ДЕМИЛГЕЧИЛЕР: Жогорку Кеңештин депутаттары Г.А. Скрипкина, Д.Д. Бекешев, А.А. Алтыбаева, М.К. Жеенчороев, У.Т. Кыдыралиев, Д.А. Джумабеков, Т.Б. Исакунова, М.И. Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж. Акматов, А.Н. Шыкмаматов
Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук даректерге жөнөтүңүз akismailov@adm.gov.kg, m.sarymsakov@adm.gov.kg, civic@platforma.kg же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 66-28-62
Каттоо номери: № 6-18137/16 29.06.16
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 26-статьяда:
– 2-бөлүктөгү “139-статьянын биринчи бөлүгүндө,” деген сөздөр жана цифралар, “140” деген цифралар алып салынсын;
– 3-бөлүк “130-статьясынын биринчи бөлүгүндө” деген сөздөрдөн кийин “140 беренеде” деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;
2) 163-статьянын 1-бөлүгүндөгү “139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү” деген сөздөр жана цифралар “139, 140-статьялары” деген сөз жана цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 139-статьяда:
– 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы “жүз өлчөмүнөн жүз элүү өлчөмүнө” деген сөздөр “эки жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “түзөтүү жумуштарына” деген сөздөр “эркиндигинен ажыратууга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы “жүз элүү өлчөмүнөн эки жүз элүү өлчөмүнө” деген сөздөр “үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “эки” деген сөз “үч” деген сөз менен алмаштырылсын;
– 3-бөлүктө:
1-пункттагы “сатып алуу,” деген сөздөр алып салынсын;
4-пункттагы “эки жүз элүү өлчөмүнөн алты жүз өлчөмүнө” деген сөздөр “беш жүз өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө” деген сөздөр менен алмаштырылсын, “үч” деген сөз “беш” деген сөз менен алмаштырылсын;
– төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
“(4) Референдум, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кңешинин же жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчыларын шайлоо мезгилинде референдумдун же шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизүү максатында шайлоочунун башка адам же адамдардын тобу үчүн добуш берүүсү, ага тете ушул эле максатта ушундай иш аракеттерге катышуу-
эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн эки миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”;
2) 140-статьяда:
– 1-бөлүктөгү “ошондой эле алардын жакын туугандары, ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын материалдык баалуулуктарды берүү же таратуу” деген сөздөр “ошондой эле алардын жакын туугандары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары же алардын тапшырмасы боюнча аракеттенген башка адамдар тарабынан шайлоочулардын добуштарын акча каражаттарын төлөө же таратуу, материалдык баалуулуктарды берүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 58-3-статья менен толукталсын:
“58-3-статья. Шайлоо комиссясынын жооп бербөөсү же арызды (даттанууну) кароонун мөөнөтүн бузуусу
Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө же добуш берүү күнү участкалык же аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасынын, мүчөлөрүнүн, катчысынын жооп бербөөсү же арызды (даттанууну) кароонун мөөнөтүн бузуусу–
эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү тарабынан жасалышы,–
эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.”;
556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
экинчи абзац “прокуратура органдары” деген сөздөрдөн кийин “аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата” деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац ”ички иштер органдары (” деген сөздөрдөн кийин “52, 53, 53-1, 54, 55, 56, 57, 57-1, 58, 58-1, 58-2, 59,” деген цифралар менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи абзац менен толукталсын:
“аймактык шайлоо комиссиялары (49, 50, 51, 52, 53, 53-1, 54, 55, 56-статьялар)”;
4-берене.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 19-1-пунктундагы “өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Өкмөт белгилеген өлчөмдө сый акы төлөнөт.”;
б) 6-бөлүктөгү “мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө” жана “мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө” деген сөздөр “Өкмөт белгилеген өлчөмдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
– өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
– ушул Мыйзамдан келип чыккан зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат
Мыйзам долбоорунун максаты болуп шайлоо процессиндеги жасалган укук бузуулар үчүн кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана статусу менен байланышкан маселелерди тактоо эсептелет.
Ушул максатта Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (мындан ары – ЖПК), Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (мындан ары – КЖК), Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (мындан ары – АЖК) жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү каралган.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 “Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилип, жаңы курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) ишинин алкагында иштелип чыккан.
Жумушчу топтун курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Аппаратынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү, Жогорку соттун судьясы, Башкы прокуратуранын өкүлү, аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 11-декабрындагы № 276 Жарлыгы менен Жумушчу топко бардык кызыкдар мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана жарандык коом уюмдары менен кеңири талкуулоонун негизинде төмөнкүлөр боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке киргизүү тапшырылган:
1) 2015-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо апробациядан өткөн инновациялык жетишүүлөрдү “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо процессине имплементациялоо;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө аныкталган мүчүлүштүктөрдү, атап айтканда депутаттардын акыркы тизмелериндеги гендердик, этностук жана башка квоталардын кепилдигин мыйзамдык камсыз кылуу бөлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын өркүндөтүү;
3) шайлоо процесстеринин сапатын арттырууга жана жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү башка чараларды кабыл алуу.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу, аны Өкмөттүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алуусу биринчи милдетти аткаруунун алкагында жумушчу топтун ишинин натыйжасы болуп калды (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2016-жылдын 22-январындагы № 8 Мыйзамы).
Жогоруда аталган мыйзамды кабыл алуу менен жергиликтүү шайлоолор жөнүндө мыйзамдарга 2015-жылдын октябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо апробацияланган инновациялык жетишкендиктер имплементация кылынды, бул 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Шайлоо процессин сапат жагынан жакшыртууга жана жарандардын шайланууга жана шайлоого укуктарын реалдуу камсыз кылууга багытталган мыйзамдык мүнөздөгү чараларды кабыл алуунун зарылдыгын эске алып, жумушчу топ каралып жаткан Мыйзам долбоорун сунуштайт.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралат:
1) Укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү жана алардын ишин ткүчөтүү максатында ЖПКнын 26-статьясына оңдоолор киргизилет, аларга ылайык:
– КЖКнын 139-статьясы (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу) толук түрдө эл алдында айыптоо иштерине таандык болот;
– 140-статья (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) жеке айыптоо ишинен жеке-эл алдында айыптоо иштерине киргизилет;
2) ЖПКнын 163-статьясына оңдоолордо КЖКнын 139 жана 140-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөөнү ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жүргүзөт деп каралган.
3) 140-статьядан референдум, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кңешинин же жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчыларын шайлоо мезгилинде референдумдун же шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизүү максатында шайлоочунун башка адам же адамдардын тобу үчүн добуш берүүсү үчүн жоопкерчиликти караган кылмыш курамы 139-статьяга которулат, себеби бул кылмыштын объективдүү жагы шайлоочуларды сатып алганда эмес, шайлоо укуктарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгында турат.
4) Шайлоо укуктарын жүргүзүүгө же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылууга багытталган кылмыштарды жасагандыгы үчүн санкциялар күчөтүрлөт.
5) КЖКнын 140-статьясында шайлоочулардын добуштарын сатып алууга тиешелүү болушу мүмкүн болгон субъекттердин чөйрөсү конкреттештирилет.
6) АЖКнын 7-главасы жаңы 58-1-статья менен толукталат, анда шайлоо комиссиясынын жооп бербегендиги же арызды (даттанууну) кароонун мөөнөтүн бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган.
7) АЖКнын 556-1-статьясында администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүү боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары такталат, аларды сот карайт.
8) “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинде жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары такталды.
Аталган мыйзамдын 22-беренесинде шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, катчысына мыйзамда белгиленген өлчөмдүн ордуна Өкмөт белгилеген өлчөмдө сый акы төлөнөт деп каралган.
Аталган мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жана “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен бир пакетте иштелип чыккан, алардын максаты болуп Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын мындан ары өркүндөтүү эсептелет.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына карама-каршы келбейт.
Мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасири талдоого алынбайт, себеби ал ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес. Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору киргизилет.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттары
Г.А. Скрипкина
Д.Д. Бекешев
А.А. Алтыбаева
М.К. Жеенчороев
У.Т. Кыдыралиев
Д.А. Джумабеков
Т.Б. Исакунова
М.И. Бакиров
Жунус уулу Алтынбек
А.Ж. Акматов
А.Н. Шыкмаматов
“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна салыштырма таблица
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси |
|
26-статья. Жеке, жеке-ачык жана ачык айыптоо иштери (1) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша сотто айыптоо жеке, жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат. (2) Жеке айыптоо иштерине: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-статьянын биринчи бөлүгүндө, 134-статьяда, 135-статьяда, 136-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 137-статьянын биринчи бөлүгүндө, Ал жабырлануучунун даттануусу боюнча козголот жана тараптардын жарашуусу менен токтотулат. Жарашуу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болушу мүмкүн. (3) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 10, 11-статьяларында каралган чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 129-статьясынын биринчи бөлүгүндө жана 130-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер жеке-ачык айыптоо иштерине таандык кылынат. (4) Калган кылмыштар жөнүндөгү иштер ачык-айыптоо иштери болуп эсептелет. |
26-статья. Жеке, жеке-ачык жана ачык айыптоо иштери (1) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша сотто айыптоо жеке, жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат. (2) Жеке айыптоо иштерине: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-статьянын биринчи бөлүгүндө, 134-статьяда, 135-статьяда, 136-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 137-статьянын биринчи бөлүгүндө, 146, 151, 178, 194-статьяларда, 324-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер кирет. Ал жабырлануучунун даттануусу боюнча козголот жана тараптардын жарашуусу менен токтотулат. Жарашуу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болушу мүмкүн. (3) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 10, 11-статьяларында каралган чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 129-статьясынын биринчи бөлүгүндө жана 130-статьясынын биринчи бөлүгүндө,140 беренеде каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер жеке-ачык айыптоо иштерине таандык кылынат. (4) Калган кылмыштар жөнүндөгү иштер ачык-айыптоо иштери болуп эсептелет. |
163-статья. Тергөөнүн караштуулугу (1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, (1-1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүш сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. (2) Коомдук коопсуздукка, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясы), жеке менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү), каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3) Сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статья, 326-статьясынын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү) жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-1) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө тергөөнүн караштуулугуна карабастан прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт. (4) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (5) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-182, 184, 185, 186, 188-203, 208, 209, 211, 212, 213-статьянын биринчи бөлүгү, 215-225-статьялар жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (5-1) Экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдарынын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291, экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү) жазык иштери боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9-1) Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (10) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), Тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171-статьянын биринчи бөлүгү 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (12) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (13) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1 - 299-3-статьялары) кылмыш иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15-1) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутуму жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет. (17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат. (18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт.
|
163-статья. Тергөөнүн караштуулугу (1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139, 140-статьялары, 140-1-145, 146-1-149, 152-статьялары), үй-бүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-158-статьялары, 160-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 169-1, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255, 256-статьялары, 257-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-264-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), жолдо жүрүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-статьялары, 326-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 336-339-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары, 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (1-1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүш сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт. (2) Коомдук коопсуздукка, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясы), жеке менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү), каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3) Сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статья, 326-статьясынын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү) жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-1) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (3-2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө тергөөнүн караштуулугуна карабастан прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт. (4) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (5) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-182, 184, 185, 186, 188-203, 208, 209, 211, 212, 213-статьянын биринчи бөлүгү, 215-225-статьялар жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (5-1) Экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдарынын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291, экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү) жазык иштери боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (9-1) Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (10) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), Тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171-статьянын биринчи бөлүгү 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (12) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (13) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1 - 299-3-статьялары) кылмыш иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (15-1) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутуму жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет. (17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат. (18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт.
|
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси |
|
139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу (1) Гражданиндин өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялуулугун сырын бузуу, ошондой эле аларга өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын же шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ишине тоскоолдук кылуу - эсептик көрсөткүчтүн (2) Кызмат орундук же кызматтык абалды пайдалануу менен шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын шайлоо жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына, анын чечимине таасир этүү максаты менен кийлигишүүсү, алып айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноо маселелери боюнча жана шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын гана компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча талаптары же көрсөтмөлөрү - эсептик көрсөткүчтүн (3) Ошол эле жосундар: 1) 2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда; 3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалганда; 4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн
|
139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу (1) Гражданиндин өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялуулугун сырын бузуу, ошондой эле аларга өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын же шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ишине тоскоолдук кылуу - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Кызмат орундук же кызматтык абалды пайдалануу менен шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын шайлоо жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына, анын чечимине таасир этүү максаты менен кийлигишүүсү, алып айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноо маселелери боюнча жана шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын гана компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча талаптары же көрсөтмөлөрү - эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар: 1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолгондо; 2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда; 3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалганда; 4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же белгилүү кызмат орундарын ээлөө укугунан же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейин ажыратууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Референдум, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кңешинин же жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу башчыларын шайлоо мезгилинде референдумдун же шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизүү максатында шайлоочунун башка адам же адамдардын тобу үчүн добуш берүүсү, ага тете ушул эле максатта ушундай иш аракеттерге катышуу- эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн эки миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
