Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 13-сентябрындагы көчмө жыйналышынын “Кара-Кечени” коргоо боюнча Коомдук Комитетинин 2016-жылдын 23-августундагы кайрылуусу жөнүндө» чечими

22-09-2016 12:07

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 13-сентябрындагы көчмө жыйналышынын

 

“Кара-Кечени”  коргоо  боюнча Коомдук  Комитетинин  2016-жылдын                     23-августундагы кайрылуусу жөнүндө»

 

ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кара-Кечени”  коргоо боюнча Коомдук Комитеттин төрайымы А.Толубаеванын кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыповдун, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу  мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары К.Мырзакановдун, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орунбасары Б.Алиевдин жана башка жетекчилердин катышуусунда карап чыгып, төмөндөгүлөрдү тастыктайт.

         Кыргыз Республикасынын Экономика министрилигинин сунуштамасы боюнча Т. Бокешов  “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун биринчи орунбасары кызмат ордуна дайындалган, бирок талаптагыдай иш тажрыйбасынын жоктугунан улам бир катар жаңылыштыктарды кетирген.  Ал жүргүзгөн кадрдык жылыштыруулар эмгек жамаатындагы ички чыр-чатакка алып келген. Түзүлгөн кырдаал “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын ишине тикелей таасирин тийгизди.

         Көмүр казып алуу 2015-жылга салыштырмалуу 122,8 миң тоннага төмөндөдү.  2016-жылдын январь - июнь айларында өнөр жай өндүрүмүнүн көлөмү 748,7 млн. сомду түздү (өсүш темпи 84.9 %ды түздү). “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасында эмгек акы боюнча карыз 8 млн. сомдон ашуун, Соцфонд   боюнча - 6 млн. сомго жакын, ал эми дебитордук карыз (аласа) - 75 млн. сом, кредитордук карыз (бересе) - 45 млн. сом болду. Карьердеги казуу-ачуу жумуштары  дээрлик 50 %га артта калды.

         “Центральный” (“Борбордук”) разрезиндеги (казындысындагы) сыйрылып алынган топурак-кум катмарын ташууну жүзөгө ашырып келген “Жандос” ЖЧК  менен мурда түзүлгөн келишим бузулуп,  сыйрылып алынган топурак-кум катмарын ташууга “САТЭК” ЖЧК менен жаңы келишим түзүлгөн.

         Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча   фонду                   2016-жылдын  9-сентябрындагы буйругу менен Т. Бокешовду “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун биринчи орунбасары кызмат ордунан бошотту, ал эми М. Жаманбаевди “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун биринчи орунбасары, генералдык директордун милдетин аткаруучу  кызмат ордуна дайындады.

Комитеттин пикиринде, эң ири көмүр кени болгон “Кара-Кечени” ургаалдуу өздөштүрүү максатында,  2016 - 2017-жылдарда жана андан кийинки мезгилде өлкөбүздүн калкын жана Бишкек шаарынын ЖЭБ-н  көмүр менен өз убагында жана үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн тийиштүү финансылоо маселелерин тез арада кароо жана чечүү керек.

Белгилеп кете турган нерсе, 2016-жылдын 4-апрелинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын 2016-жылы көмүр казып алуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн зарыл техниканы сатып алууга                  1 447 508 АКШ доллары суммасында инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү табыштамасын   жактырган.

Бирок, 2016-жылдын 29-июлунда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына байланышкан соттук териштирүүлөргө байланыштуу жана анын финансылык абалынын начарлоосунан улам,  1 447 508 АКШ доллары суммасындагы инвестициялык кредитти жактыруу жөнүндө өзүнүн мурда кабыл алган чечимин жокко чыгарган.

Комитеттин көчмө жыйналышынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары К.Мырзаканов атайын эсептен  “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына 15 млн. сом суммасында жардам көрсөтүү мүмкүндүгү тууралуу катышуучуларга билдирди, бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, атайын эсеп жөнүндө колдонуудагы жобо бул каражаттарды бөлүп берүүгө мүмкүндүк бербей жаткандыгын айтты.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй

 

ЧЕЧИМ       кабыл алды:

        

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр сунушталсын:

- Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду тарабынан, мурда түзүлгөн келишимге ылайык “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына   1 447 508 АКШ доллары суммасында инвестициялык кредит берилишине көмөк көрсөтүү;

- 2017-жылга республикалык бюджетте “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына анын “Кара-Кече” филиалын өнүктүрүү үчүн бюджеттик ссуда бөлүүнү кароо;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө жобону “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына финансылык жардам берүүгө мүмкүндүк түзүү максатында кайра кароо.

 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын иш-аракетин өнүктүрүү” инвестициялык долбоорун реабилитациялоо үчүн кредит алуу жагында күрөөлүк камсыздоо жөнүндөгү маселени чечсин.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети:

- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына атайын эсептен 15 млн. сом суммасында кредиттик колдоо көрсөтүү мүмкүндүгүн карасын;

- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун мурдагы биринчи орунбасары Т. Бокешов иштеген мезгилдеги анын  кадрлар боюнча буйруктарынын Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келүүсүн текшерүүнү жүргүзсүн;

- “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун милдетин аткаруучу М. Жаманбаевге “Жандос” ЖЧК менен келишимди бузуу жана “САТЭК” ЖЧК менен келишим түзүү жөнүндө маселени  иликтеп териштирүү, мында зарыл болсо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин адистерин тартуу тапшырылсын.

 

4. Кыргыз   Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук    боюнча   мамлекеттик  инспекциясы  2014 - 2016-жылдардагы мезгилде казылып алынган көмүрдүн санын жана сыйрылып алынган катмарлардын көлөмүн аныктоо үчүн “Кара-Кече” көмүр кениндеги “Центральный” (“Борбордук”) тилкесинде контролдук маркшейдерлик өлчөөлөрдү жүргүзүү боюнча көз карандысыз комиссия түзсүн.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча   фонду Комитетке ушул чечимдин аткарылышы жөнүндө                  2016-жылдын 5-октябрына карата маалымат берсин.

 

6. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 К. Рыспаев