Мадеминов Мурадыл Ганыевич

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-87-84

1965-жылдын 13-апрелинде Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбеков атындагы айылда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун Педагогика факультетин, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1982-жылы "Кадамжай" совхозунда автослесарь болуп иштөөдөн баштаган.

1990-1993-жылдары Бишкек шаарындагы Суворов атындагы аскер окуу жайында взводдун командири;

1994-1997-жылдары "Elegant" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;

1997-1999-жылдары "Грант" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары;

2000-2003-жылы жеке ишкерлик менен алектенген.

2004-2010-жылдары "Балчы" ЖЧКнын директору;

2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык  партиясынын тизмеси боюнча  V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2015-жылыдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык  партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.