Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча Комитетинин карамагындагы маселелер жөнүндө ЧЕЧИМИ 2022-жылдын 1-февралы

04-02-2022 11:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан-ары – Комитет), Комитеттин карамагына кирген маселелер боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө» 2015-жылдын
12-ноябрындагы № 24-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун карап чыгып, төмөндөгүдөй.

 

                                      ЧЕЧИМ кабыл алды:

 

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин карамагындагы маселелер бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        А.А.Турсунбаев