Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2018-жылдын 18-декабрындагы «Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө» Ч Е Ч И М И

29-03-2019 09:52

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2018-жылдын 18-декабрындагы

 

«Автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү талаптагыдай эмес тейлегендери боюнча шайлоочулардын кайрылуулары жөнүндө»

 

Ч Е Ч И М И

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) автотранспорттук каражаттардын айдоочулары тарабынан (шаардык, шаарга чектеш, шаар аралык каттамдар менен, область ичиндеги жана областтар аралык байланыштар жана эл аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча «Тилеке» ЖЧК жамаатынын кайрылуулары, республиканын тургундарынын башка оозеки жана жазуу жүзүндөгү даттануулары менен таанышып, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучусу Ж.А. Ногойбаевдин, Бишкек шаарынын транспорт иштерин тейлөөчү вице-мэри М.В.Ситниковдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары А.К.Орозалиевдин маалыматтарын угуп, төмөндөгүнү белгилейт.

Акыркы убактарда автотранспорттук каражаттар менен (шаардык, шаар аралык жана мамлекеттер аралык каттамдар менен) жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу айдоочулардын тартипсиздигинен, жоопкерчиликсиздигинен жабыркаган көп сандагы видеороликтери, оозеки жана жазуу жүзүндөгү даттануулары, соцтармактагы жүктөөлөрү менен Комитеттин гана дарегине эмес, ошондой эле башка мамлекеттик жана укук коргоо органдарына да Кыргызстандын жашоочуларынын кайрылуулары толуп кетти, бирок маселе эмдигиче чечилбей келет, ал эми кырдаал болсо күндөн күнгө начарлоодо.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 32-главасы, «Автомобиль транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 5-главалары, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 213-9-беренеси; «Транспорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 9 жана 14-статьялары талаптагыдай эмес деңгээлде контролдонуп жатканын белгилөө керек, андан калса жүргүнчүлөрдү дайындалган белгилүү пунктка че