Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 2019- жылдын 19-ноябрындагы Бишкек шаарында 2019-жылдын 17-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Нота алмашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япондук эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы «Талас-Тараз автожолундагы Үрмөрал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна К О Р У Т У Н Д У С У

22-11-2019 09:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин

2019- жылдын 19-ноябрындагы

Бишкек шаарында 2019-жылдын 17-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы «Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Нота алмашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япондук эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы «Талас-Тараз автожолундагы Үрмөрал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

К О Р У Т У Н Д У С У

     Бишкек шаарында 2019-жылдын 17-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы №570-токтому менен жактырылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча алмашылган ноталар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япондук эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) ортосундагы «Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

          Долбоордун максаты көпүрөнүн техникалык абалын жакшыртуу, региондордун ортосундагы транспорттук байланыштын үзгүлтүккө учурашын четтетүү жана Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо жолу менен Талас-Тараз автомобилдик жолундагы көпүрөлөрдүн абалын жакшыртуу болуп саналат, ошонун өзү транспорттук инфратүзүмдөрдү күтүүгө жана региондордун ортосундагы үзгүлтүккө учуроону четтетүүгө салым кошот.

          “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо боюнча долбоорду” ишке ашыруу максатында Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасына тиешелүү мыйзамдарга, ченемдик актыларга жана Япониянын бюджеттик ассигнованияларына ылайык бир миллиард жети жүз сексен беш миллион (1,785,000,000,0) япон иени өлчөмүндөгү грант берүү чечимин кабыл алды.

          Япония элчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Нота алмашуу долбоору жана мындан ары кол коюу үчүн ушул долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен (JICA) Агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карап чыгууга жана жактырууга киргизилген.

          “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо боюнча долбоор  “Талас-Тараз” автомобиль жолу боюнча 82-чакырымга салынган көпүрөнү кошуп алганда, Үрмарал суусунун көпүрөсүнүн курулушун карайт, ал Казакстан менен автотранспорттук байланышты камсыз кылат, ошондой эле, кыймылдын коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында көпүрөгө жалгашкан жолдорду жакшыртуу алдын ала каралат.

          Алмашылган ноталар жана Гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине толугу менен ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

          Алмашылган ноталарды жана Гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт, ошондой эле, өзүнөн кийин терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге туш кылбайт. Алмашылган ноталардын жана Гранттык макулдашуулардын шарттарына ылайык тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттерин аткарууну камсыз кылуу менен байланышкан бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин үстүбүздөгү жылдагы бюджетинин эсебинен жабылат.

          Кыргыз Республикасынын белгиленген Мыйзам долбоорун кабыл алуу өзүнөн кийин социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге туш кылбайт.

          Кыргыз Республикасынын сунуш кылынган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт, аны менен бирге, ишкерлик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, таасир этүүнү жөнгө салууну талдоону талап кылбайт.

          Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундугу келди:

1. Бишкек шаарында 2019-жылдын 17-июлунда кол коюлган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-октябрындагы №570 токтому), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча алмашылган ноталар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япондук эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) ортосундагы “Талас-Тараз автожолундагы Үрмарал суусуна салынган көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Ушул корутунду Эл аралык иштер, коргооо жана коопсуздук боюнча комитетине жиберилсин.

 

            Төрайым                                                                                     М.Э.Мавлянова