“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечиминин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку КеӊешининОтун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2020-жылдын 21-январындагы ЧЕЧИМИ

07-02-2020 10:54

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечиминин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы тууралуу”

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 

2020-жылдын 21-январындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган чечимдин аткарылышы боюнча маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечиминин 2-пункту менен КР Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталган:

- көмүр казып алуу тармагын колдоо максатында лизингдик программаны жана көмүр казып алуу ишканалары үчүн айыл чарба тармагы программаларына окшош болгон жылдык 6-7 % пайыздык ставка менен кредит берүүнү ишке киргизүү;

- КР Өкмөтүнүн “Кыргызкөмүр” МИсин акциялаштыруу маселесин караган токтомунун долбоорун КР Жогорку Кеӊешинде макулдашуу жол-жобосун тездетүү;

- кошумча тоо кен транспорттук техникаларды жана жабдууларды сатып алуу үчүн “Кыргызкөмүр” МИсине 100 млн. сом өлчөмүндөгү пайызсыз мамлекеттик займды бөлүп берүү маселесин чечүү;

- Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан жактырылган, салыктар жана КР Социалдык фонду боюнча карыздарды жоюу боюнча шарттарды

койбой туруп карьердик өзү төкмө унааларды жана автомобиль таразаларын сатып алууга 388 227 АКШ доллары суммасындагы кредитти алууга көмөктөшсүн;

- КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (мындан ары – ЭТКМИ), КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары – МСК), КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары – ЭККМК) жана КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине (мындан ары – ӨЭЖКМК) менен биргеликте жеринде болуу менен лицензиялык макулдашууларда пландаштырылган көмүр казып алуу көлөмүн нөлдүк же пландан төмөн көрсөтүшкөн 64 лицензиаттардын өндүрүштүк ишин текшерүүнү тапшырсын;

- Кара-Кече жана Миӊ-Куш (“Ак-Улак” участогу) күрөӊ көмүр чыккан жерлерди комплекстүү өздөштүрүү долбоору боюнча инвестицияларды тартуу, “Кара-Кече” жылуулук электр станциясын (1200 МВт) жана Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече маршруттары боюнча темир жолун куруу боюнча КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-февралындагы № 52-р тескемесинин аткарылышын тездетүү;

- Бишкек шаарынын ЖЭБна “Кыргызкөмүр” МИ аркылуу катуу отунду (көмүрдү) берүү боюнча пландык тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу, МСКнын, Соцфонддун алдында карыздарды жана алынган кредиттик заем каражаттарын өз учурунда жабуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү берүү, кенди ачуу иштери, көмүрдү казып алуу үчүн жана аларды ташуу боюнча ыӊгайлуу аба ырайы шарттарын натыйжалуу пайдалануу максатында, жеткирилген отун үчүн эсептешүүнү аткаруу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу менен, ар жылдык негизде 11 ай бою тегиз график менен Бишкек шаарынын ЖЭБине катуу отунду (көмүрдү) жеткирүү маселесин кароо;

- керектелген электр жана жылуулук энергияларын, жаратылыш газы, көмүр жана жагылган мазут үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейинки мөнөткө толук өлчөмдө каржылоону камсыз кылууну КР Финансы министрлигине тапшыруу.

 

Комитет 2019-жылдын 1-сентябрындагы № 6-19455/19 КР Өкмөтүнүн каты менен киргизилген маалыматын кылдат карап чыгып, сунуштоолордун бири дагы толук аткарылбагандыгын белгилейт, алар:

· лизингдик программа жана көмүр казуу ишканалары үчүн айыл чарба тармагынын программаларына окшош жылдык 6-7 % пайыздык ставка менен кредит берүү ишке ашырылган эмес – “Кыргызкөмүр” МИси КР Социалдык фондуна жана МСКсына карызы бар, ошондой эле кредиттик тарыхы начар, тиешелүү күрөө мүлкүнө ээ эмес болгондугуна байланыштуу РКӨБ, “РСК Банк” ААКы жана “Айыл Банк” ААКы кредит берүүдөн баш тартышкан;

· “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын10-октябрындагы № 469-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 666-токтому КР Жогорку Кеӊешине бир жыл бир айдан кийин гана, т.а., 2019-жылдын 9-декабрында № 6-26061-19 кириш номери менен киргизилген.

Ошону менен бирге, мурда КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-октябрындагы № 469-токтому менен бекитилген “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” маселени карап жатканда, КР Жогорку Кеӊешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 2018-жылдын 5-ноябрындагы чечими менен КР Өкмөтүнүн жогоруда келтирилген чечимине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө бир нече сунуштоолор берилген. Андан кийин, аталган Комитеттин чечиминин аткарылышы боюнча маалымат берүү зарылдыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 28-январындагы кат КР Өкмөтүнө жиберген.

