Шаболотов Тажимамат Тайгараевич

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары

1959-жылы 11-майда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Заргер айылында туулган. Жогорку билимдүү. 
1982-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын ТИМ Дипломатиялык Академиясын артыкчылык диплому менен жана 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу академиясын бүтүргөн.

Эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районундагы “Яссы” совхозунда жумушчу болуу менен баштаган. 
1977-1982-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун студенти, 1982-1984-жылдары аталган институтта ассистент болуп иштеген.
1984-1988-жылдары - Челябинск шаарындагы Айыл чарбасын механизациялаштыруу жана электрлештирүү институтунун күндүзгү бөлүмүндө аспирант, 1988-1994-жылдары - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда ассистент, кафедра башчысы, декандын орун басары кызматтарында иштеген.
1994-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында  уюштуруучу инспектор, бөлүм башчы жана департамент   башчысы болуп иштеген.
1997-1999-жылдары - Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким.

2000-2001-жылдары - Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы- губернатордун орун басары.
2001-2002-жылдары - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, суу чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай министринин орун басары.
2002-2004-жылдары- Балыкчы шаарынын мэри.
2004- жылдан- Кыргыз Республикасынын Эл аралык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министри.
2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграция департаментинин башчысы (Москва шаары) кызматтында иштеген.
2006-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетинин Россия Федерациясынын Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.
2009-2010-жылдары - Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким.
2011-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппарат жетекчисинин орун басары болуп эмгектенүүдө.

Кыргыз Республикасынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, Техника илимдеринин кандидаты 
(1988 ж.), доцент, саясий илимдердин доктору,  (2013 ж.) профессордун милдетин аткаруучу. 
Бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктардын ээси:
Кыргыз Республикасынын “Манас-1000”, “Кыргыз Республикасына 10 жыл”, “КМШ ПААга 20 жыл”, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Аскердик-жарандык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн”, “Россия Федерациясынын Кемерова облусуна 65 жыл”, “ВЛКСМга 90 жыл” медалдары;

“Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын кайра иштетүү өнөр жайынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыктысы” төш белгилери;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетинин Ардак грамотасы, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы жана Россия Федерациясынын Москва Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сааты менен сыйланган.