|
140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу (1) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана башка мамлекеттик бийликтин шайлануучу органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
|
140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу (1) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана башка мамлекеттик бийликтин шайлануучу органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары же алардын тапшырмасы боюнча аракеттенген башка адамдар тарабынан шайлоочулардын добуштарын акча каражаттарын төлөө же таратуу, материалдык баалуулуктарды берүү же кандайдыр бир кызматты же башка убайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алганда, - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салуу же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2-бөлүк КЖКнын 139-статьясына жаңы 4-бөлүк болуп которулган
|
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси |
|
7-глава. Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар |
7-глава. Жарандардын укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирген администрациялык укук бузуулар 58-3-статья. Шайлоо комиссясынын жооп бербөөсү же арызды (даттанууну) кароонун мөөнөтүн бузуусу Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө же добуш берүү күнү участкалык же аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасынын, мүчөлөрүнүн, катчысынын жооп бербөөсү же арызды (даттанууну) кароонун мөөнөтүн бузуусу– эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү тарабынан жасалышы,– эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
|
556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар); ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422, 489-статьялар); (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья); балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 65-1, 66, 66-1, 66-3-статьялар); дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар); экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68, 69, 70, 71, 72, 73, 74, 79, 79-1, 100, 102, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 371, 383, 410, 419, 419-1, 454, 464, 467, 468, 476-статьялар); миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья); социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья); саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар); стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья); (он үчүнчү КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 489-статьялар); мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-бешинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын экинчи бөлүгү, 248-статья); автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья); аба транспортунун органдары (254-статья); (он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар); (жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья); салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар); ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья); интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар); маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар); Улуттук банк (363-статья); (жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); (жыйырма тогузунчу абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); юстиция органдары (394-статья); улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар); финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар); билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья); (отуз төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар); финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (505-22-статья); 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-5-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет. |
556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына карата (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1, 387-1, 234-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар); ички иштер органдары (52, 53, 53-1, 54, 55, 56, 57, 57-1, 58, 58-1, 58-2, 59, 66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү, 345, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 373-1, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393, 422, 489-статьялар); (төртүнчү абзац КР 2012-жылдын 1-мартындагы N10 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья); балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 65-1, 66, 66-1, 66-3-статьялар); дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар); экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (68, 69, 70, 71, 72, 73, 74, 79, 79-1, 100, 102, 118, 119, 120, 121, 122, 123, 140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 371, 383, 410, 419, 419-1, 454, 464, 467, 468, 476-статьялар); миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья); социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья); саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 85-2, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар); стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья); (он үчүнчү КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); айлана-чөйрөнү жана токой экотутумун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (140, 141, 142, 145, 146, 147, 148, 149, 149-1, 149-2, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157, 160, 161, 179, 179-1, 180, 489-статьялар); мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрү (228-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү, 230-статьянын үчүнчү бөлүгү, 234-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статьянын биринчи-бешинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрү, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241-статьянын үчүнчү бөлүгү, 242-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 243-статьянын экинчи бөлүгү, 248-статья); автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья); аба транспортунун органдары (254-статья); (он тогузунчу абзац КР 2014-жылдын 3-февралындагы N 25 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар); (жыйырма биринчи абзацы КР 2013-жылдын 20-февралындагы N 26 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья); салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялар); ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья); интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган (342-345-статьялар); маданият жаатындагы ыйгарым укук берилген орган (305-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 117-1 - 117-5, 344-статьялар); Улуттук банк (363-статья); (жыйырма сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы N 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); (жыйырма тогузунчу абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); юстиция органдары (394-статья); улуттук коопсуздук органдары (272-1 - 272-3-статьялар, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар); финансы полициясынын органдары (305-статьянын биринчи-үчүнчү бөлүктөрү, 339-341, 400-1-статьялар); билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья); (отуз төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 28-январындагы N 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар); финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (505-22-статья); аймактык шайлоо комиссиялары (49, 50, 51, 52, 53, 53-1, 54, 55, 56-статьялар); 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-5-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет. |
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
|
20-берене. Аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары 1. Аймактык шайлоо комиссиясы: 1) ушул Мыйзамдын жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү аймакта алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат; 2) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат; 3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет; 4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт; 5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт; 6) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат; 7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт; 8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, шайлоо, референдумду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт; 9) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзөт, жазат, жаңылайт жана тактайт; 10) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат; 11) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат; 12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат; 13) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет; 14 участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат; 15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп тааныйт; 16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте, тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт; 17) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт; 18) Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду өткөрүп берет; 19) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет; 19-1) 20) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат; 21) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат; 22) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет; 23) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат; 24) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервди окутат; 25) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. 2. Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
|
20-берене. Аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары 1. Аймактык шайлоо комиссиясы: 1) ушул Мыйзамдын жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү аймакта алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат; 2) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат; 3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет; 4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт; 5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт; 6) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат; 7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт; 8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, шайлоо, референдумду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт; 9) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзөт, жазат, жаңылайт жана тактайт; 10) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат; 11) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат; 12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат; 13) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет; 14 участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат; 15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп тааныйт; 16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолорду өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте, тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт; 17) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт; 18) Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду өткөрүп берет; 19) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет; 19-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот; 20) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат; 21) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат; 22) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет; 23) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат; 24) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервди окутат; 25) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат. 2. Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
|
22-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу 1. Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт: 1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 8) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес. 3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү негизги ишинен ажыратылбастан иштейт. 4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат. 5. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине негизги ишинен бошогон аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иш орду боюнча (менчиктин түрүнө карабастан) орточо эмгек акы сакталат. 6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 8. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес. 9. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү: 1) жыйналыш жөнүндө күн мурдатан кабардар болот; 2) тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет; 3) аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу; 4) тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо бюллетендерин кошпогондо) жана аларды күбөлөндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу; 5) тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу; 6) шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун инсандыгы көрсөтүлгөн документ туура келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу; 7) жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз. 10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкү учурларда милдеттеринен бошотулат: 1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде; 2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде; 3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет өлкө мамлекетинин аймагына жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашап туруу уруксатын алганда; 4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 5) аны аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жана дайынсыз жоголду, өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 6) тийиштүү шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо; 7) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо; 8) тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбайт деген ырастоосу таанылганда; 9) аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылганда; 10) тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда. 11. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен шайлоо тартибинде жүзөгө ашырылат.
|
22-берене. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн статусу 1. Төмөнкүлөр аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албайт: 1) Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; 2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; 3) судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; 4) талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү; 5) башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; 6) мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; 7) башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 8) (КР 2014-жылдын 13-мартындагы № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Аймактык, участкалык бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайланышы мүмкүн эмес. 3. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү негизги ишинен ажыратылбастан иштейт. 4. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде негизги иши боюнча милдеттерин аткаруудан убактылуу бошотулат. 5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Өкмөт белгилеген өлчөмдө сый акы төлөнөт. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине негизги ишинен бошогон аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө негизги иш орду боюнча (менчиктин түрүнө карабастан) орточо эмгек акы сакталат. 6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына Өкмөт белгилеген өлчөмдө сый акы төлөнөт. Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына жана катчысына шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Өкмөт белгилеген өлчөмдө сый акы төлөнөт. 7. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү тигил же бул маселе боюнча өз пикири, сунушу үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өз ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алууга мажбурлоо максатында таасир көрсөтүү, зомбулук аракеттерди жасоо, мазактоо, ага тете ушактоо, анын ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерди аткарышы жөнүндө жалган маалыматтарды таркатуу мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 8. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо, референдумду өткөрүү мезгилинде жана шайлоо, референдум аяктагандан кийин 6 айдын ичинде администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке которулушу мүмкүн эмес. 9. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү: 1) жыйналыш жөнүндө күн мурдатан кабардар болот; 2) тийиштүү шайлоо комиссиясынын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизет; 3) аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарына кирген жана анын жыйналыштарында каралып жаткан ар кандай маселелер боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга укуктуу; 4) тийиштүү жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын документтери жана материалдары менен таанышууга, алардын көчүрмөлөрүн алууга (шайлоочулардын тизмелерин, шайлоо бюллетендерин кошпогондо) жана аларды күбөлөндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу; 5) тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына шайлоо комиссиясынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга укуктуу; 6) шайлоочунун, референдумдун катышуучусунун инсандыгы көрсөтүлгөн документ туура келишин жана бюллетенди алуунун тууралыгын текшерүүгө укуктуу; 7) жыйналышта добуш берүүдөн калыс болууга укуксуз. 10. Аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкү учурларда милдеттеринен бошотулат: 1) өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз бергенде; 2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткенде; 3) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жоготкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда же чет өлкө мамлекетинин аймагына жарандын туруктуу жашоо укугун ырастаган жашап туруу уруксатын алганда; 4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; 5) аны аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жана дайынсыз жоголду, өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде; 6) тийиштүү шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча - кайтыш болгондо; 7) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер пайда болгондо; 8) тийиштүү шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими менен шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз милдеттерин жана тапшырмаларды дайыма аткарбайт деген ырастоосу таанылганда; 9) аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы таркатылганда; 10) тийиштүү аймактык, участкалык шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча - милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбаганда. 11. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, бош орунду ээлөө ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо менен шайлоо тартибинде жүзөгө ашырылат.
|