Ошентип, Комитетте – “КР Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир жыл коротулду – мында КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341-токтому менен бекитилген КР Өкмөтүнүн Регламенти бузулган жокпу жана кайсы министрликтин же ведомствонун күнөөсү менен бир жыл бою өзгөртүүлөр киргизилди?” деген суроо жаралды;

· “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” КР Мыйзамында каражаттар каралбагандыктан, ал гана эмес аталган ишкана мурда бөлүнгөн бюджеттик кредиттер боюнча 12,2 млн. сом өлчөмүндө карызы болгондуктан жана мөөнөтү өткөн карызы болжол менен 3,6 млн. сомду түзгөндүктөн, КР Финансы министрлиги тарабынан “Кыргызкөмүр” МИге кошумча тоо-кен техникасын жана жабдыктарды сатып алуу үчүн 100 млн. сом өлчөмүндөгү пайызсыз мамлекеттик заем бөлүп берүүдөн баш тартылган. “Кыргызкөмүр” МИсинин берген маалыматы боюнча, КР Өкмөтү тарабынан 50 млн. сом өлчөмүндө мурда бөлүнгөн ссуда 2019-жылдын 17-декабрында толук жоюлган, ал эми ӨЭЖКМКа тарабынан 18 млн. сом өлчөмүндө бөлүп берген ссуда макулдашууга тиркелген графикке ылайык 2020-жылдын декабрында жоюлуп бүтөт (бүгүнкү күнгө карата 10,65 млн. сом жоюлган, калдык 7,35 млн. сомду түзөт).

Ошону менен бирге, Комитеттин “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна 2019-жылдын

22-октябрындагы корутундусунда ӨЭЖКМКга караштуу “Кыргызкөмүр” МИсине 100,0 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бөлүп берүү КР Өкмөтүнө сунушталгандыгын белгилеп кетүү керек;

· ишканада салыктар жана социалдык төлөөлөр боюнча карызы болгондугуна байланыштуу, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду карьерде иштөөчү өзү түшүрүүчү унааларды жана автомобиль таразаларын сатып алууга 388 227 АКШ доллары суммасына кредит бөлүп берүүдөн баш тарткан;

· биргелешип чыкма текшерүү жүргүзүү үчүн ЭТКМИ, МСК, ЭККМК жана ӨЭЖКМК менен биргеликте ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн эмес, т.а., МСК, ЭККМК жана ӨЭЖКМК текшерүүгө катышкан эмес, ошентип текшерүүнүн объективдүүлүгү сакталган эмес. Ошондой эле казып алуу иштеринин маркшейдердик тартуусу жүргүзүлгөн эмес - көмүрдү казып алуунун иш жүзүндөгү өлчөмү аныкталган эмес - ЭТКМИ 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 08/4302 катында штатта жер алдындагы иштерде маркшейдердик тартууларды жүргүзүү үчүн атайын тажрыйбалары жана уруксаттары бар болгон маркшейдер адисинин жоктугун шылтоологон. Ошондой эле бул катында “текшерүү 2019-жылдын августунда жана сентябрында жүргүзүлгөндүгүн, убакыт чектелгендигине байланыштуу маркшейдердик тартууларды жана камералдык иштерди жүргүзүү мүмкүндүгү болбогондугун” билдирет, мында Комитеттин чечими 2019-жылдын 28-майында чыгарылгандыгын жана ЭТКМИде жер түпкүрүн абийирсиз пайдалануучуларды толук кандуу жана сапаттуу текшерүү үчүн июнь, июлду кошкондо жетиштүү убактысы болгондугун, негизинен ЭТКМИси текшерүүнү 2019-жылдын августунда гана жүргүзө баштагандыгын (ЭТКМИнин 2019-жылдын 15-октябрындагы № 08/3838 каты) белгилеп кетүү керек.

2016-жылдын 1-октябрында ӨЭЖКМК маркшейдердик тартууларды жүргүзүү үчүн керек болгон 2016-жылы чыккан, наркы 760 000 сом турган “Leica TS06R1000 5” маркасындагы электрондук тахеометрдин заманбап модификациясын ЭТКМИнин балансына өткөрүп бергендигин Комитет белгилейт. Бул аспапты маршейдердик тартууларды жүргүзүүдө колдонууга болмок.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Комитетте – “Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы эмне себептен текшерүүнү кеч (июнь же июлдан баштабай 2019-жылдын августунан) баштады жана КР Өкмөтү менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчилиги тарабынан Комитеттин чечимдеринин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатабы?” - деген суроо туулат;

· инвестицияларды тартуу, энергетикалык дараметти жогорулатуу максатында КР Премьер-министринин 2019-жылдын 4-июнундагы № 283-тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, ал күрөӊ көмүр кенин өздөштүрүү жана Нарын облусунда Кара-Кече ЖЭСин куруу боюнча иш-чаралардын ар бир кадамдык планын иштеп чыккан. ӨЭЖКМКнын 2019-

жылдын 26-ноябрындагы № 15-3/14039 маалыматы боюнча, жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Жылына 4 млн. тонна көмүр карьери менен 700 МВт кубаттуулуктагы ЖЭС куруу менен Кара-Кече күрөң көмүр кенин комплекстүү иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия түзүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго макулдашуу үчүн жиберилген.

