“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзам долбоору 2016-жылдын 12-июлунан тартып коомдук талкууга коюлат

12-07-2016 10:45

ДЕМИЛГЕЧИ:  Жогорку Кеңештин депутаттары  М. Жеенчороев,

Сунуш-пикирлерди төмөнкү электрондук дарекке жөнөтсөңүз болот  cholponbek79@mail.ru  же ушул телефон аркылуу билдирсеңиз болот 0312 63-85-07

Каттоо номери: № 6-18888/16     11.07.16

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

ДОЛБООР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

  1. 3-берене төмөнкү мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

“4-1. Мыйзамда белгиленген тартипте оперативдүү-алдын алуучулук эсепте турган адамдар Президенттин кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок.”

  1. 15-берененин 3-5-бөлүктөрүндөгү “15” деген цифралар “30” деген цифраларга а

алмаштырылсын.

  1. 29-берене төмөнкү мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:

“4-1. Добуш берүү үчүн жайда идентификациялоодон өтүүчү шайлоочулардын

фотосүрөтүн көрсөтүү үчүн диагоналы 1метрден кем эмес монитор орнотулууга тийиш. Монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоп турууну жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү жерде жайгаштырылган болууга тийиш.”

  1. 41-берене төмөнкү мазмундагы 19-бөлүк менен толукталсын:

“19. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып

шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейинки мезгилде алар тарабынан саясий партиялардын шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, ошондой эле шайлоочулардын колун чогултуу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү (үгүтчүлөр) боюнча иштерди (кызматтарды) аткаруу (көрсөтүү) үчүн жарандардын эмгегине акы төлөө келишимдери салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулат.”.

  1. 43-берене төмөнкү мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

“7. Арызды кароодон укукка жатпаган баш тартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик

органдын жоопту кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.”.

  1. 46-беренеде:

1-бөлүк “күчүнө киргени жөнүндө,” деген сөздөрдөн кийин “аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо,” деген сөздөр менен толукталсын.

4-бөлүк “күчүнө киргени жөнүндө,” деген сөздөрдөн кийин “аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо,” деген сөздөр менен толукталсын.

  1. 53-берененин 7-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

3-1) аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген

чечими болушу;

  1. 61-берененин 7-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

“3-1) аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болушуу;”.

9. 64-беренеде:

2, 3-бөлүктөрдөгү “07” деген цифралар “1” деген цифралар менен, “7” деген цифра “10” деген цифралар менен алмаштырылсын.

4-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“4. Талапкерлердин тизмесинин ичинен талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү шайлоонун жыйынтыктары боюнча бир партиядан катталган Борбордук шайлоо комиссиясында белгиленген талапкерлердин ичинен саясий партиянын жетекчи органынын чечиминин негизинде бир жолу жүргүзүлөт.”.

10. 65-беренеде:

1-бөлүктө:

экинчи абзацтагы “талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат” деген сөздөр “депутатыкка шайланган талапкер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“Саясий партиялардын  талапкерлеринин тизмесинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган тизмеде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин өзүнүн талапкерлердин тизмесинен чыгуусу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тариз боюнча түзүлүүгө, нотариаттык ырасталууга жана талапкер жеке берүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арыз аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.”;

4-бөлүктүн 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“1) Борбордук шайллоо комиссиясы бекиткен форма боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө Борбордук шайллоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү нотариаттык ырасталган арызды өзүнүн жеке берүүсү;”.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору саясий партиялардын ролун жогорулатуу, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарына кирип кетишин чектөө, шайлоо алдындагы өнөктүктөрдүн бүдөмүксүздүгүн, ошондой эле шайлоо жарышынын бардык катышуучуларына тең шарттарды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Бул Мыйзамдын долбоору менен төмөнкү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуш кылынат.

1. Азыркы убакта уюшкан кылмыштуу түзүлүштөрдүн өкүлдөрүнүн иши жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө иш жүзүндө көрүнүп, анда негизги күч-аракеттер каржылык жана материалдык абалды чыңдоого багытталган. Андан тышкары кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу максатында алар мамлекеттик бийлик органдарына кирип кетүү аракеттерди жасап, мунун өзү терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Иш жүзүндө мыйзам чыгаруу органынын мандатына ээ болгон криминалдык чөйрөнүнүн айрым өкүлдөрүн маалымат катары белгилей кетүү зарыл, бирок мыйзамдын ченемдеринин жоктугунун күчүнөн алардын маалыматтарын азыркы кезге чейин ачыкка чыгаруу мүмкүн эмес.

