берилүүчү күнү - дароо берилет; 5) шайлоону финансылоодо финансылык бузуулар жөнүндө документтерди түзөт; 6) талапкерлерге, саясий партияларга, 7) эксперттерди текшерүү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик бааны даярдоого тартат.
|
16-берене. Шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышына контролдук кылуу 1. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүшүнүн булактарына, туура эсептелишине жана пайдаланылышына контролдук кылуу үчүн, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында саны 7 адамдан кем болбогон контролдук-текшерүү тобу түзүлөт. Контролдук-текшерүү тобун уюштуруунун жана анын ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. 3. Контролдук-текшерүү тобуна контролдук-текшерүү тобунун жетекчиси, анын орун басары, контролдук-текшерүү тобуна дайындалган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, укук коргоо, финансылык жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери кирет. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып суроо-талап боюнча 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди Борбордук шайлоо комиссиясынын карамагына жиберүүгө милдеттүү. 4. Тартылган адистер контролдук-текшерүү тобунда иштеп жаткан убакытка негизги ишинен бошотулат, аларга иши (кызматы), белгиленген кызматтык маянасы жана негизги иштеген жери боюнча башка төлөмдөрү сакталат. Көрсөтүлгөн ишке тартылган адистерге ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сыйакы төлөнүшү мүмкүн. 5. Контролдук-текшерүү тобунун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. 6. Контролдук-текшерүү тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча: 1) талапкерлердин, саясий партиялардын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет; 2) өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды талапкерлерден, саясий партиялардан, шайлоо комиссияларынан суратат жана алат; 3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнү финансылоонун, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө тике байланышкан дагы башка иш-чараларын жүзөгө ашыруунун белгиленген тартиби сакталышын контролдойт; 4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле контролдук-текшерүү тобунун карамагына таандык маселелер боюнча жарандарга кайрылат, шайлоону финансы жактан камсыз кылууга байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. Контролдук-текшерүү топтун кайрылуусуна жооптор жана ал тарабынан суралган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүүчү күнгө чейин 5 жана ага жетпеген календардык күндөрдүн ичинде жана добуш берилүүчү күнү - дароо берилет; 5) шайлоону финансылоодо финансылык бузуулар жөнүндө документтерди түзөт; 6) талапкерлерге, саясий партияларга, ошондой эле талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо кампаниясын финансылоо учурунда жол берилген бузуулар үчүн жарандарга жана юридикалык жактарга жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына маселелерди коет; 7) эксперттерди текшерүү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик бааны даярдоого тартат.
|
22-берене. Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү 1. Шайлоочуларды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалымат жагынан камсыздоого кирет жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдириши менен шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшөт. 2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарга өз убагында жана анык маалымдоо үчүн жоопкерчилик тартат. 3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилүүгө тийиш эмес. 4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат. 5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу усулун, сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон өксүктөргө статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү табыштаган (табышташкан) жана аны жарыялоого акы төлөгөн (төлөшкөн) жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү. 6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт. 7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет. 8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат. 9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн түрлөрү жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш. Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш. 10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: 1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; 2) талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү; 3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо; 4) алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу. 11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. 12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет. 13. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; 2) жалпы иш-чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен; 3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен; 4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө. 14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу. 15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз. 16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазуу түрүндө көрсөтүлөт жана уктурулат. Чет өлкөлүк теле -жана радио программаларга талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматтарды үчүн таратууга тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти жалпыга маалымдоо каражаттарын тараткандар жооп беришет. 17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлери же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. 18. Уюштуруучулары (кошумча уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук караштуулуктагы мекемелер жана ишканалар болуп саналган, алар толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү. 19 Обо убактысы, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш. 20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
|
22-берене. Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү 1. Шайлоочуларды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалымат жагынан камсыздоого кирет жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдириши менен шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшөт. 2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарга өз убагында жана анык маалымдоо үчүн жоопкерчилик тартат. 3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилүүгө тийиш эмес. 4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат. 5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу усулун, сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон өксүктөргө статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү табыштаган (табышташкан) жана аны жарыялоого акы төлөгөн (төлөшкөн) жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү. 6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт. 7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет. 8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат. 9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн түрлөрү жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш. Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш. 10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат: 1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; 2) талапкерлердин, саясий партиялардын бирине артыкчылык берүүнү билдирүү; 3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо; 4) алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин иши жөнүндө маалыматтарды таратуу. 11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясий партиялар каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясий партиялар менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу. 12. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет. 13. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; 2) жалпы иш-чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен; 3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен; 4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө. 14. Талапкер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу. 15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз. 16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазуу түрүндө көрсөтүлөт жана уктурулат. Чет өлкөлүк теле -жана радио программаларга талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматтарды үчүн таратууга тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти жалпыга маалымдоо каражаттарын тараткандар жооп беришет. 17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлери же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат.
