“2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 17-декабрындагы чечими

27-12-2019 15:27

 

 

“2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 

2019-жылдын 17-декабрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө маалыматты угуп төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети (мындан ары – ӨЭЖМК) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2378-VI токтомуна ылайык түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтому менен бекитилген ӨЭЖМК жөнүндө жобого ылайык ӨЭЖМКнын ишинин негизги багыттары болуп өнөр жай, отун энергетика комплекси жагынан, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саналат.

ӨЭЖМК берген маалыматтар боюнча жетектеген тармактар боюнча кырдаал төмөнкүдөй.

 

1. Өнөр жай жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

2018-жыл үчүн өнөр жайдын ишинин жыйынтыктары

2018-жылы өнөр жай субъекттери 250 млрд. 640 млн. сом суммасына продукция өндүргөн, физикалык көлөмдүн индекси (мындан ары – ф.к.и.) - 105,4 %, анын ичинде “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо – 148 млрд. 443,8 млн. сом, ф.к.и. менен - 107,3 %.

Өткөн жылга салыштырганда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 5,4 % өсүшү баалуу металлдарды өндүрүүнүн 4,4 %, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун 8,1 % өсүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

“Кумтор” кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо өндүрүштүн көлөмү 7,3 % өстү. Мында өсүш нефть продуктуларын өндүрүүдө (8,9 %), текстиль өндүрүшүндө (9 %), кийимди (19,8 %), резина жана пластмасса буюмдарын (21,7 %) ошондой эле башка металл эмес минералдык продуктуларды (9,7 %) өндүрүүдө камсыз кылынды.

Электр энергиясын өндүрүүнүн жана берүүнүн өсүшүнүн эсебинен электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмү 2017-жылдагы деңгээлден 5,3 % ашты.

Өндүрүү көлөмдөрүнүн азайышы кайра иштетүүчү өнөр жайдын төмөнкүдөй тармактарында байкалат:

- машиналарды жана жабдууларды өндүрүү, ф.к.и. – 63,5 %;

- транспорт каражаттарын өндүрүү, ф.к.и. – 81,9 %;

- фармацевтикалык продукцияны өндүрүү, ф.к.и.- 76,7 %;

- химиялык продукцияны өндүрүү – 91,5 %

Отчеттук мезгилде өндүрүштүн оң темптери продукциянын төмөнкүдөй түрлөрү боюнча жетишилди: бензин – 219,9 миң тонна (темп 101,1 %), мазут – 132,2 миң тонна (231,1 %), цемент – 1 929,7 миң тонна (128,3 %), пахта-кагаз кездемеси – 9 038,4 миң чарчы метр (866,9 %), кыш – 70,3 млн. даана (108,5 %), чыңалуу лампалары – 125,3 млн. даана (100,6 %) ж.б.

Пайдалуу кендерди казып алуу

2018-жылы продукцияны өндүрүп алуунун көлөмү 19 812,1 млн сом суммасында түзүлдү (өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө салыштырма салмак 7,9 % түздү), ал эми 2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата ф.к.и. 108,1 % түздү.

2018-жылында “А. Таш көмүрдү жана күрөң көмүрдү (лигнитти) казып алуу” 2 893,5 млн. сомду түздү (темп 125,2 %), мында 2 306,3 миң тонна көмүр казып алынды же 2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата 123,0% (430,9 миң тоннага көбөйдү).

 

Область

2018-жылы казып алуунун көлөмү,

миң тонна

2017-жылга салыштырганда

миң тонна

пайыздар

Нарын

1066,6

+ 230,3

123,3 %

Баткен

385,6

+ 156,0

168,0 %

Ош

706,8

+ 56,5

108,7 %

Жалал-Абад

147,4

+ 17,0

113,1 %

 

“Б. чийки нефтини жана жаратылыш газын казып алуу” тармагында 2018-жылы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 4 102,3 млн. сомду түздү (2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата темп – 135,9 %). Мында тармак боюнча 200,0 миң тонна нефть (темп 118,1%) жана 27,3 млн. м3 жаратылыш газы (темп 105,0 %) казып алынды.