Уюшкан кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн кедерги фактор болуп саналат, анткени анын көрүнүшү инвестициялык климат үчүн жагымсыз шарттарды түзөт, мунун өзү инвесторлордун артка кетишине, андан кийин ишкердик иштин өнүгүшү үчүн тоскоолдуктардын пайда болушуна алып келет.

Колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча, эгерде кылмышкер кармалбаса, сот тарабынан күнөөлүү деп табылбаса жана түрмөдө отурбаса, Мыйзам аларды чектөөгө мүмкүнчүлүк бербейт. УКТнын мүчөлөрүн УКТнын мүчөлөрү же мындан шек саналган адамдар бар партиялар үчүн добуш бербестен эл гана парламентке кое бербей алат. Бирок практика көрсөтүп тургандай шайлоочулардын кандидатуралары жөнүндө маалыматтуулугунун жетишсиздигинин айынан мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн жоболору азырынча иштебей жатат.

Мына ошентип уюмдашкан кылмыштуулукка каршы чектөө чараларын кабыл алуу үчүн ченемдик укуктук базанын жоктугу уюшкан кылмыштуулуктун субьекттеринин бийлик түзүмдөрүнө кирүүсү үчүн шарттарды түзөт.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу соттун чечими менен оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюлган адамдар Кыргыз Республикасынын Президенттигине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер болуп катталууга укуксуз деген жобо кабыл алууга сунушталат.

2. Республиканын шайлоо тутумун өнүктүрүүнүн азыркы этабында шайлоо өнөктүктөрүнүн бардык этаптарына, бирок өзгөчө добуш берүүнү уюштурууда, добуштарды эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө шайлоочулардын ишенимин камсыз кылуу бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын, анын ичинде участоктук шайлоо комиссияларынын милдеттеринин бири болуп саналат. Ишеним шайлоо процессинин бардык катышуучуларынын ачыктыгы, бүдөмүксүздүгү жана маалымдуулугу менен камсыз кылынат.

Жарандардын шайлоо процессине ишениминин деңгээлин жогорулатуу, добуш берүү жана добуштарды эсептөө жол-жобосунун максималдуу ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору менен бардык шайлоо участокторунда идентификациялоодон өтүп жаткан шайлоочулардын фотосүрөттөрүн көрсөтүү үчүн диагоналы 1 метрден кем эмес мониторлорду орнотуу сунуш кылынат. Монитор байкоочулар, кандидаттардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн көз салып контролдоп байкап турууну жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштырылууга тийиш.

3. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын салык тутуму туруксуздугу жана мыйзамдардын карама-каршылыгы менен мүнөздөлөт. Жарандардын кирешелерин эсепке алуу механизми да өркүндөгөн эмес. Буга байланыштуу көпчүлүк саясий партиялар, талапкерлер шайлоо мезгилинде шайлоо штабдарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, ошондой эле шайлоочулардын колун чогултуу, шайлоо алдындагы үгүттү (үгүтчүлөр) жүргүзүү катары иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартуу менен салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү толук төлөөнү каалабастан аткарылган иш үчүн акы төлөөнүн негизги суммасын жабык берүүнү артыкчылык көрөт. Мындай схемалар аларга киреше салыгын жана милдеттүү пенсиялык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктарды жана төгүмдөрдү төлөөдөн качуу менен алар мамлекетти алдоо гана эмес, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө чыгымдардын иш жүзүндөгү көлөмдөрүн жашырууда. Жыйынтыгында саясий партиялар өз бюджеттерин бүдөмүк калыптандырат жана аныкталбаган, шектүү булактардан каржылоо менен шайлоо өнөктүгүн каржылоо планында тең эмес шарттарда калууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн проблеманы чечүү жана саясий партиялардын шайлоо алдындагы ишин камсыз кылуу максатында шайлоо өнөктүгүнө байланышкан бардык келишимдик иштерге жана кызматтарга салык салуудан жана социалдык төлөөдөн бошотууну сунуш кыламын.

4. “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесине ылайык шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрылышы мүмкүн. Арыздар, даттануулар жүйөлүү болууга жана өздөрү аларга негизделген далилдер менен чогуу берилүүгө тийиш.

Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүн мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүндө же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан каралууга жатат.

