Айнакулов Мухтарбек Айнакулович

КСДП парламенттик фракциясы

Телефон: 0312-63-85-45

1957-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1977-1981 жылдары Москва шаарындагы С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК) окуган. 1983-жылдары Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Россия театралдык искусство институтун (ГИТИС) «актер, режиссер» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Пржевальск  шаарындагы К. Жантошев атындагы Ысык-Көл драмалык театырында режиссер, актер болуп иштөө менен баштаган.

2007-2011-жыжлдары Бишкек шаарында «Бишкек-Фильм» студиясында режиссер;

2012-2014-жылдары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы (ЭЭА) «Сакчы»ишканасынын директорун орун басары.

2014-2015 жылдары «Бишкек» ЭЭАдагы «Сервис» ишканасында жетектөөчү адис болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.