2018-жылдын жыйынтыктары боюнча өнөр жайда В. Металл рудасын казып алуу” чакан тармагынын салыштырма салмагы 4,7 % түздү, суммалык түрдө 11 925,3 млн. сомду түздү.

2018-жылы өнөр жайда “Г. Башка пайдалуу кендерди казып алуу” чакан тармагынын салыштырма салмагы 0,3 % түздү, казып алуунун көлөмү суммасында 891,0 млн. сомду түздү, ал эми 2017-жылдын тиешелүү мезгилине карата ф.к.и. 92,9 % түздү.

Өнөр жайга инвестицияларды тартуу

Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду ӨЭЖМКнын жигердүү катышуусу менен 2018-жылдын 14-15-сентябрында Бишкек шаарында кыргыз-россиялык бизнес форумду өткөрдү, анын алкагында жеңил жана  тамак-аш өнөр жайы, машина куруу жана туризм багыттары боюнча Тегерек столдор өткөрүлдү.

Бул иш чаранын алкагында россиялык ишкерлер Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты, ошондой эле 2019-жылы Россия Федерациясынан тери чийки затын берүү боюнча “Империал Групп Компани” ЖЧКнын (КР) жана “Российская кожа” АКнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

ПРООН, МТЦ, ЕБРР жана ЮНИДОнун колдоосу менен, ӨЭЖМК Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте  2018-жылдын 7-ноябрынан 16-ноябрына чейин Бишкек шаарында “КР тигүү тармагынын жумасы” өткөрдү, анын алкагында ата мекендик текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн товарларынын көргөзмө – ярмаркасы, тегерек столдор, бизнес жолугушуулар жана башка иш чаралар өткөрүлдү.

Өнөр жай жагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу

ЮНИДОнун техникалык колдоосу аркасында эл аралык эксперттерди тартуу менен “2019-2024-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасынын туруктуу өнөр жайлык өндүрүшү стратегиясынын” (мындан ары – Стратегия) долбоору иштелип чыкты, анда өнөр жайда адекваттуу, иштөөгө жөндөмдүү жана атаандаштыкка кудуреттүү өндүрүштүк потенциалды түзүү боюнча чаралар каралган.

Стратегия өзүнө өнөр жайды өнүктүрүүнүн аймактык-тармактык критерийлерин айкалыштырып, башкаруунун кластердик принциптерин киргизүү менен шаарлардын өндүрүштүк зоналарында өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу; чакан жана орто бизнесинин чарба жүргүзүүчү субъекттерин инвестициялоону кубаттоо; экспортту стимулдаштыруу маселелерин жана башка иш чараларды камтыйт.

Азыркы учурда Стратегия жана аны ишке ашыруу боюнча Иш чаралардын планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
27-сентябрындагы № 502 токтому менен бекитилген.

Өнөр жай жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруу

“Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн технополис” “Жеңил өнөр жайы” ассоциациясы бизнес планды жана эскиздик долбоорду даярдоо боюнча иш чараларды жүргүзүп жатат. Долбоорду 3 жыл аралыгында ишке ашыруу, мында 10 миң жумушчу орунга чакан жана орто бизнестин кыркка жакын ишканасын түзүү пландаштырылууда.

2018-жылы долбоорлоо иштери үчүн аянты 40,74 гектар болгон жер участогун топографиялык сүрөткө тартуу жүргүзүлдү. Ассоциация иштеп чыккан “Гарант долбоор” ЖЧКнын техникалык тапшырмасы боюнча “Технополиске” жер участогун куруу долбоору” эскиздик долбоорун аткарууга смета аткарылууда. “Шварцтхаль Капитал-Борбордук Азия” ЖЧКнын эскиздик долбоорун аткарууга бизнес планды иштеп чыгуу менен келишим таризделди.

ӨЭЖМК Ассоциация менен бирдикте долбоорду ишке ашырууга инвесторлордун катышуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Ош шаарынын шаардык кеңешинин чечими менен берилген, аянты 25 гектар болгон жер участогунда “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧК өнөр жай паркын курууга даярдык көрүү иштерин жүргүзүп жатат. Өз кезегинде ӨЭЖМК уруксат берүүчү документтерди алууга көмөктөштү.