Бирок Мыйзамдын жогоруда көрсөтүлгөн талаптары келип түшкөн арыздарды кароо кызматтык милдеттерине кирген кызмат адамдары тарабынан аткарылбаган учурлар кыйла.

Шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө арыздарды кароого ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында аларды ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз катары арызды кароодон кызмат адамынын укукка жатпаган баш тартуусун киргизүү сунуш кылынат.

5. Өтүү босогосунун бланкасын жогорулатуу саясий партиялардын ирилетүү процессине, саясий мейкиндиктин бөлүнүп жарылуусун жана майдалуулугун болтурбоого дем берет жана ага жараша партиялык тутумдун өнүгүү жана чыңдалуусуна кызмат кылат. Саясий партиялар толук баалуу болушу жана өлкөдөгү жашоого иш жүзүндө таасир көрсөтүү үчүн бириге баштайт. Саясий партиялардын ирилешүүсү – саясий партиялар кадимкидей саясий күрөштүн же саясатта да колдонулган табигый тандоо эрежелеринин натыйжасында биригүүсү жана ирилешүүсү демократиялык өлкөлөр үчүн мыйзам ченемдүү процесс. Азыркы убакта Кыргызстанда 200дөн ашык саясий партия катталып, алардын көпчүлүгү жасалма түзүлгөн жана коомдун чоң бөлүгүнүн кызыкчылыктарына өкүл боло албайт. Эгерде коомдук активисттер чынында эле саясий иш иштөөнү пландаштырса, анда калк арасында аларды колдоо олуттуу, ал эми өкүлчүлүгү көп сандуу болууга тийиш. Андан тышкары саясий партиялар мамлекеттик башкаруу тутумуна күчтүү инсандардын келишине көмөктөшө алмак.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу мыйзам долбоору менен саясий партиялар үчүн өлкөнүн парламентине өтүү босогосун 7ден 10%га чейин жогорулатуу сунуш кылынат.

6. Парламентаризмдин өнүгүүсүнүн азыркы этабында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо жеңип чыккан саясий партиянын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесинин ичиндеги мандаттарды бөлүштүрүүнүн жаңы тартибин белгилөөнүн өтө зарылдыгы бышып жетилди. Колдонуудагы тартип аларды бөлүштүрүүгө карата калыс жана адилеттүү мамиле жасоонун принцибин толук мерчемде камсыз кылбагандыгын практика көрсөтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин жеңген тизмедеги талапкерлердин кезектүүлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл. Мында өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби саясий партиянын жетекчи органынын анда шайлоонун натыйжалары боюнча жана айкын талапкер жасаган иштин жыйынтыктары боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган саясий партиянын жетекчи органынын бир жолку чечими менен бекитилет. Мындай зарылдык шайлоо алдындагы мезгилдин ичинде белгилүү бир талапкерлер тарабынан өздөрүнө бекитилип берилген шайлоо округдары боюнча партияга добуштардын зарыл санын алууга мүмкүнчүлүк берген чоң үгүттүк иш жүргүзүлүп, бирок алар тизменин аягында болгондуктан алардын депутаттык мандат алууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна негизделген. Тизменин биринчи орундарында турган, бирок шайлоо алдындагы иште шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ болбогон талапкерлер болсо шайлоонун жалпы жыйынтыктары боюнча депутаттык мандат алып калат.

Буга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн проблеманы чечүү максатында саясий партиянын жетекчи органынын негизинде саясий партиянын тизмесиндеги кезектүүлүктү бир жолу өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген ченемди киргизүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

7. Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу жана бул тизмелер менен ар кандай көз боемочулуктарды болтурбоо максатында мыйзамдын долбоору менен ага ылайык тиешелүү шайлоо комиссиялары ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 30 күн калгандан мурда шайлоочулардын биротоло тизмесин түзгөн ченем киргизилет.

8. Депутаттыкка шайланган талапкердин өзүн саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө арызды берүүсүнүн тартибин, ошондой эле иштеп жаткан депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгып кетүү жөнүндө арыздарды берүүнүн тартибин регламенттөөчү “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жоболору жетиштүү түрдө өркүндөтүлгөн эместигин 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо көрсөттү. Мыйзамдардын өркүндөтүлбөгөндүгү партиялык курулушка олуттуу зыян келтирип, көп сандаган талаштардын келип чыгышы үчүн негиз түзөт.

Жогоруда баяндалгандарга негизденип “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесине депутаттыкка шайланган талапкерлер өздөрүн талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө жана иштеп жаткан депутаттар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө арыздарды берүүсүнүн жол-жобосун айкындаштыруучу ченем киргизилет.