18. Уюштуруучулары (кошумча уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук караштуулуктагы мекемелер жана ишканалар болуп саналган, алар толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү. 19. Жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга телерадио уюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу. Обо убактысы, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш. 20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
|
24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
4. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. Талапкерлерге, саясий партияларга акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек. 5. Талапкерлердин, саясий партиялардын сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат. 6. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 7. Талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү. 8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
|
24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1, 2, 3-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын
4. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. Акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдиктүү болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясий партия резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу. Талапкерлерге, саясий партияларга акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек. 5. Талапкерлердин, саясий партиялардын сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат. 6. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 7. Талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү. 8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
|
25-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
|
25-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын
2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек. Адистештирилген басылмалар (балдар, техникалык, илимий жана башка) үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана формада болбосун толук катышпаган шартта кандай гана болбосун үгүт материалдарын жарылоодон баш тартууга жол берилет. |
29-берене. Добуш берүү үчүн жай 1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет. 2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн ящиктер, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат. Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу. 3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш. 4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, 5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.
|
29-берене. Добуш берүү үчүн жай 1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет. 2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн ящиктер, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат. Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу. 3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш. 4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш. 5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.
|
30-берене. Шайлоо бюллетени 1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат. Формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбоого тийиш. 2. Шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белгилери бар кагаз же түстүү кагаз), же болбосо атайын боек пайдаланылат. 3. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш. 4. Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш. 5. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт. 6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт. 7. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадратка жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен "Баардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы") деген сап жайгаштырылат. 8. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу менен нускасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 9. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат. 10. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларынын 11. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде 3өөнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүгө катышууга укуктуу. 12. Шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат. 13. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин Шайлоо бюллетендерине участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мөөрүн коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт. 14. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш. 15. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участогундагы жайдын ичинде болууга тийиш. 16. Басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган учурларды албаганда, ошондой эле шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.
|
30-берене. Шайлоо бюллетени 1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат. Формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбоого тийиш. 2. Шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белгилери бар кагаз же түстүү кагаз), же болбосо атайын боек пайдаланылат. 3. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш. 4. Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш. 5. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү алфавиттик тартипте кошумча көрсөтүлөт. 6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт. 7. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадратка жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен "Баардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы") деген сап жайгаштырылат. 8. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу менен нускасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш. 9. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат. 10. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларынын кеминде 3 мүчөсүнүн катышуусунда аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу. 11. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде 3өөнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүгө катышууга укуктуу. 12. Шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат. 13. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда, кайра добуш берген учурда - добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына - добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо бюллетендерине участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мөөрүн коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт. 14. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш. 15. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участогундагы жайдын ичинде болууга тийиш. 16. Басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган учурларды албаганда, ошондой эле шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.
|
31-берене. Добуш берүү тартиби 1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү. 2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдагы өз жыйналышында, чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт, алар: 1) оператор менен биргелешип шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт; 2) жарандарды шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат; 3) шайлоо бюллетендерин берет; 4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү ящиктерине салышын контролдоону жүзөгө ашырат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчүкулакка катышпайт. 3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда ушул участкадагы шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан сырткары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер салынган, мөөр басылып бекитилген сейфти ачат, сейфтен шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын жарыялайт, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтуруу үчүн жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет. 4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып отурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө автоматтык эсептөөчү ичи бош урналарды көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номуру, автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактар салынган убакыт, шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлөт, андан кийин урналар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). Туруктуу орнотулган ящиктер пайдаланылган учурда шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн бош ящиктерди ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдарга көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо округунун аталышы, шайлоо участкасынын номуру, добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактар салынган убакыт, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ушул адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, андан кийин добуш берүү үчүн ящиктер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). 5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан адамдарга аларды карап көрүүнү сунуш кылат жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат. 6. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 50-100дөн шайлоо бюллетенин таратып берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет. 7. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт. Шайлоочуну анын биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт. Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга көрүнө турган жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар жазылып чыгат: 1) ушул шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны; 2) бул шайлоо участогунда ушул учурга карата добуш берген жарандардын саны; 3) жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте аныкталган башка маалыматтар. Шайлоочу идентификациялагандан кийин чек басылып чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтүлөт, ал шайлоочуга чектин ордуна добуш берүү бюллетенин берет.
9. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. 10. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти жана чекти көрсөткөндүгү боюнча берилет. 11. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча бир убакта добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет. 12. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга же орнотулууга тийиш. 13. Пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу саясий партияга тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо "Баардыгына каршы" деген орунга тиешелүү белги коет. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин алардын пайдасына тандалган талапкерлерге тиешелүү квадраттарына же болбосо "Баардыгына каршы" деген квадратка тиешелүү белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш. 14. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетень берген мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылып, ал жөнүндө акт түзүлөт. 15. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт. 16. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат. 17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, тартипке салгандан кийин алар добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайындагы катышуучулардын баары үчүн милдеттүү болот. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген бул комиссиянын башка мүчөсү аткарат. 18. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан токтоосуз четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. 19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү. 20. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат. Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган ящикти пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат. Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну кайра жаңыртууга жол берилбейт.