Долбоор 38 млн. АКШ доллары суммасына ата мекендик инвесторлордун эсебинен ишке ашырылып жатат жана 7 миңге чейинки жумуш орду түзүлөт.

2018-жылдын 31-октябрында Аламүдүн районунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д. Абылгазиевдин катышуусу менен “Силк Вей” өнөр жай паркы курулуучу жерге капсула салынды. Долбоор 1,5 жылдын ичинде ишке ашырылат. Долбоордун жалпы наркы 200 млн. АКШ долларын түзөт (кытай жана түрк инвестициялары). 2023-жылга карата  35 миңден ашык жумуш орду түзүлөт.

“Шамшыкал-Ата” ЖЧКсы 2019-жылдын аягында Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында кубаттуулугу жылына 1300 миң тонна болгон цемент заводун ишке киргизүүнү пландаштырып жатат. 700 жумуш орду түзүлөт.

Токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында ӨЭЖМК ар түрдүү бизнес-форумдарда жана конференцияларда чет өлкөлүк инвесторлорго токтоп турган ишканалардын тизмегин берүүдө, аларда ишканалар ээлеген аймактын жана өндүрүштүк жайлардын аянттардын өлчөмдөрү чагылдырылган.

ӨЭЖМКнын 2018-жылдын 9-июлундагы № 01-7/328 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жеңил өнөр жай чөйрөсүндө кластердик долбоорлорду ишке киргизүү боюнча Мастер-пландын долбоору иштелип чыккан, министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган жана карап чыгуу үчүн КРӨ Аппаратына жөнөтүлгөн, ага ылайык Чүй областында жана Ош шаарында кластердик негизде долбоорлорду – “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКнын текстиль-тигүү өндүрүшүнүн өнөр жайлык паркын ишке ашыруу, “Текстиль транс” ЖЧКнын жип ийрүү өндүрүшүн жана “Текстилдик жана тигүү өндүрүшү үчүн технополис” долбоорун уюштуруу каралган.

Ошондой эле КР аймагында иштеген Өнөр жай ишканаларынын реестрин түзүү боюнча иш башталды.

Жаңы ишканаларды ишке киргизүү

2018-жылы 10 өнөр жай ишканасы ишке киргизилди, аларда 550 жумуш орду түзүлдү, атап айтканда:

- Ош областында кир жуугуч машиналарды чогултуу боюнча “Артель” заводу (1 млн. АКШ доллары), цемент өндүрүү боюнча “Син-Дзи-Прим” ЖЧК (88,0 млн. АКШ доллары);

- Ош шаарында пластик терезелерди жана эшиктерди чыгаруу боюнча “Имзо” ЖЧК (1,5 млн. АКШ доллары) жана травертинди өндүрүү боюнча “Умар Групп” ЖЧК (1,2 млн. АКШ доллары), ошондой эле улуттук кийимди чыгаруу боюнча “Омонова” ЖИ (58 миң АКШ доллары РКФР);

- Чүй областында жардыруучу заттарды өндүрүү боюнча “Салют Компани” ЖЧК (5,0 млн. АКШ доллары), электрондук детонаторлорду өндүрүү боюнча “КасИмпуль” ЖЧК (1,0 млн. АКШ доллары) ж.б.

Нефтини жана нефть продуктуларын берүү

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2016-жылдын 6-июнунда Москва шаарында кол коюлган нефтини жана нефть продуктуларын берүү чөйрөсүндөгү макулдашуунун алкагында 2018-жылдын 6-декабрында 2019-жылга индикативдик баланстар төмөнкүдөй көлөмдөрдө макулдашылды:

- нефть чийки заты – 50 миң тонна;

- автомобилдик бензин – 460 миң тонна;

- дизель отуну – 485 миң тонна;

- реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун – 100 миң тонна.

ӨЭЖМК Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына нефтини жана нефть продуктуларын берүү маселесин иштеп чыкты, алсак, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрү макулдашкан Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Нефтини жана нефть продуктуларын берүү жагынан соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору ички мамлекеттик жол-жоболордон өтүү учурунда казак тараптан айрым сын-пикирлер алынды, буга байланыштуу долбоорду казак тарап жеткире иштеп чыгууда.