Ошону менен бирге мыйзам долбоору жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына, жарандык мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзамдардын ченемдерине ылайык келет.

Бул мыйзам долбоору ишкердик иштин чөйрөсүнө тиешелүү болбогондуктан жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (www.kenesh.kg) расмий сайтына жайгаштырылып анын натыйжалары боюнча сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок.

Мыйзам долбоору гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизага жатпайт, ал кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбайт.

Депутат                                                                                                    М. Жеенчороев

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу

1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде - мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.

3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.

4. Соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.

4-1. Мыйзамда белгиленген тартипте оперативдүү-алдын алуучулук эсепте турган адамдар Президенттин кызматына, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок

5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.

15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу. Шайлоо дареги

1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илип коюуга милдеттүү.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесине киргизилгени жөнүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.

3. Ар бир шайлоочу өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экени, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна токтоосуз жиберилет.

Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каталарды же так эместиктерди оңдоолор шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуга жиберет.

Шайлоочуда биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же чыгып кеткен адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экени жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин токтоосуз ачат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын номур коюлган, көктөлгөн жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын кагаздагы тизмеси) добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

7. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесинде жок экени тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу маселелери боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

15-берене. Шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу. Шайлоо дареги

1. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда, тиешелүү шайлоо участогунун аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илип коюуга милдеттүү.

2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесине киргизилгени жөнүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.

3. Ар бир шайлоочу өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экени, андагы кандай гана болбосун ката же так эместиктер жөнүндө добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна токтоосуз жиберилет.

Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каталарды же так эместиктерди оңдоолор шайлоочулардын тизмесине киргизилген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуга жиберет.

Шайлоочуда биометрикалык маалыматтар болбогон учурда, шайлоочу биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми Кыргыз Республикасынын чектеринен тышкары жашаган же чыгып кеткен адамдар үчүн - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экени жөнүндө, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүүгө ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.

Арыздарды иштеп чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмесин токтоосуз ачат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын номур коюлган, көктөлгөн жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин (мындан ары - шайлоочулардын кагаздагы тизмеси) добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен аларды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.

6. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу.

7. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу, шайлоочулардын тизмесинде жок экени тууралуу шайлоочулардын арыздарын кароо, андагы каталар же так эместиктер тууралуу, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу маселелери боюнча, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.

29-берене. Добуш берүү үчүн жай

1. Добуш берүү үчүн жай мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз берилет.

2. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү тутуму менен камсыз кылынган жана жазуу буюмдары, мониторлор, башка зарыл жабдуу менен жабдылган атайын жасалган кабиналар жана добуш берүү үчүн үкөктөр жайгаштырылат.

Жарык кылуу тутуму аны алмаштыруучу жарык берүү булагына, кол чырактарга жана шамдарга ээ болуусу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү жарык кайра берилгенге чейин (негизги же аны алмаштыруучу булактын эсебинен) токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын жумушуна натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү үкөктөрдөн, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын ишмилдеттерин аткарууларын толук көрүп турууну камсыз кылгыдай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы кереге көрнөктөрдү жасайт, аларда бардык талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин каттаткан саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Кереге көрнөктөрдө ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, алар катталган талапкерлердин фамилияларын, саясий партиялардын аталыштарын камтыбашы керек.

4. Добуш берүү үчүн жай шайлоо бюллетендери берилүүчү орун, добуш берүүчү кабиналар, мониторлор, башка зарыл жабдуу жана үкөктөр бир убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай жабдылышы керек.

5. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жетимдүү болушу керек. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жетимдүүлүгүн камсыз кылуучу ыкмалардын бири болуп саналат.

4-1. Добуш берүү үчүн жайда идентификациялоодон өтүүчү шайлоочулардын фотосүрөтүн көрсөтүү үчүн диагоналы 1 метрден кем эмес монитор орнотулууга тийиш. Монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоп турууну жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү жерде жайгаштырылган болууга тийиш.

5. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жетимдүү болушу керек. Пандустардын жана кармоочтордун болгону ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш бериши үчүн орун жайдын жетимдүүлүгүн камсыз кылуучу ыкмалардын бири болуп саналат.

41-берене. Шайлоо фонддору

1. Жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык 54, 62-беренелеринде каралган тартипте, саясий партиянын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар аларды кайрымдуулук иретинде берүүнү жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

Талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар катталгандан кийин, шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоо үчүн ачылган өздөрүнүн шайлоо фонддорунун эсептерин жүргүзүүнү улантат.

Талапкерлердин тизмесинин курамында талапкерлигин койгондор өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.

2. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

- талапкердин, саясий партиянын мыйзамдын талаптарын эске алуу менен түзүлгөн өз каражаттарынан;

- ушул берененин 3-бөлүгүндө саналган жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

3. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнө жол берилбейт:

- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, катышуучусу чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар болуп саналган чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарынын;

- жарандыгы жок адамдардын;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;

- уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар, ошондой эле салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерден пайдаланган юридикалык жактардын;

- аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;

- укук коргоо органдарынын, соттордун;

- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;

- диний уюмдардын;

- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын.

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар юридикалык жактардын, юридикалык жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбейт. Көрсөтүлгөн юридикалык, жеке жактар шайлоо фондуна акча каражаттарын которгон учурда талапкер, саясий партия жоопкерчилик тартпайт. Эгерде талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк же башка мекемелер, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

4. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддоруна келип түшкөн акча каражаттары шайлоо дайындалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн саналат. Белгиленген өлчөмдөн ашык түшкөн акча каражаттары шайлоо фондуна чегерилүүгө жатпайт жана жарандарга жана уюмдарга кайтарылып берилет. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланышкан чыгымдар аларды чегерген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

Талапкердин бардык чыгымдарынын жалпы чектик суммасы кайра добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен бир жарым эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.

5. Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктагы же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Шайлоо фонддоруна келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынышы керек. Көрсөтүлгөн эсептер боюнча кирешелер эсептелбейт жана төлөнбөйт.

6. Банк же башка мекемелердин тизмеси, көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банк же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

7. Шайлоо фонддорунун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн талапкерлерге, саясий партияларга, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.

8. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

9. Шайлоо фонддорунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:

1) уюштуруу-техникалык чараларды, анын ичинде талапкерди колдоо үчүн кол чогултууга багытталган чараларды каржылоого;

2) шайлоо алдындагы үгүткө;

3) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу иштерди (кызматтарды) аткаргандыгы (көрсөткөндүгү) үчүн жарандарга эмгек акы төлөөгө;

4) шайлоо алдындагы өнөктүктү өткөрүү менен түздөн-түз байланыштуу жайларды, жабдууларды ижарага алууга, транспорттук чыгымдарга, иш сапарынын чыгымдарына, байланыш кызматына, кеңсе товарларын сатып алууга жана башка чыгымдарга.

10. Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү иш аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу. Юридикалык жактарга, алардын бөлүмдөрүнө, өкүлчүлүктөрүнө, ошондой эле жеке адамдарга шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатууну бекер аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн бааларда аткарууга тыюу салынат.

11. Талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын колун чогултууга, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, башка шайлоо алдындагы иш чараларды жүзөгө ашырууга өздөрүнүн шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

12. Банк же башка мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча - күн сайын 24 сааттын ичинде талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн маалыматтар келип түшкөнүнө жараша милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылуусу тийиш.

13. Талапкер өз талапкерлигин алып салган, саясий партия талапкерлердин тизмесин чакырып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылган (алынып салынган) учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды берген жарандарга жана уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүсү тийиш. Мында көрсөтүлгөн каражаттарды кайтарып берүүгө байланыштуу чыгымдар аларды берген жарандардын жана уюмдардын эсебинен жабылат.

14. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу белгилүү жумуштарды аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө жарандар жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) талапкердин жеке өзү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт. Талапкердин, саясий партиялардын атайын эсептеринен төлөөлөр боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнүнөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес.

Бардык каржылык аткарымдар, анын ичинде жеке жана юридикалык жактар менен атайын эсептер боюнча эсептешүүлөр шайлоо күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат. Талапкерлердин, саясий партиялардын жана юридикалык жактардын ортосунда белгилүү жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткарганы үчүн эсептешүүлөр которуу жолу менен гана жүзөгө ашырылат.

15. Кайра добуш берүү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан талапкерлердин атайын эсептери боюнча каржылык аткарымдар кайра добуш берүү күнү дайындалган күнү кайра ачылат жана кайра добуш берүү күнүнүн алдыңкы күнү саат 18де токтотулат.