Мында Комитет – “жумушчу топ тарабынан кайсы аракеттер кабыл алынды жана КР Өкмөтүнүн чечиминин долбоору макулдашуунун кайсы баскычында турат?” – деген суроо коёт.

· “Кыргызкөмүр” МИсинин Бишкек шаарынын ЖЭБине жыл бою көмүр жеткирүүсүн иштеп чыгуу үчүн ӨЭЖКМКсы 2019-жылдын 28-августунда “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКына № 498-телефонограмма жиберген, андан 2020-жылдын 13-январында гана жооп келген, анда 11 ай бою тегиз график менен жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн жана Бишкек шаарынын ЖЭБин катуу отун менен өз учурунда даярдоо үчүн катуу отунду сатып алуу жол-жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп белгиленген.

Комитет, “Кыргызкөмүр” МИсинин Бишкек шаарынын ЖЭБине жергиликтүү көмүрдү жыл бою жеткирүү боюнча маселенин чечилбегендиги КР Социалдык фондунун жана МСКнын алдында карызды жаратат, ошондой эле ишкананын өзүнүн материалдык-техникалык базасын чыӊдоо боюнча дараметин төмөндөтөт, деп эсептейт.

Ошого байланыштуу Комитетте – “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКы эмне себептен бул маселени беш ай карап жатты?” - деген суроо жаралды.

· коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө 2019-жылдын 27-июнудагы абал боюнча КР Финансы министрлигинин кассалык планы боюнча 2019-жылга каралган 1 333,9 млн. сомдон 692,4 млн. сом бөлүнүп берилген.

 

Комитет, бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди аткаруу боюнча, ӨЭЖКМКсынын 2020-жылдын 10-январындагы № 15-4/91 жаӊыланган маалыматын алган, бирок жогоруда баяндалгандай, пункттардын бири да дээрлик аткарылган эмес.

Комитеттин мурда кабыл алган чечимин аткарбоо бир нече жылдан бери ар жылдык отчетторунда көмүр казуудагы нөлдүк же төмөнкү өлчөмдү көрсөтүп (Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы чечиминин 2- жана 3-таблицалары) келе жаткан жер казынасын абийирсиз колдонуучулардын өсүшүнө түрткү берет, анын натыйжасында “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзам бузулуп – республикалык бюджет (салыктык жана башка төлөмдөрдүн түшүп калышы), өндүрүмдүн (көмүрдүн) тиешелүү салыктары салынбаган экспорту аткарылбай калат деп Комитет эсептейт.

Ата мекендик көмүргө коӊшу өлкөлөрдө суроо-талап жогору болуп тургандыгын эске алып, министрликтер жана ведомстволор мурда берген маалыматтардын талдоосунан улам, аталган кен жатагын колдонуучулар көмүрдүн казылып алынышынын иш жүзүндөгү көлөмүн атайын төмөндөтүп жатышат жана аны менен расмий салык төлөөдөн качып же лицензияларды башкаларга сатуу аракетин көрүп жатышат деген жыйынтык чыгарууга болот.

 

 

Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечимин аткаруу боюнча КР Өкмөтүнүн маалыматын угуп жана талкууга алып, Комитет төмөнкүдөй чечим чыгарды:

 

1. Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечимин аткаруу боюнча КР Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.

2. “Кыргызкөмүр” МИнин калкты жана Бишкек шаарынын ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуу боюнча жумушу канааттандырарлык деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- министрликтердин жана ведомстволордун Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы чечиминин аткарылышына жооптуу жетекчилерине карата тартипке чакыруу аракетинин катуу чараларын кабыл алсын, кабыл алынган чаралар жөнүндө Комитетке 2020-жылдын 14-февралына чейин маалымат берсин;

- 2020-жылдын 14-февралына чейинки мөөнөткө Комитеттин аталган чечиминде коюлган жана Комитеттин отурумунун жүрүшүндө айтылган маселелерге жоопторду берсин;

- Комитеттин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр” МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндө” чечиминин аткарылышын камсыз кылсын жана 2020-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөткө Комитетке маалымат берсин.

4. Бул чечимдин акарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө тапшырылсын.

 

 

 

Комитеттин төрагасы К.Ж.Рыспаев