 

2. Отун энергетикалык комплекси жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

ОЭКтин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү

2018-жылы “Электр станциялары” ААК электр энергиясын иштеп чыгуусунун көлөмү 15 472,8 млн. кВт саатты түздү, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 321,4 млн. кВт саатка же 2 % көп (15 151,4 млн. кВт саат), анын ичинде:

- ГЭСте электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 14 101,9 млн. кВт саатты түздү, бул 2017-жылынын көрсөткүчүнөн 161,9 млн. кВт саатка же
1,2 % көп (13 940,0 млн. кВт саат), бул Токтогул суу сактагычында сууну топтоо боюнча жагымдуу кырдаал менен байланышкан;

- ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 1 370,9 млн. кВт саатты түздү, бул 2017-жылынын көрсөткүчүнөн 159,4 млн. кВт саатка же
13 % көп (1 211,5 млн. кВт саат), бул 2018-жылдын биринчи кварталында аба ырайынын муздак шарттарынан улам керектөөнүн көбөйүшү менен байланышкан.

2017-жылга салыштырганда 2018-жылы иштеп чыгуунун өсүшү республиканын электр энергиясын ички керектөөнүн көбөйүшү менен байланышкан.

2018-жылы электр энергиясын экспорттоонун көлөмү 752,5 млн. кВт саатты түздү, бул 2017-жылга караганда 460,4 млн. кВт саатка аз, (1 212,9 млн. кВт саат). Анын ичинде: Өзбекстан Республикасына - 752,2 млн. кВт саат (2017-жылы – 1 212,5 млн. кВт саат), Казакстан Республикасына  – 0,3 млн. кВт саат (2017-жылы – 0,35 млн. кВт саат).

2018-жылы жылуулук энергиясын иштеп чыгуу 2 181,0 миң Гкал түздү, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 11,0 миң Гкал же 0,5 % аз (2 192,0 миң Гкал). 2018-жыл үчүн көрсөткүчтүн төмөндөшүнө жаратылыш шарттары түрткү болду, 2017-жылы жылытуу мезгили 2017-жылдын 11-апрелине чейин узартылган, ал эми 2018-жылы жылытуу мезгили 2018-жылдын 22-мартына чейин узартылды.

2018-жылы бөлүштүрүүчү энергия компанияларына (мындан ары – БЭК) 12 153,6 млн. кВт саат электр энергиясы келип түштү, бул 2017-жылга караганда (11 669,3 млн. кВт саат) 484,3 млн. кВт саатка көп.

Керектөөчүлөргө 10 534,9 млн. кВт саат электр энергиясы пайдалуу түрдө берилди, бул 2017-жылдын январь-декабрына караганда (10 061,2 млн. кВт саат) 473,7 млн. кВт саатка көп.

Товардык продукция 14 420,9 млн. сомду түздү, бул 2017-жылга (13 700,1 млн. сом) караганда 720,8 млн. сомго көп.

БЭК боюнча берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын чогултуу 14 496,7 млн. сомду же 100,5 % түздү же чогултуу 13 744,9 млн. сомду же 100,3 % түзгөн 2017-жылга караганда 751,7 млн. сомго көп.

ОЭК жагынан мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу

2019-2023-жылдарга Бишкек шаарынын ЖЭБи боюнча иш чаралардын Ирилештирилген планы иштелип чыкты.

Өнөр жай жана ОЭК маселелери боюнча илимий-техникалык кеңештин бир катар жыйналыштары өткөрүлдү, алардын жыйынтыктары боюнча 2018-жылы бекитүүнү талап кылган электр энергетикасынын чөйрөсүндөгү 13 НТДны жактыруу боюнча чечим кабыл алынды.

2018-жылдын майынан тартып сентябрына чейин электр энергиясын Өзбекстан Республикасына экспорттоого КР Өкмөтүнүн буйругу кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 токтому менен Генерациялоочу булактарды, электр бөлүштүрүүчү уюмдардын электр тармактарын жана керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн электр тармактарына технологиялык туташтыруунун эрежеси бекитилген.