|
31-берене. Добуш берүү тартиби 1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү. 2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайдагы өз жыйналышында, чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт, алар: 1) оператор менен биргелешип шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт; 2) жарандарды шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттоону жүзөгө ашырат; 3) шайлоо бюллетендерин берет; 4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү ящиктерине салышын контролдоону жүзөгө ашырат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды тейлөөчү мүчөсү чүчүкулакка катышпайт. 3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда ушул участкадагы шайлоочулардын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан сырткары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер салынган, мөөр басылып бекитилген сейфти ачат, сейфтен шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси менен башка зарыл жабдууну алып чыгат, тизмеге киргизилген шайлоочулардын санын жарыялайт, андан кийин аны добуш берүү күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесин толтуруу үчүн жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет. 4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып отурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө автоматтык эсептөөчү ичи бош урналарды көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номуру, автоматтык эсептөөчү урналарга контролдук барактар салынган убакыт, шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын фамилиялары көрсөтүлөт, андан кийин урналар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). Туруктуу орнотулган ящиктер пайдаланылган учурда шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн бош ящиктерди ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн адамдарга көрсөтөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо округунун аталышы, шайлоо участкасынын номуру, добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактар салынган убакыт, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ушул адамдар кол коюшат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, андан кийин добуш берүү үчүн ящиктер участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилет (пломбаланат). 5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан адамдарга аларды карап көрүүнү сунуш кылат жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат. 6. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 50-100дөн шайлоо бюллетенин таратып берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет. 7. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт. Шайлоочуну анын биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт. Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана байкоочуларга көрүнө турган жерге илинген монитордо төмөнкү маалыматтар жазылып чыгат: 1) ушул шайлоо участогундагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны; 2) бул шайлоо участогунда ушул учурга карата добуш берген жарандардын саны; 3) жабдуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте аныкталган башка маалыматтар. Шайлоочу идентификациялагандан кийин чек басылып чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтүлөт, ал шайлоочуга чектин ордуна добуш берүү бюллетенин берет. 8. Шайлоо бюллетендерин бергенде чүчү кулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине каттайт жана шайлоо бюлеттенин бергендиги жөнүндө кол коёт. 9. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. 10. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти жана чекти көрсөткөндүгү боюнча берилет. 11. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча бир убакта добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет. 12. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга же орнотулууга тийиш. 13. Пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу саясий партияга тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо "Баардыгына каршы" деген орунга тиешелүү белги коет. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин алардын пайдасына тандалган талапкерлерге тиешелүү квадраттарына же болбосо "Баардыгына каршы" деген квадратка тиешелүү белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш. 14. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетень берген мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылып, ал жөнүндө акт түзүлөт. 15. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт. 16. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат. 17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, тартипке салгандан кийин алар добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайындагы катышуучулардын баары үчүн милдеттүү болот. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген бул комиссиянын башка мүчөсү аткарат. 18. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан токтоосуз четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. 19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү. 20. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат. Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган ящикти пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышып отурган бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат. Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүү күнүнүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну кайра жаңыртууга жол берилбейт.
|
33-берене. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн тартиби 1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген баардык арыздарды атайын реестрде каттайт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. 3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте жүргүзүп, алар зарыл болгон сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин. саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт. 4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн чүчүкулак менен аныктайт (участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн экиден кем эмеси менен). Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү. 5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, 6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетенин бергенде шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт. 7. Шайлоочу ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда шайлоо бюллетенин толтурат. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эрк-ниетинин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш. 8. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун (ID-картасынын) номери менен сериясы шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле мезгилде шайлоочулар тизмесинин тиешелүү графасына "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берди" деген жазуу жазылат. 9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, 10. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн аякташы боюнча ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
|
33-берене. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн тартиби 1. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, мал чарбасынын алыскы участкаларында, шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлеринде убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары кайтаруу жайларында камалып турган шайлоочулар, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алар убактылуу жүргөн жер ошол администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында болгон шартта өзү турган жер боюнча добуш берет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганга чейин добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. 2. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген баардык арыздарды атайын реестрде каттайт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. 3. Участкалык шайлоо комиссиясында добуш берүү үчүн көчмө ящиктер зарыл санда, бирок үчтөн ашык эмес болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте жүргүзүп, алар зарыл болгон сандагы шайлоо бюллетендерин, ошондой эле алдын ала мөөр басылган (пломба коюлган) көчмө ящиктерди кол коюп алышат. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү талапкерлердин. саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүргүзүлөт. 4. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн жыйналышында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштура турган комиссиянын мүчөлөрүн чүчүкулак менен аныктайт (участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн экиден кем эмеси менен). Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү. 5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан, талапкерлерге, байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кароо үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө ящиктерди көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге контролдук барактарды салат, аларда шайлоо участкасынын номери, контролдук барактарды добуш берүү үчүн ящиктерге салуунун убактысы, төраганын, катчынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлөт. Контролдук барактарга ошол адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. 6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен бирдикте шайлоочунун биометрикалык жана (же) жекече маалыматтары боюнча аны идентификациялоону жүргүзөт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетенин бергенде шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт. , ал эми участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетенин бергендиги жөнүндө кол коёт. 7. Шайлоочу ал жерде башка адамдардын катышуусуна жол берилбеген атайын орунда шайлоо бюллетенин толтурат. Атайын орун шайлоо бюллетенин толтуруп жаткан учурда добуш берүүчүнүн эрк-ниетинин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын контролун камсыз кылууну эске алуу менен тандалууга тийиш. 8. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген шайлоочунун паспортунун (ID-картасынын) номери менен сериясы шайлоочулардын тизмесине киргизилет жана бир эле мезгилде шайлоочулар тизмесинин тиешелүү графасына "Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берди" деген жазуу жазылат. 9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө ящиктердин көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, катышып жаткан талапкерлер, талапкерлердин, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат. Көчмө ящиктер сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат). 10. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш беришкен шайлоочулардын добуштарын эсептөө добуш берүү үчүн жайда добуш берүүнүн аякташы боюнча ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