16. Шайлоо күрөөсү зарыл сандагы добуштарды алган талапкерлерге, саясий партияларга шайлоодон кийин, Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмү жана аны түзүүнүн бардык булактары, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчетту бергенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен кайтарылып берилет.

17. Атайын эсептеги чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктары талапкерлерге, саясий партияларга кайтарылып берилет.

18. Шайлоо фонддорунун каражаттарына, көрсөтүлгөн фонддорго ыктыярдуу кайрымдуулук менен берилген жана чегерилген каражаттарга, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордун чыгымдарына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

41-берене. Шайлоо фонддору

1. Жарандар талапкерликке көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамдын 54, 62-беренелеринде каралган тартипте, саясий партиянын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катталгандан кийин, өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда, шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар аларды кайрымдуулук иретинде берүүнү жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.

19. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнгө чейинки мезгилде алар тарабынан саясий партиялардын шайлоо штабтарынын мүчөлөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, ошондой эле шайлоочулардын колун чогултуу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү (үгүтчүлөр) боюнча иштерди (кызматтарды) аткаруу (көрсөтүү) үчүн жарандардын эмгегине акы төлөө келишимдери салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулат. 

43-берене. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын шайлоонун эркиндигин камсыз кылуу боюнча иштери

1. Шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.

2. Добуш берүү күнү жана анын алдындагы күнү соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин тейлеген банк же башка мекемелер үчүн добуш берүү күнүнүн алдындагы күн жумушчу күн болуп саналат.

3. Ички иштер органдары шайлоо участкасынын аймагында добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоо комиссиялары талап кылган, ошондой эле коомдук тартип бузулган учурда, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу боюнча добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.

Мында, мыйзамдарга ылайык администрациялык же жазык жоопкерчилиги каралган, ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ички иштер органдары коомдук тартиптин бузулгандыгына тиешелүү арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине болгон арыздарды кароо боюнча иштерди жүргүзөт.

Прокуратура органдары аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ошондой эле мыйзамдарга ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралган алардын аракеттерине арыздарды (даттанууларды) карайт.

Мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде администрациялык жоопкерчилик каралган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, шайлоо комиссиялары шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине арыздарды мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде карайт.

Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат. Арыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер менен бирге берилүүгө тийиш.

5. Шайлоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоо жүрүмүнүн башка катышуучуларынын шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздары (даттануулары) прокуратура жана ички иштер органдары тарабынан арыз (даттануу) келип түшкөн учурдан тартып 2 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнүн алдындагы күнү токтоосуз каралуусу тийиш. Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурда, алар боюнча чечимдер 3 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Прокуратура органдары, ички иштер органдары арыз (даттануу) боюнча кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтөт.

6. Арыздары (даттанууларды) кароодон баш тартылган учурда, прокуратура органдары, ички иштер органдары баш тартуунун негиздерин баяндоо менен чечимдин көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.

7. Арызды кароодон укукка жатпаган баш тартуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жоопту кызмат адамын ээлеген кызматынан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 жана 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53, 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

46-берене. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечимдерин жокко чыгаруу үчүн негиздер

1. Шайланган талапкердин каттоосу, талапкер өзүнүн пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтарды жашырып койгонунун, анын ичинде талапкердин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандыгы жөнүндө, колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген негиздерде анын башка пассивдүү шайлоо укугу жок экени тууралуу маалыматтар талапкер тарабынан жашырган фактылары далилденген учурларда, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат.

2. Талапкердин каттоосу добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) талапкер өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө арыз бергенде;

2) саясий партия кээ бир талапкерлерди шайлоого талапкерлердин тизмесинен чыгарганда;

3) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53 61-беренелеринде аныкталган каттоо эрежелери бузулганда;

5) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, же анын өкүлдөрүнүн талапкерди шайлоо максатында кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууларына талапкердин катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

6) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузууга түздөн-түз катышуу фактылары далилдегенде;

7) талапкердин, анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууларына катышуу фактылары далилденгенде.

3. Талапкерлердин тизмесинин каттоосу добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен, төмөнкү учурларда жокко чыгарылат:

1) саясий партия талапкерлердин тизмесин кайра чакырып алганда жана шайлоого катышуудан баш тартканда;

2) өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда же саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашыкча чыгымдаганда;

3) ушул конституциялык Мыйзамдын 21, 53, 61-беренелеринде аныкталган талапкерлердин тизмесин каттоо эрежелери бузулганда;

4) саясий партиянын жетекчилиги талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундарынын же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланганынын же саясий партиянын өкүлдөрүнүн талапкерлердин тизмесин шайлоо максатында кызмат орундук же кызматтык абалдарынын артыкчылыгын пайдаланууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде;

5) саясий партиянын аткаруу органынын жетекчилигинин, аткаруу органынын кызматкерлеринин, өкүлдөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт ишин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгына түздөн-түз тиешесинин фактысы далилденгенде;

6) саясий партиянын жетекчилигинин же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн шайлоочуларды сатып алуу же алардын шайлоочуларды сатып алууга катышы бар экенинин фактылары далилденгенде.

4. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Президентти шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин жана шайланган талапкерге мандатты тапшырганга чейин, ушул талапкерде пассивдүү шайлоо укугу болбогондугу тууралуу, анын ичинде, анда мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болгондо Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле талапкер каза болгон учурда, шайлоонун натыйжалары жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жокко чыгарылат жана шайлоо жараксыз деп таанылат.

Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин жана шайланган талапкерди Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттаганга чейин анда пассивдүү шайлоо укугунун жок экени тууралуу, анын ичинде, мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгону бар экени жөнүндө, ага карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргени жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканы же жоготкону жөнүндө, башка мамлекеттин жарандыгына таандык экени жөнүндө маалыматтар ырасталган, ошондой эле ал каза болгон учурда, ушул шайланган талапкерди каттоо жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Бул учурда ушул конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин талаптарын эске алуу менен, ушул саясий партиянын талапкерлеринин тизмесиндеги кийинки шайланган талапкер катталат.

5. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер шайланган талапкерди, анын ичинде талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу, шайлоонун натыйжалары жөнүндө шайлоо комиссиясынын чечимдерин жокко чыгаруу үчүн толук жетиштүү болуп саналат.

53-берене. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде Президенттин кызматына талапкерди көрсөтүү тартибинин Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана каттоону жүзөгө ашырат, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Мында эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен аны каттоо үчүн тоскоол болуучу ылайыксыздыктарды тапса, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы ушул ылайыксыздыктар жөнүндө талапкерге же саясий партияга кабарландырууга милдеттүү. Талапкер же саясий партия кабарландыруу алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү чечиминде анын тиешелүү саясий партия тарабынан көрсөтүлгөнүн фактысы белгиленет.

4. Президенттин кызматына талапкер каттоого чейин жана берилген документтери текшерилгенден кийин, жеке каражаттарынан же өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмеси анын талапкерлигин колдоп добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин төгүлгөн шайлоо күрөөсү талапкерге кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого, өткөрүүгө жана шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу пайдаланылат.

5. Президенттин кызматына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.

6. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

7. Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;

2) берилген талапкерди колдогон шайлоочулардын так ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;

3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

3-1) аны оперативдүү-алдын алуучулук эсепке коюу жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими болушуу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкердин өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөнү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-беренсинин 3-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабаганы.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берген учурда, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

8. Каттоодон баш тартуу тууралуу чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттин кызматына талапкер кылып каттоодон баш тартылган адамга жеткирет. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

9. Президенттин кызматына талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына бул тууралуу жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5 күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде, катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталган, талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин, алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же окуган жерлеринен маалымдаманы;

3) шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алынганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер көрсөтүлгөндөн кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар каттоого чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

Төгүлгөн шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин, тизмелери добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 5 жана андан ашык пайызын алган саясий партияларга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы бюджетке чегерилүүгө жатпайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо тутумун өркүндөтүүгө максаттуу багыттоо менен пайдаланылат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин күбөлөндүрүлгөн тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Саясий партия кандай гана болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү менен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же талапкерлердин тизмесинен айрым талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдүн негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

64-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, шайлоо округу боюнча ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын саноону жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн төмөнкү саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси чыгарып салынат:

1) жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 пайыздан азын алган;

2) ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 пайыздан азын алган.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 жана андан көп пайызы; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,7 жана андан көп пайызы добуш берген саясий партиялар, саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган усул боюнча аныкталуучу депутаттык мандаттарды алышат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 0,7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын санайт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы 120га - бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы (бир мандатты алуу үчүн квота) болуп саналат.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи шайлоо натыйжасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк талапкерлердин тиешелүү тизмеси алуучу депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тең болгондо артыкчылык шайлоочулардын көп добушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо артыкчылык мурунураак катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени Борбордук шайлоо комиссиясында каттоо учурунда белгиленген, ушул тизмедеги талапкерлерди жайгаштыруу тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын 65тен көп эмеси берилиши мүмкүн.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул беренеде белгиленген шарттарга ылайык шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

1) депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партиялардын аталыштары;

2) талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

7. Эгерде бардык саясий партиялар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарып салынса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныйт. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча кайра шайлоо дайындайт.

8. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

64-берене. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана расмий жарыялоо

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен, шайлоо округу боюнча ар бир талапкерлердин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын саноону жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн төмөнкү саясий партиялар, талапкерлердин тизмеси чыгарып салынат:

1) жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 пайыздан азын алган;

2) ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 пайыздан азын алган.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 10 жана андан көп пайызы; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 0,7 жана андан көп пайызы добуш берген саясий партиялар, саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган усул боюнча аныкталуучу депутаттык мандаттарды алышат.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 10 жана андан көп пайызын; ар бир облус, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 1 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмеси үчүн шайлоо округу боюнча берилген шайлоочулардын добуштарынын суммасын санайт. Шайлоочулардын добуштарынын бул суммасы 120га - бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи шайлоо натыйжасы (бир мандатты алуу үчүн квота) болуп саналат.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи шайлоо натыйжасына бөлүнөт. Санды бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк талапкерлердин тиешелүү тизмеси алуучу депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул пункттун экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын алда канча көп бөлчөктүк бөлүгү (калдыгы) бар талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөктүк бөлүктөр тең болгондо артыкчылык шайлоочулардын көп добушу берилген талапкерлердин тизмесине берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо артыкчылык мурунураак катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесинин ичинен талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү шайлоонун жыйынтыктары боюнча бир партиядан катталган Борбордук шайлоо комиссиясында белгиленген талапкерлердин ичинен саясий партиянын жетекчи органынын чечиминин негизинде бир жолу жүргүзүлөт.

5. Шайлоонун натыйжалары боюнча саясий партияга Жогорку Кеңештеги депутаттык мандаттардын 65тен көп эмеси берилиши мүмкүн.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул беренеде белгиленген шарттарга ылайык шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды саясий партиялардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө протокол түзөт. Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

1) депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партиялардын аталыштары;

2) талапкерлердин ар бир тизмесиндеги шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

7. Эгерде бардык саясий партиялар ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн чыгарып салынса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча бардык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлбөй калганын тааныйт. Мындай учурда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округу боюнча кайра шайлоо дайындайт.

8. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.

Эгерде талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушу дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) анын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бериши же фракциядан чыгышы;

2) аны соттун аракетке жөндөмсүз деп табышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен коошпогон ишке өтүүсү же андай ишти таштабоосу;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кетиши;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготушу же башка жарандыкка өтүшү;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себептерсиз 30 жана андан ашык жумушчу күнү болбошу;

10) шайлоонун жараксыз деп таанылышы.

5. Эгерде саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбаган учурда, мандат Жогорку Кеңешке кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

65-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бош мандатын ээлөө

1. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин бул тууралуу депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө кое берилген саясий партияларды, жана депутат болуп шайланган талапкерди кабарландырат. Депутат болуп шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүнүн көчүрмөсүн Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү.

Эгерде депутатыкка шайланган талапкер 3 күндүк мөөнөттө өзүнөн Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салуу жөнүндө талапты аткарбаган учурда, анын депутаттык мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.

Саясий партиялардын  талапкерлеринин тизмесинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган тизмеде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин өзүнүн талапкерлердин тизмесинен чыгуусу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тариз боюнча түзүлүүгө, нотариаттык ырасталууга жана талапкер жеке берүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим абыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арыз аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган жана депутат болуп шайланган талапкерлерден Жогорку Кеңештин депутатынын статусуна ылайык келбеген ыйгарым укуктарды алып салганы жөнүндө билдирүүлөр алынгандан кийин, 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырат.

3. Эгерде саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды талапкерлердин тизмелери боюнча бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда, анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берилет.

4. Ушул берененин маңызында депутаттын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушу дегенде төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) Борбордук шайллоо комиссиясы бекиткен форма боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө Борбордук шайллоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү нотариаттык ырасталган арызды өзүнүн жеке берүүсү;