2018-жылдын 28-29-майында ӨЭЖМК Сыр-Дарыя дарыясынын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 1998-жылдын 17-мартындагы макулдашуунун алкагында кызматташтыкты кайрадан калыбына келтирүү маселеси боюнча Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын эксперттеринин жолугушуусун өткөрдү. Көрсөтүлгөн макулдашуу Сыр-Дарыя дарыясынын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануунун натыйжалуу жана координацияланган режимин карайт.

2018-жылдын 8-9-июнунда ӨЭЖМК Казакстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигин жана “КЕГОК” АКнын өкүлдөрү менен 2018-жылдын вегетациялык мезгилинде электр энергиясын өз ара алмашуу маселесин талкуулоо боюнча жумушчу жолугушууну өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө суу-энергетикалык маселелер жана Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын энергетика системаларынын удаалаш иши боюнча кызматташтык маселелери жумушчу тартипте талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” ӨЭЖМК иштеп чыккан 2018-жылдын
22-майындагы № 249 токтомду кабыл алды жана бул токтомду аткаруунун алкагында 2018-жылдын 6-августунан тартып 28-августуна чейинки мезгилде жерине баруу менен Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл областтарынын ОЭК ишканаларынын 2018/2019-жылдын жылытуу мезгилине карата даярдыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык текшерүү жүзөгө ашырылды.

Ошондой эле республиканын керектөөчүлөрүн электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар техникалык иш-чараларды жүргүзүү максатында “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 463 токтому кабыл алынды.

Электр энергетикасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге катышкан башка мүчөлөр менен өз ара мамилелерин өнүктүрүү үчүн КР Өкмөтү Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын
29-майындагы келишимге (ЕАЭБге Армения Республикасынын кошулушуна байланыштуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу 2018-жылдын 28-мартындагы № 96-б буйругун жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге (ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кошулушуна байланыштуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактыруу тууралуу 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 112-б буйругун кабыл алды.

ӨЭЖМКнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген “Кыргыз Республикасынын энергиянын ордун толтуруучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко катышты.

ПРООНдун колдоосу менен ЕАЭБдин ченемдерине ылайык жарык берүү боюнча жаңы курулуш ченемдерин жана эжелерин (СНиП) иштелип чыгууда, ага ӨЭЖМКнын кызматкерлери жигердүү катышып жатат.

Ошондой эле Эл аралык энергетика агенттигинин колдоосу менен EU4Energy энергетикалык программасы ишке ашырылып жатат, ал энергетикалык маалыматтарды чогултуунун энергия балансын жана кийинки жылдарга иштердин планын түзүүнүн системасын иштеп чыгууну карайт, анын алкагында ӨЭЖМКнын жана КРнын Улуттук статистика комитетинин ортосунда энергетикалык жактан текшерилүүгө тийиш болгон КР чарба жүргүзүүчү субъекттеринин статистикалык отчеттуулугунун формаларын жана методикасын иштеп чыгуу жагынан өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыгат.

ОЭК чөйрөсүндөнү инвестициялык долбоорлор

2018-жылы Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун алкагында күч трансформаторлору, өчүргүчтөр, 500 кВ кабелдик линиялары, ошондой эле  № 1 жана № 4 гидроагрегаттарда көмөкчү электромеханикалык жабдуу алмаштырылды. ОРУ-500 кВ ачык бөлүштүрүү түзүлүшүн реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү жана 2020-жылдан тартып 2023-жылга чейин бекиткичтерди, гидромеханикалык жабдууну жана гидроагрегаттарды кезектеги алмаштыруу пландаштырылууда.

Токтогул ГЭСин реабилитациялоодон үнөмдөлгөн каражаттарды ички мамлекеттик жол-жоболордон өткөндөн кийин, Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашуу боюнча Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоого кайра багыттоо болжолдонууда. ТЭН иштелип чыкты жана долбоор 160 млн. АКШ доллары деп бааланууда.

2018-жылы Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга киргизүү долбоору боюнча консультанттарды жана подрядчыларды тандоого даярдык жүргүзүлдү, ошондой эле суу агызгычты куруу боюнча маселе жана коопсуздук боюнча башка иш-чаралар иштелип чыкты. Сатып алуулардын планын жана Долбоорду ишке ашыруу боюнча колдонмону жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Пайдаланууга киргизүү 2022-жылга пландаштырылган.

