Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин
Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана
өнөр жай саясаты боюнча комитетинин
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин
токтомдорунун аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө»
2022-жылдын 14-июнундагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. 2014-жылдын 6-февралындагы №3806-V, 2015-жылдын
29-июнундагы №5447-V, 2020-жылдын 25-июнундагы №3970-VI,
2021-жылдын 31-мартындагы №4484-VI жана 2021-жылдын 28-апрелиндеги №4537-VI токтомунун Комитетке тиешелүү пункттары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун аткаруу мөөнөттөрү 2023-жылдын 30-июнуна чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиевге тиешелүү кат жөнөтүлсүн.
3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы А. Турсунбаев