Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин биринчи окууда кабыл алынган “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2022-жылдын 6-сентябрындагы КОРУТУНДУСУ

08-09-2022 10:09

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 19-майындагы
кир. №6-9627/22) “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 370-VII токтому менен биринчи окууда кабыл алынган.

Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн жана Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундуларын эске алуу зарылдыгын белгилеген.

Комитет тарабынан корутундулардагы берилген сунуштар эске алынды.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоонун жүрүшүндө мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринен жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жок.

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ушул мыйзамдын долбоорун кароодо Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы А.А. Турсунбаев баяндамачы болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жыйынында бул мыйзамдын долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А. Кутманова чакырылсын.

 

Комитеттин төрагасы                                                        А. Турсунбаев