“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы КОРУТУНДУСУ

12-09-2022 16:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 14-июнундагы кир.№ 6-12343/22) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы: “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун максаты “Энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн майнинг субъекттери үчүн электр энергиясына тарифтерди белгилөө жаатындагы кайталоону жокко чыгаруу болуп саналат.

Аталган Мыйзам долбоору менен “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 17-беренеси жокко чыгарылат.

  2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши: - ылайык келет. 

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

- Кыргыз Республикасынын "Энергетика жөнүндө" Мыйзамы.

          4. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар: талап кылынбайт.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

 -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу бар (29.06.2022-ж., кир.№ 6-14274/22);

-  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза кызмат бөлүмүнүн корутундусу бар (08.08.2022-ж., кир.№ 6-16384/22).

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

7. Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча сунуштар, эгер алар жүргүзүлсө: «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 1-пунктуна ылайык, сунушталган Мыйзам долбоору жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгобойт жана ишкердикти жөнгө салбайт, ошондуктан коомдук талкууну талап кылбайт.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири: -  түшкөн жок.

10. Комитеттин сын-пикири жана сунушу: - түшкөн жок.

        

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аны биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.  

2. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кароодо баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын  энергетика министринин орун басары Т.А. Айталиев аныкталсын.  

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        А. Турсунбаев