|
36-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби 1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт. 2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан гана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжалары жөнүндө ырааттуу жарыялануу жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, киного, видеого тартылуулар жүзөгө ашырылуусу мүмкүн. 3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү киргендей болуп жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып отурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттеринин толук көрүнүп турушу камсыздалуусу зарыл. Ар кандай деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын, анан - жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөө жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын албаганда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат. 4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн койгон колдору менен бекитилет. Пакетке "Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынуу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна жана анын чоңойтулган формасына киргизилет. 5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү. Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан кол коюулат, ал андан соң аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды жазат, аларды өзү койгон колдору жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастайт. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке салынат. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет. Шайлоочулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышып отурган талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган формадагы протоколго киргизилет. 6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо ящиктерине мөөр коюуда катышкан адамдардын койгон колдорунун сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катышкан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти жана берилген чекти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат. Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн ящиктерге салынат. 7. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан мүчөлөрүнө, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнө, байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жарыя кылынат. Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга туташтырылбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо күнү саат 20дан кийин жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ящиктерде шайлоо бюллетендерин саноонун башталганы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбаганын көрсөтөт жана шайлоо участогунда добуш берүү үчүн ящиктерди ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, добуш берүү үчүн ящикке мөөр басууга катышкан башка адамдардын колдору коюлган контролдук барактарды алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт. Шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылгандан кийин эсептелет жана жыйынтыктары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жазылат. Добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогунда шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүсү же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн ящикте шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт. Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин добуш берүү үчүн ящиктеги шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү жаккы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат. 8. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин ар бири үчүн, "Баардык талапкерлерге каршы", "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициялары боюнча берилген добуштар боюнча шайлоо бюллетендерин сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контролдоо үчүн эсептөөдө катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт. 9. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу. 10. Андан соң белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Баардыгына каршы" деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар ушул же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөөгө жол берилбейт. 11. Жараксыз шайлоо бюллетендери эсептелет жана өзүнчө суммаланат. Шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталбаган жана башка белгилерди камтыбаган, белгиленбеген формадагы бюллетендер да жараксыздардын санына кирет. Аларда талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашып кеткен, ал эми пропорциялуу система боюнча шайлоодо - талапкерлердин тизмесинин пайдасына белгилердин саны бир саптан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелинет. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урнадагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча шайлоо бюллетендери талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алардын көрүп туруп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет. 13. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт. 14. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номуру, шайлоо бюллетендеринин, чектердин саны жана шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же кутучага салынат. Мүшөктө же кутучада шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдорун коюу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин, чектерди, автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчетторду таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутучага салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат, аларга да мүшөккө же кутучага өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же кутуча жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн. 15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго тиешелүү участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет. 16. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында угуза окуйт. 17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет. 18. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат. 19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат. 20. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн
|
36-берене. Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби 1. Добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып жана добуш бере ала тургандыгы жөнүндө жарыялайт. 2. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссияларынын жыйналышында анын мүчөлөрү тарабынан гана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында (шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген орунга илинип коюлат) шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык натыйжалары жөнүндө ырааттуу жарыялануу жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштуруу менен ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, киного, видеого тартылуулар жүзөгө ашырылуусу мүмкүн. 3. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө шайлоочулардын добуш берүүсү өткөрүлгөн жайда добуш берүү аяктаары менен башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн орун ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү киргендей болуп жабдылууга тийиш. Мында эсептөө учурунда катышып отурган бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттеринин толук көрүнүп турушу камсыздалуусу зарыл. Ар кандай деңгээлдердеги шайлоолор айкалыштырылган учурда биринчи кезекте Президентти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын, анан - жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды эсептөө жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын албаганда, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөө учурунда жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат. 4. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин берүү үчүн жооптуу мүчөлөрү калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендерин эсептеп чыгат, аларды төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарат (мында катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндө маалыматтардын оң жагында жайгашкан квадраттарды бузууга жол берилбейт) жана аларды ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырат, бул жөнүндө акт түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссиясынын сейфинде калган пайдаланылбаган шайлоо бюллетендери ушундай эле жол менен керектен чыгарылат. Бардык керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери эсептелет жана пакетке таңгакталат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана анын мүчөлөрүнүн койгон колдору менен бекитилет. Пакетке "Керектен чыгарылган шайлоо бюллетендери" деген жазуу жазылат, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендеринин санынын суммасы катары аныкталган бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин жана ката толтурулган (бузулган) катары шайлоочулар тарабынан кайра кайтарылган шайлоо бюллетендеринин саны жарыя кылынуу менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна жана анын чоңойтулган формасына киргизилет. 5. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоочуларды каттоо үчүн жооптуу мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү суммалык маалыматтарды жазууга милдеттүү. Суммалык маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тарабынан кол коюулат, ал андан соң аларды жыйынтыктайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы тизменин акыркы бетине шайлоочулардын тизмесинин бардык беттери боюнча маалыматтардын суммасы катары аныкталуучу жыйынды маалыматтарды жазат, аларды өзү койгон колдору жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырастайт. Шайлоочулардын тизмеси менен ишти жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин шайлоочулардын тизмеси сейфке салынат. Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет. Шайлоочулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колу жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышып отурган талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган формадагы протоколго киргизилет. 6. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, шайлоо ящиктерине мөөр коюуда катышкан адамдардын койгон колдорунун сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө ящиктерди кезек-кезеги менен ачат, андан соң шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн шайлоо ящиктерин мөөр басып чаптоо учурунда катышкан адамдардын колдору бар контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящикти ачаардын алдында добуш берүү үчүн ушул көчмө ящикти жана берилген чекти пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын саны жарыяланат. Добуш берүү үчүн ар бир көчмө ящиктеги шайлоо бюллетендерин эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгиде камтылган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги белгиленсе, добуш берүү үчүн ушул көчмө ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп табылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен керектен чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана анда участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү көрсөтүлөт. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт жана "Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери" деген жазуу, ящиктин номери жана шайлоо бюллетендеринин саны жазылат. Добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн ящиктерге салынат. 7. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан мүчөлөрүнө, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнө, байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жарыя кылынат. Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга туташтырылбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо күнү саат 20дан кийин жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ящиктерде шайлоо бюллетендерин саноонун башталганы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбаганын көрсөтөт жана шайлоо участогунда добуш берүү үчүн ящиктерди ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, добуш берүү үчүн ящикке мөөр басууга катышкан башка адамдардын колдору коюлган контролдук барактарды алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт. Шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылгандан кийин эсептелет жана жыйынтыктары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жазылат. Добуш берүү үчүн ящиктерден алып чыгылган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогунда шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүсү же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн ящикте шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт. Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин добуш берүү үчүн ящиктеги шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн ящиктеги бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү жаккы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат. 8. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган ящиктерден алынып чыккан шайлоо бюллетендерин талапкерлердин, талапкерлердин тизмесинин ар бири үчүн, "Баардык талапкерлерге каршы", "Талапкерлердин тизмесинин баардыгына каршы" позициялары боюнча берилген добуштар боюнча шайлоо бюллетендерин сорттойт, ошол эле учурда белгисиз формадагы шайлоо бюллетендерин жана жараксыз шайлоо бюллетендерин бөлөт. Шайлоо бюллетендерин сорттоодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендеринде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыя кылат жана шайлоо бюллетендерин көзү менен көрүп контролдоо үчүн эсептөөдө катышып олтургандардын бардыгына көрсөтөт. 9. Сорттолгон шайлоо бюллетендери менен талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу. 10. Андан соң белгилүү формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштары ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча жана "Баардыгына каршы" деген позиция боюнча өз-өзүнчө эсептелет. Сорттолгон шайлоо бюллетендерин эсептөө аларды эсептөө учурунда катышып олтурган адамдар ушул же шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай түрдө үнүн чыгаруу менен, бир пачкадан экинчисине которуу жолу менен жүзөгө ашырылат. Бир эле учурда ар башка пачкалардагы шайлоо бюллетендерин эсептөөгө жол берилбейт. 11. Жараксыз шайлоо бюллетендери эсептелет жана өзүнчө суммаланат. Шайлоочунун эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон шайлоо бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө ящиктен алынган жараксыз шайлоо бюллетендери (эгерде добуш берүү үчүн көчмө ящикте шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан ашкандыгынын фактысы орун алган болсо) жараксыз деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген коргоо белгилери коюлбаган, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталбаган жана башка белгилерди камтыбаган, белгиленбеген формадагы бюллетендер да жараксыздардын санына кирет. Аларда талапкерлердин пайдасына белгилердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашып кеткен, ал эми пропорциялуу система боюнча шайлоодо - талапкерлердин тизмесинин пайдасына белгилердин саны бир саптан ашкан шайлоо бюллетендери жараксыз деп эсептелинет. Шайлоо бюллетенин жараксыз деп табууда шектенүү келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында шайлоо бюллетенинин арткы бетинде анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын койгон колу менен ырасталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. 12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөө учурунда бардык катышып отурган адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролу астында шайлоо бюллетендери менен өз көзү менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урнадагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча шайлоо бюллетендери талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алардын көрүп туруп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен кайра эсептелет. Мында шайлоо бюллетендери үн чыгарып эсептелет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет. 13. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук өз ара катыштарын текшерүү жүргүзүлөт. 14. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналыш өткөрөт, анда добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө учурундагы эреже бузуулар жөнүндө келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат, ар бир даттануу (арыз) боюнча чечимдер кабыл алынат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин сорттолгон шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун номуру, шайлоо бюллетендеринин, чектердин саны жана шайлоочулардын тизмелеринин аталыштары көрсөтүлөт. Пакеттер мөөр басып чапталат, аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет жана өзүнчө мүшөккө же кутучага салынат. Мүшөктө же кутучада шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Мүшөк же кутуча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колдорун коюу менен чапталат. Шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин, чектерди, автоматтык түрдө эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчетторду таңгактоо, ошондой эле аларды мүшөккө же кутучага салуу талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусу менен жүзөгө ашырылат, аларга да мүшөккө же кутучага өз колдорун коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Пакет, мүшөк же кутуча жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн. 15. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт жана ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрү кол коет. Протоколдорго тиешелүү участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет. 16. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын токтоосуз участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып олтурган мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында угуза окуйт. 17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын биринчи нускасын шайлоо документтери, анын ичинде шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, даттануулар (арыздар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын алгачкы жана жыйынтык протоколдору, идентификация боюнча алгачкы жана жыйынтык отчеттор менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан эсептөөгө катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосу менен аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет. 18. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат. 19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат. 20. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуштарды эсептөөдө катышып отурган ар бир адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен ырасталган көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 21. Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы, ошондой эле шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси кеминде 3 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат. |
39-берене. Кайталап шайлоо 1. Эгерде шайлоо болбой калса, 2. Шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес. 3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болсо, кайталап шайлоолорго катышкан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында жүргүзүлөт.
