Эркин экономикалык аймактар жөнүндө мыйзамдын жоболору башка мыйзамдарга шайкеш келтирилүүдө

13-09-2017 09:50

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – КР Өкмөтү.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзамдын «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө» административдик актыларды даттануунун милдеттүү сотко чейинки тартибин киргизүү бөлүгүн «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Андан сырткары, мурдагы Бажы бирлиги Евразия экономикалык бирлиги болуп кайра түзүлгөнүнө байланыштуу, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын жоболору ЕАЭБбин бажы мыйзамдарынын талаптарына да ылайык келтирилүүдө. Ошондой эле, ЭЭАда өндүрүлгөн айрым товарлардын аталышы өзгөрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы