“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука райондорунун аймагындагы алтын чыккан жерлерди иштетүүчү тоо-кен ишканаларынын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2020-жылдын 28-январындагы чечими

07-02-2020 11:29

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун

Чаткал жана Ала-Бука райондорунун аймагындагы алтын чыккан жерлерди иштетүүчү тоо-кен ишканаларынын иши жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 

2020-жылдын 28-январындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 114 жана 114-1-беренелерин жетекчиликке алуу менен, мамлекеттик органдардын жана “Чаарат ЗААВ” ЖАК, “Кичи Чаарат” ЖАК, “Вертекс Голд Компани” ЖЧК, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК, “Каз Минералс Бозумчак” ЖЧК тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагындагы иши жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

Жогоруда аталган тоо-кен ишканалары өз ишин “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген лицензиялардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Чаткал жана Ала-Бука райондорунун аймагында алтын чыккан жерлерди иштетет.

Алты ишкананын маалыматы боюнча, долбоорлорду ишке ашыруу башталгандан бери жергиликтүү жамааттарды социалдык колдоого төлөмдөрдү эсепке албаганда, республикалык бюджетке 9 378,483 млн. сом которулду, 3300дөн ашык жумуш орду түзүлдү. Ошону менен бирге, долбоорлорду ишке ашыруу процессинде ишканалар жергиликтүү калктын мезгил-мезгили менен каршы туруусу, жергиликтүү калк лицензиялык аянтта пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алышы, инвесторлордун ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсү сыяктуу жана башка көйгөйлүү маселелерге кабылууда.

 

Мамлекеттик органдардын жана жогоруда аталган компаниялардын өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Комитет төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Мамлекеттик органдардын жана компаниялардын өкүлдөрүнүн маалыматтары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- инвесторлордун көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтсүн жана көрүлгөн чаралар тууралуу ар кварталдык негизде маалымат берсин;

- 2019-жылдын 17-декабрындагы Комитеттин чечиминин 2-пункттун 6-абзацынын белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылсын;

- оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу жогоруда келтирилген компаниялардын транспорттук каражаттардын Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ала-Бука райондорунун автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын алдын алуу максатында, стационардык салмак-көлөмдү контролдоонун пунктун түзүүнү карасын;

- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары К.Э.Ибраевдин, Комитеттин ушул отурумунда толук эмес маалыматтарды берүү үчүн жоопкерчилигин карасын.

3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                          К.Ж.Рыспаев