|
39-берене. Кайталап шайлоо 1. Эгерде шайлоо болбой калса, же шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын тиешелүү округдар жана жергиликтүү кеңештер боюнча кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү жана каттоо, башка аракеттер, анын ичинде шайлоо боюнча шайлоо аракеттеринин мөөнөтү ушул Мыйзам жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик укуктук актылары менен каралган тартипте жүзөгө ашырылат. Кайталап шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. 2. Шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес. 3. Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын кызмат адамдарынын чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана (же) шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табышы үчүн негиз болсо, кайталап шайлоолорго катышкан жана кайталап шайлоого катышууну каалагандыгын билдирген талапкерлердин, саясий партиялардын арасында жүргүзүлөт.
|
42-берене. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу 1. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн. 2. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, 3. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу. 5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат. 6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт. 8. Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. 9. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат. 10. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алат. 12. Арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу эмес деп табат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналарын белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат. 13. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
|
42-берене. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу 1. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн. 2. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрылышы мүмкүн. 3. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу. 5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат. 6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат. 7. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт. 8. Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет. 9. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат. 10. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алат. 12. Арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу эмес деп табат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналарын белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат. 13. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. 14. Талаштар менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш. |
43-берене. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө чечимдерине даттануу 1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алат. 2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдери аймактык шайлоо комиссияларына: аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери - Борбордук шайлоо комиссиясына: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери - биринчи инстанциядагы сотко: биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. 3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөрү менен ырасталган чечими арыздануучуга жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат. 5. Ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 6. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда сот Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгарышы мүмкүн. 7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот. Сот тарабынан жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган чечим арыздануучуга, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз берилет. Ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөл даттануусун берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин же биринчи инстанциядагы соттун чечимдерин аткарууну токтото турат. 8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу ал чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн. 9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап даттануу берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде каралат. Көзөмөл даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилип, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат. Соттун чечимине көзөмөл даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу жүргүзүлөт. Даттанууну көзөмөл инстанциясына түздөн-түз берүү аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Көзөмөл инстанциясынын сотунун токтому ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
|
43-берене. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө чечимдерине даттануу 1. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алат. 2. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдери аймактык шайлоо комиссияларына: аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери - Борбордук шайлоо комиссиясына: Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери - биринчи инстанциядагы сотко: биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. 3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде арызда (даттанууда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөрү менен ырасталган чечими арыздануучуга жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат. 5. Ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет. 6. Ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда сот Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгарышы мүмкүн. 7. Соттун чечими чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болот. Сот тарабынан жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган чечим арыздануучуга, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз берилет. Ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө көзөмөл даттануусун берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин же биринчи инстанциядагы соттун чечимдерин аткарууну токтото турат. 8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу ал чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн. 9. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап даттануу берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде каралат. Көзөмөл даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилип, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат. Соттун чечимине көзөмөл даттануусу чечим чыгарган тиешелүү сот аркылуу жүргүзүлөт. Даттанууну көзөмөл инстанциясына түздөн-түз берүү аны кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Көзөмөл инстанциясынын сотунун токтому ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, биротоло болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү бүткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. 11. Талаштар менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш. |
44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер 1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы 2. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат. 1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде; 2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда; 3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда; 4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда; 5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда; 6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда; 7) талапкер, 3. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат: 1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда; 2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда; 3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда; 4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда; 5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда; 6) 4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. 5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.
|
44-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер 1. Талапкерди каттоо тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер өзүндө пассивдүү шайлоо укугу жок экендиги жөнүндө маалыматтарды жашырып койгондугунун фактысы далилденгенде, анын ичинде талапкерде ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу алып салынбагандыгынын же жоюлбагандыгынын. талапкерге карата соттун айып коюлуучу өкүмү күчүнө киргендигинин, талапкер Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы же ажырагандыгы жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгы жөнүндө жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген башка негиздери болгон учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда жокко чыгарылат. 2. Талапкерди каттоону жокко чыгаруу добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат. 1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде; 2) саясий партия талапкерлердин тизмесинен кээ бир талапкерлерди чыгарганда; 3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо учурунда шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса же болбосо талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды талапкердин шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын эң чоң белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда; 4) ушул Мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда; 5) талапкердин, талапкердин өкүлдөрү тарабынан талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу же талапкерди шайлоо максатында кызматынын же кызмат абалынын артыкчылыктарын анын өкүлдөрү пайдаланууга талапкердин тизмеси бар экендигинин фактылары ырасталганда; 6) ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга талапкердин, анын өкүлүнүн түздөн-түз тиешелүүлүгү бардыгы ырасталганда; 7) талапкер, анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары, ошондой эле жакын туугандары же болбосо алардын тапшыруусу менен аракеттенген башка адамдар тарабынан шайлоочуларды сатып алынгандыгынын же талапкердин шайлоочуларды сатып алууга тиешелүүлүгү бар экендигинин фактылары ырасталганда. 3. Талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен төмөнкү учурларда жокко чыгарылат: 1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда; 2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же болбосо саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды саясий партиянын шайлоо фондундагы каражаттардын бардык эң көп белгиленген суммасынан 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда; 3) ушул Мыйзам менен аныкталган талапкерлердин тизмеси каттоонун эрежелери бузулганда; 4) саясий партиянын жетекчилиги тарабынан талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдалангандыгынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызматынын же кызматтык абалынын артыкчылыгын пайдаланууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда; 5) аткаруу органдарынын жетекчилигинин же кызматкерлеринин саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз тиешелүүлүгүнүн фактылары ырасталганда; 6) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, саясий партиянын атынан келген байкоочулардын, ошондой эле алардын тапшыруусу менен аракеттенген башка адамдарынын шайлоочуларды сатып алуусунун же алардын шайлоочуларды сатып алууга тиешеси бар экендигинин фактылары ырасталганда. 4. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандат тапшырылганга чейин талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жок экендиги жөнүндө маалыматтар ырасталган учурда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда бул талапкерди шайлоо жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сот тарабынан жокко чыгарылат. Бул учурда мандат ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. 5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн талапкерди талапкерлердин тизмесин каттоону, добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер акыркы болуп саналат.
