“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 27-сентябрынды КОРУТУНДУСУ

29-09-2022 11:01

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2022-жылдын 27-майы, кир.№6-10526/22) “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

         1. Мыйзам долбоорунун концепциясы:

         Бул Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексин натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат.

         Кодекстин  127-беренесинин ченемдерине ылайык, пайдалуу кендерди иштетишкен (казып алышкан) жактар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү төлөөчү болуп саналат. Практика көрсөткөндөй, көп учурда чегерүүлөрдү эсептөөдө төлөчүлөр тарабынан сатылган пайдалуу кендердин көлөмү гана пайдаланылат, ал эми алардын кайра иштетүүдөн алынган продуктыларынын сатылган көлөмдөрү эсепке алынбайт. Ошондуктан, бул чегерүүлөрдү толук эсептөө максатында ушул толуктоолор зарыл.

Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүдө жана техникалык муктаждыктарга пайдаланылган, жер алдынан алынган суулардын көлөмдөрү бул чегерүүлөрдү эсептөөдөн калып жатышат, ошол эле учурда, жер алдындагы суулардын сатылган көлөмдөрү чегерүүлөрдү эсептөө объектиси болот, демек, ишкердиктин субъектилерине карата бирдей мамиле кылуу принципи бузулууда. Ушуга байланыштуу, чегерүүлөрдү эсептөөдө пайдалуу кендерди сатууда, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү үчүн пайдаланууда алардын көлөмдөрүн толук камтуу максатында Кодекстин 128-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.

         2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

         Ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

         - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

         - “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси.

         4) Ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

         Маалымкат-негиздемеге ылайык, Мыйзам долбоору ишкердик  ишмердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

5) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 10-июну, кир. № 6-12107/22, тиркелет).

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2022-жылдын 10 июн,  кир.№6- 12029/22, тиркелет).

         6) Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

         - Сунуштар жана сын-пикирлер  келип түшкөн жок.

         7) Алар жүргүзүлгөн учурда, жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар:

         Бул Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, 2021-жылдын 19-августунда коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жана долбоорлорду коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылган.

         Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча сын-пикирлер жана сунуштар түшкөн жок.

         8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Сунуштар жана сын-пикирлер  келип түшкөн жок.

         9. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

Өзгөчө пикирлер жок.

         10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

         Сунуштар жана сын-пикирлер  келип түшкөн жок.

 

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келет:

         1. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

         2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жиберилсин.

 

 

Комитеттин Төрагасы                                                А.Турсунбаев