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо улантылууда, аны 2021-жылы аяктоо пландаштырылган.

Бишкек шаарынын ЖЭБинде сууну биринчи кезектеги химиялык тазалоо цехинин жаңы жабдуусун монтаждоо аяктады, аны ишке киргизүү менен реагенттерди пайдаланууну азайтуунун жана заманбап мембрана технологияларын киргизүүнүн эсебинен тазаланган сууну өндүрүүгө чыгымдар азаят, ошондой эле цехтин өзүнүн ишинин ишенимдүүлүгү жогорулайт.

51 км аба чубалгысын - 110 кВ “Раззаков” подстанциясын куруу жана чек арага жакын райондордо энергетикага көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында Баткен областында “Арка” подстанциясын реконструкциялоо үчүн подрядчы тандалды.

“Датка” подстанциясында 500 кВ ячейкасы бар узундугу 450 км болгон “Датка” подстанциясынан ортолук жерге чейин 500 кВ аба чубалгысы үчүн подрядчы тандалды.

2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кызматташтык жана “Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүн пайдалануу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколго кол коюлду. Долбоордо Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кытай Эл Республикасына түркмөн газын ташуу үчүн магистралдык газ түтүгүнүн 4-тарамын куруу каралган, Кыргызстандын аймагы боюнча анын узундугу 215 километрге жакынды түзөт, газ өткөрүү кудурети – жылына 30 млрд. куб.метр газ.

2018-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу долбоорун финансылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ал Бишкек шаарында борбордук жылуулук менен жабдуу системасынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.

2018-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарынын электр менен жабдуу системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБинен тартып “Бишкек” 110/35/6 кВ жаңы подстанциясына чейин 110 кВ кабелдик чубалгыны куруу аяктады.

Электр энергиясын техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу жана бөлүштүрүүчү тармактарды чыңдоо максатында жалпы суммасы 6 млн. евро болгон, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы финансылап жаткан “Чыгышэлектро” ААКны реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу башталды.

Бөлүштүрүүчү тармактарды өркүндөтүү жана чыңдоо, АСКУЭ заманбап системасын сатып алуу жана орнотуу үчүн жалпы суммасы 5 млн. евро болгон “Ошэлектро” ААКны реабилитациялоо» долбоору боюнча тендерди өткөрүүгө даярдануу боюнча иштер жүзөгө ашырылды.

Пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында АӨБдүн (АБР) колдоосу менен ар бири 300 Втга эсептелген автономдуу энергия менен камсыз кылуунун тиричилик приборлору (күн панелдеринин комплекти, аккумулятор батареялары бар контроллер, телевизор, муздаткыч/тоңдургуч, светодиод лампочкалары/светильниктери) бар 90 комплект сатып алынды, алар калктуу конуштарды - Кен-Суу, Кызарт, Кызыл-Бейитти жана башкаларды электрлештирүү үчүн акысыз негизде берилди.

2030-жылга чейин ОЭКти өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча иш 4 жылдан бери создугуп келе жатканын, кыйла финансылык каражаттар Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтуна (мындан ары – ЭЭИИИ) бөлүнгөнүн жана жыйынтыктоочу документ бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек экенин Комитет белгилейт.

Ошондой эле Комитет ОЭК жагынан ЧУАны, НТДны жана нускамаларды иштеп чыгуу жагынан ӨЭЖМКнын жетишсиз ишине көңүл бурат. Бүгүнкү күндө бул багытта ишти тездетүүнүн, пландарды, системалык ыкманы, ЧУАны, НТДны жана нускамаларды иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле ЭЭИИИ менен иштөө методдорун кайра карап чыгуу мөөнөттөрүн тездетүү зарылчылыгы курч турууда.

Мындан тышкары, Комитет 2015-2017-жылдарга энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча программа бүгүнкү күнгө карата күчүн жоготкон, ал эми бул багыттагы жаңы Программа иштелип чыкпагандыгын белгилейт.

 

3. Жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык келтирүү максатында “Жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо маселелери жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтому бекитилген.

Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун алкагында ӨЭЖМК 2018-жылы башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана жер казынасын пайдалануучу компаниялар менен бирдикте бонустун ставкаларын өзгөртүү маселелери, рудалардын жана металлдардын концентратын алып чыгуу тартиби, ошондой эле рудаларды жана баалуу металлдардын концентраттарын чет өлкөлөрдө сатуу учурунда кирешеге салыкты жогорулатуу, кийин Мамлекеттик баланска коюу үчүн пайдалуу кендердин запастарын эсептөөнүн эл аралык стандарттарын киргизүү боюнча, казып алуучу тармактардын ачыктык демилгесинин (ИПДО) алкагында түпкү бенефициарлар жөнүндө маалыматты ачуу боюнча иш жүргүздү.

Ошондой эле “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу алкагында ченемдик укуктук актылардын 11 долбоору иштелип чыкты, алардын ичинен 7си бекитилди жана күчүнө кирди.

Жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу (лицензиялоо)

ӨЭЖМКнын маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-январына карата жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензиялардын жалпы саны 2571 лицензияны түздү. Мында лицензиялар төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлдү:

 

Иштердин түрлөрү боюнча

геологиялык издөө иштери

геологиялык-чалгындоо иштери

пайдалуу кендерди иштетүүгө

250

1031

1290

Пайдалуу кендердин түрлөрү боюнча

алтын

металлдар

нефть жана газ

көмүр

жер алдындагы суулар

руда эмес пайдалуу кендер

481

121

62

338

429

1140

 

2018-жылдын ичинде Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын бардыгы болуп 50 жыйналышы өткөрүлдү, аларда лицензияларды берүүгө өтүнмөлөр жана колдонуудагы лицензиялар боюнча 2636 маселе каралды, алардын ичинен:

Жер казынасын пайдалануу укугуна – 207 лицензия убактылуу токтотулду, 221 лицензия жоюлду.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу

2018-жылы 31 объект боюнча аукциондор жарыяланды, алардын ичинен 11 объект боюнча аукцион өткөн жок (өтүнмөнүн жоктугу жана жергиликтүү калктын каршылык билдирүүсү), жокко чыгарылган аукциондор – 6, 14 объект боюнча аукцион өттү:

Аукциондордун жеңүүчүлөрү төлөгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 100 693 АКШ долларын түздү. Ошентип, 2018-жылы аукциондорду өткөрүүдөн республикалык бюджетке - 51 814,49 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттерге 3 900,02 миң сом түштү.

Мында “2018-жылга республикалык бюджет жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу жагынан ӨЭЖМКнын көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү түздү:

- лицензияларды кармап калуу үчүн акы (ЛКА)2018-жылы ЛКА – 600 435,5 миң сом (аткаруу - 62,9 %). 2019-жылдын 1-январына карата абал боюнча 335 200 миң сомдун ордуна - 377 891,1 миң сом келип түштү, бул         112,7 % түздү;

- жер казынасын пайдалануу үчүн салык (Бонус) – 2019-жылдын 1-январына карата абал боюнча (МСКнын маалыматтары боюнча) пландалган 220 000,0 миң сомдун ордуна 157 329,8 миң сом келип түштү, бул 71,5 % түздү;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн акы – МСКнын маалыматтары боюнча 2019-жылдын 1-январына карата пландалган 90 000,0 миң сомдун ордуна 71 045,3 миң сом келип түштү, бул 78,9 % түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы
№ 144 токтому менен бекитилген “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине” ылайык ӨЭЖМК үч мамлекеттик кызмат көрсөтөт (2 – акы төлөнүүчү, 1 – акысыз).

Алсак, 2018-жылы жер казынасын пайдалануучулар геологиялык маалыматты беришинин эсебинен 1 920 547 сом келип түштү.

 

 

Минералдык чийки зат базасын толтуруу

2018-жылдын 1-январына карата абал боюнча, Мамлекеттик баланс тарабынан эске алынган 96 кен боюнча алтындын запастары (түпкү, чачыранды) 671 851,9 килограммды (С1 –355644,6 кг жана С2 –316206,9 кг) түздү.