|
46-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар 1. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат. 2. Жергиликтүү кеңештин депутаттары анда шайлоо жүргүзүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.
|
46-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар 1. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат. 2. Жергиликтүү кеңештин депутаттары анда шайлоо жүргүзүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат. 3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын болушун камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн атайын чара катары ушул Мыйзамга ылайык: 1) ар бир айылдык кеңеште мандаттын 30 пайызы аялдар үчүн резервде сакталат; 2) шаардык кеңештердин депутаттарына талапкерлердин тизмесине талаптар белгиленет, анда талапкерлердин тизмесинде бир жыныстагы адамдардын болушуна 70 пайыздан ашпаган чек коюлат; 3) жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда ошол эле жыныстагы башка адамга ваканттык мандатты берүүнүн (алмаштыруунун) кепилдиги камсыз кылынат. |
47-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо системасы Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт.
|
47-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо системасы Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алданча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын болушун камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аялдар үчүн атайын чара катары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айылдык кеңеште мандаттын 30 пайызы аялдар үчүн резервде сакталат. |
48-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо
2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда Президент бир эле убакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындайт. Мында шайлоо жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Мындай учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
|
48-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо 1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аяктаганга чейин 60 календарлык күндөн кеч эмес Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт алар шайланган күндөн баштап эсептелет. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо күнү болуп алар шайланган добуш берүү күнү эсептелет. 2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда Президент бир эле убакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындайт. Мында шайлоо жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Мындай учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.
|
49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт. 2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: 1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга; 2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга. 3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу: 1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди; 2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди. 3-1. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. 5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. 6. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. 7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан 8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. 9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө берилет. 10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат.
|
49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт. 2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: 1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга; 2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга. 3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу: 1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди; 2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди. 3-1. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 4. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. 5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. 6. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз. 7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш. 8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. 9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө берилет. 10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат.
|
50-берене. Шайлоо күрөөсү
2. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын
3. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн 2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн
|
50-берене. Шайлоо күрөөсү 1. Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин берген саясий партиялар, ошондой эле айылдык кеңешке талапкерлер ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо күрөөсүн берет. 2. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 7 пайыздан кем эмеси партиянын тизмеси үчүн добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин салынган шайлоо күрөөсү саясий партияга кайтарылып берилет. Шайлоонун мажоритардык системасында берилген шайлоо күрөөсү эгерде талапкер депутаттык мандатты алгачкы бөлүштүрүүгө катышса, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо системасын өркүндөтүүгө максаттуу түрдө пайдаланылат. 3. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет: 1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң эсе өлчөмүндө; 2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эсе өлчөмүндө; 21) айылдык кеңештерге – мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү эсе өлчөмүндө.
|
51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо 1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет. Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
|
51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо 1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет. Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет. Саясий партиянын талапкерлеринин катталган тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча талапкер тарабынан түзүлүүгө жана талапкер тарабынан жеке берилүүгө тийиш. Жүйөлүү себептер боюнча арызды жеке берүү мүмкүндүгү жок болгон учурда (ооругандыктан стационардык дарылоо мекемесинде болсо, өлкөнүн чегинен тышкары кетсе) аталган арыз нотариалдык жактан ырасталган ишеним каттын негизинде талапкер ыйгарым укук берген адам тарабынан берилет. Аталган арыз чакыртып алынбайт. 2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын
|
52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө
2. 1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү; 2) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылышы; 3) депутаттын каза болушу; 4) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши; 5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши; 6) ишке өткөндө же анын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабашы; 7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши; 8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбошу; 9) жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы; 10) жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбеши; 11) шайлоонун жараксыз деп табылышы; 12) (КР 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат. 4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.
|
52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө 1. Шаардык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча пропорционалдуу система боюнча шайлоодо депутат болуп шайланган саясий партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге берилет. Айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкүлөргө берилет: 1) мандаттарды резервде сактоонун негизинде мандат алган аял-депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда мандат тиешелүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добушун алган кийинки аял-талапкерге берилет. Эгерде аял-талапкер калбаса, мандат ушул берененин 1-бөлүгүнүн экинчи пунктуна ылайык бөлүштүрүлөт; 2) тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган шайланган кийинки талапкер депутатка берилет. 2. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт: 1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү; 2) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылышы; 3) депутаттын каза болушу; 4) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши; 5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши; 6) ишке өткөндө же анын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабашы; 7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши; 8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбошу; 9) жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы; 10) жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбеши; 11) шайлоонун натыйжаларынын жараксыз деп табылышы; 12) (КР 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат. 4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.
|
53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет: 1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин; 2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды); 3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын; 4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти. 2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү. 3. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан 4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. 5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт. 6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт. 7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү. 8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат: 1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо: 2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги; 4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү; 5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.
Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү. 9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн. 10. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт. 12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.
|
53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо 1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет: 1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин; 2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды); 3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жеринен маалымкаттарын; 4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти. 2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү. 3. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна ушул Мыйзамдын 50-беренеси менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизет. 4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. 5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт. 6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт. 7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү. 8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат: 1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо: 2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги; 4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү; 5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу. 6) бир жыныстагы жарандардын өкүлчүлүгү жөнүндө талаптардын сакталбашы жана ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүндө белгиленген кезектеги айырмачылыктардын болушу. Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү. 9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн. 10. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт. 12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.
|
54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу 1. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин
|
54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу 1. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерди тиешелүү талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. 2. Саясий партия кайсыл гана убакта болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү түрдөгү жазуу жүзүндөгү арызды берип, талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесинин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. 3. Саясий партия кайсыл гана убакта болбосун, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү түрдөгү жазуу жүзүндөгү арызды берип, талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тизмесинен чыгарып салууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерди (талапкерлерди) тиешелүү талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Ошол эле учурда талапкерлердин тизмесинде талапкерлердин жайгашкан кезеги ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен сакталууга тийиш.
4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын
|
55-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду 1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. 2. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн
|
55-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду 1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт. 2. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 10 000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 1 500 000 эседен ашышы мүмкүн эмес. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: 1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5 000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; 4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500 000 эседен ашышы мүмкүн эмес.
|
56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо 1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт. 2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет. Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот. Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет. 4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт. 5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет: - депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары; - талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты. 6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. |
56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо 1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт. 2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет. Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат. Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат. Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет. Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет. 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү - бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот. Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот. Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет. 4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт. 5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет: - депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары; - талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты. 6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. |
59-берене. 1.
|
59-берене. Шайлоо округу боюнча мандаттарды резервге сактоо 1. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир айылдык кеңеш боюнча депутаттардын мандаттарынын 30 пайызы аялдар үчүн резервге сакталат. Алардын ар бириндеги көп мандаттуу шайлоо округдарынын саны жана мандаттардын саны тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан ушул Мыйзамдын 10-беренесине ылайык аныкталат. 2. Ар бир шайлоо округу боюнча резервге сакталган мандаттардын саны ушул Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине ылайык шайлоо округдары жана участкалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо менен бир убакта жарыяланат.
|
60-берене. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 1. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет: 1) партиянын (мажоритардык система боюнча саясий партия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) аталышын көрсөтүү менен саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечимин; 2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы; 3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү. 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы документтерден талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерге маалымдоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу. 4. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндалган аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 5. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: 1) талапкерди каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо; 2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ошол шайлоодо талапкердин башка шайлоо округунда катталгандыгынын фактысынын бардыгы; 4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу. 6. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда бүтөт. 8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялайт. 9. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге аны каттоонун датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.
|
60-берене. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 1. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет: 1) партиянын (мажоритардык система боюнча саясий партия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) аталышын көрсөтүү менен саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечимин же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө талапкердин арызын; 2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы; 3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн; 4) шайлоо күрөөсүн бергендигин ырастаган документти.
2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндө ырастама берүүгө милдеттүү. 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлерди көрсөтүүнүн тартибинин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим кабыл алат. Мында, эгерде шайлоо комиссиясы документтерден талапкерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө талапкерге маалымдоого милдеттүү. Талапкер маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди берүүгө укуктуу. 4. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө каттоодон баш тартуунун негиздерин баяндалган аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. 5. Талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: 1) талапкерди каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо; 2) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу; 3) ошол шайлоодо талапкердин башка шайлоо округунда катталгандыгынын фактысынын бардыгы; 4) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандуулугу же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу. 6. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн. 7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо добуш берген күнгө чейин 20 календардык күн калганда бүтөт. 8. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөздө жарыялайт. 9. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге аны каттоонун датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.
|
62-берене. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо 1. Тиешелүү аймактын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
|
62-берене. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо 1. Тиешелүү аймактын айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат. 2. Айылдык кеңештерге шайлоолордун натыйжаларын аныктаганда биринчи кезекте ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык резервге сакталган мандаттар аял-талапкерлердин ортосунда бөлүштүрүлөт. Башка аял-талапкерлерге караганда кыйла көп добуш алган аял-талапкерлер шайланды теп таанылат. Эгерде шайлоо округундагы аял-талапкерлердин саны резервге сакталган мандаттардын санынан аз болсо, анда биринчи абзацта көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. Эгерде тиешелүү шайлоо округунда аял-талапкерлер жок болсо, анда резервге сакталган мандаттар ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык башка талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. 3. Резервге сакталган мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар калган талапкерлердин арасында бөлүштүрүлөт. Тиешелүү шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп санын алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп таанылат. 4. Талапкерлер алган добуштардын саны бирдей болсо, мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күндө катталса, маселе чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет. 5. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт. 6. Тиешелүү аймакта шайлоонун натыйжалары жарыялангандан соң жана депутат болуп шайланган талапкерлерден айылдык кеңештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды токтоткондугу жөнүндө арыздарды алгандан кийин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген үлгүдөгү тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлангандыгы жөнүндө күбөлүктү шайланган депутаттарга берет. |