695,45 тонна көлөмүндөгү баланстык запастары бар кендерде 20 руда комплексинде күмүш эсепке алынат.

Жез 648,994 миң тонна көлөмүндөгү баланстык жана 183,015 миң тонна баланстан тышкаркы запастары бар кендердеги 11 руда комплексинде эсепке алынат.

Кыргыз Республикасынын Запастар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйналышында 156 иш каралды, анын ичинде 117 иш боюнча протоколдор түзүлдү, 39 боюнча жеткире иштеп чыгууга кайра кайтарылды.

Мында Комитет, азыркы учурда минералдык-чийки зат базасын толуктоо геологиялык чалгындоо иштерин жүзөгө ашырган жеке компаниялардын эсебинен гана жүзөгө ашырылганын, ал эми мамлекеттик геологиялык чалгындоо ишканалары 2000-жылдан тартып Мамлекеттик баланска бир дагы кенди койбогондугун белгилейт.

Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу жана жер казынасын коргоо

2018-жылы өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуунун алкагында жардыруу иштерин жүргүзүү укугуна 139 уруксат жана кен иштерин жүргүзүү укугуна 133 уруксат берилди, кен иштерин өнүктүрүүнүн 427 планы жана кырсыктарды жоюу пландары макулдашылды.

Ошондой эле долбоордук документациялардын өнөр жайлык коопсуздугунун экспертизасынын 1136 корутундусу бекитилди, алардын ичинен 66 долбоорду эксперттер практикада колдонууга сунуштаган жок жана жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

2018-жылдын ичинде жер казынасын пайдалануу жана коргоо жагынан 278 долбоордук чечим экспертизага келип түштү, алардын ичинен 145 экспертизанын оң корутундусун алды, 123 долбоор жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлдү, 10 долбоор кароодо болчу.

Ошондой эле 2017-жылы аткарылган иштер жөнүндө 771 отчет жана 2018-жылы иштетүүгө жер казынасынын объекттери боюнча кен иштерин өнүктүрүүнүн 586 планы макулдашылды, 91 жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлдү, 54 эске алынды.

Пайдалуу кендерди жылдык казып алуунун көлөмдөрүн аткарбаган же жарым-жартылай аткарган лицензиаттарга Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап калуу үчүн төлөмдү төлөө жана эсептөө тартиби жөнүндө жобого ылайык ЛКА эсептелди.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилиги жөнүндө кодексине ылайык өткөн жыл үчүн отчетторду берүүнүн мөөнөттөрүн жана кийинки жылга кен иштеринин пландарын жер казынасын пайдалануучулар бузгандыгы үчүн 34 лицензиатка 1 670 000 сом суммасындагы административдик айып пул салынды, алардын ичинен
1 520 000 сом төлөндү.

Отчеттук жылдын ичинде концентратты Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары алып чыгууга 104 техникалык корутунду берилди (флотоконцентраттын кургак салмагы - 71 143,4189 тонна, алтындын курамы – 5 183,058 кг, күмүш – 13 693,85 кг, жана жез – 9 850,61 тонна).

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин иши жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.К. Осмонбетовдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине төмөнкүлөр сунушталсын:

- 2020-жылдын 1-кварталдын аягына чейин ЧУАларды, НТДларды жана нускамаларды Кыргыз Республикасынын ОЭК жагындагы мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча 2020-жылга иш-чаралардын планын бекитүү;

- 2020-жылдын 1-кварталдын аягына чейин 2030-жылга чейин ОЭКти өнүктүрүү жагынан жаңы стратегиялык документти иштеп чыгуу жана бекитүү;

- 2020-жылдын 2-кварталдын аягына чейин 2020-2025-жылдарга энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча программаны иштеп чыгуу жана бекитүү;

- жер казынасын пайдалануунун эсебинен бюджетти толтуруу жагынан “2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууну камсыз кылуу;

- 2020-жылдын 1-кварталдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесин эске алып, инспекциялык компаниялар тарабынан тандап алынган бардык рудалардын жана концентраттардын үлгүлөрүн борборлоштурулган сыноосун жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасында өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

          Комитеттин төрагасы                                                         К. Рыспаев