Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин “2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчетуна карата 2022-жылдын 11-октябрындагы ЧЕЧИМИ

21-10-2022 14:40

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) 2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 16-майындагы чыг.№ 18-15845 каты) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесинин
1-пунктунун 6-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 116-беренесинин 4-пунктуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-декабрында
ИДПнын реалдуу өсүүсү 3,6% деңгээлинде түзүлдү, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилиндеги деңгээлден 12,0 пайыздык пунктка
жогору, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 723,1 млрд. сом деңгээлинде түзүлдү.

Экономиканын өсүүсү, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, 3,9% түзгөн (2020-жылдын январь-декабрындагы төмөндөө 8,9%).

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 11,2% түзгөн (2019-жылдын декабрына карата 2020-жылдын январь-декабрында 9,7%).

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын индекси 2020- жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 11,9%ды түзгөн
(2019-жылдын январь-декабрына карата 2020-жылдын
январь-декабрында  6,3%).

2021-жылдын январь-декабрынын жыйынтыгы боюнча, өнөр жай продукциясын өндүрүү реалдуу туюнтууда 9,0%га көбөйгөн (2020-жылдын январь-декабрь айларында өсүү 6,6%), бул кайра иштетүү өнөр жайынын 7,0%га, энергетика секторунда 1,2% жана пайдалуу кендерди казып алууда 21,2% көбөйүшүнүн эсебинен болду. Кумтөрдү эсепке албаганда, өнөр жайда 15,6%га өсүү болгон (2020-жылдын январь-декабрь айларында төмөндөө 8,6%).

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТИНИН КИРЕШЕ БӨЛҮГҮН АТКАРУУ

 

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү
2021-жыл үчүн
белгиленген пландык тапшырмадан 99,8%ды,
же 209 827,0 млн. сомду түздү. Пландык көрсөткүчтү аткарбоонун негизги себеби мамлекеттик инвестициялардын гранттарынын түшпөй калуусу болуп саналат. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 38,0%га же 57 775,9 млн. сомго өстү.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын эсепке албаганда, жалпы кирешелердин планы 101,4% аткарылган. Өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштыруу боюнча кирешелердин жалпы көлөмү, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын кошпогондо, 50 179,0 млн. сомго же 37,1 %га өстү.

 

2020-2021-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешесинин түзүмү

1-таблица

*(млн. сом)

Мамлекеттик бюджет

Иш жүзүндө
2020-ж.

План
2021-ж.

Иш жүзүндө
2021-ж.

План-дан четтөө
(+/-)

Планды аткаруу %
 

2020-ж. иш жүзүндө-гүдөн четтөө (+;-)

2020- ж. иш жүзүндө-гүдөн өсүү темпи (%)

Кирешелер

152051,1

210 147,0

209 827,0

-320,0

99,8

57 775,9

138,0

МСК кирешеси

79 002,2

103 948,4

105 714,0

1 765,6

101,7

26 711,8

133,8

Салыктык кирешелер

106 929,2

151 003,9

151 185,3

181,5

100,1

44 256,1

141,4

МСК салыктык кирешелери

78 026,4

102 619,4

104 297,0

1 677,6

101,6

26 270,6

133,7

МБК салыктык кирешелери

28 902,8

48 384,5

46 888,3

-1 496,2

96,9

17 985,5

162,2

Алынган расмий трансферттер

11 818,1

14 924,2

13 738,5

1 185,7

92,1

1 920,4

116,2

Салыктык эмес кирешелер

33 303,8

44 219,0

44 903,2

684,3

101,5

11 599,4

134,8

Жер казынасын пайдалануу үчүн салык Салык органдары тарабынан 3 278,5 млн. сом, же планга карата 101,7% жыйналган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 47,2% өскөн.

Отчеттук мезгилде Кумтөр Голд компаниясы тарабынан дүң киреше салыгынан 8 030,3 млн. сом суммада 13% өлчөмүндө жана Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө 2 000,0 млн. сом суммада, 4% өлчөмүндө которулган (бул сумма Бюджеттик классификациянын тийиштүү элементи киргизилгенге чейин “Башка салыктар жана жыйымдар” бюджеттик классификацяисынын элементи боюнча эсептелген).

 

Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү, трансферттерди эске албаганда, 2021-жыл үчүн 22 387,3 млн. сомду же планга карата 102,0% түздү. Өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу кирешелер 28,2%га же 4 921,2 млн. сомго өскөн.

Жергиликтүү бюджеттин салыктык кирешелеринин көлөмү отчеттук мезгил үчүн 19 049,8 млн. сомду же пландан 104,4% түздү. Өткөн жылдын ушул көрсөткүчүнө салыштырмалуу, салыктык кирешелер 26,4% же 3 981,4 млн. сомго өскөн.

Жергиликтүү бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 3 337,5 млн. сомду же пландан 90,1% түздү. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу салыктык эмес кирешелер 39,2% же 939,8 млн. сомго өскөн.

2-таблица

(млн. сом)

Жергилик-түү бюджет

Иш жүзүндө
2020-ж.

План
2021-ж.

Иш жүзүндө
2021-ж.

План-дан четтөө
(+/-)

План-ды аткаруу %
 

2020 ж. иш жүзүндө-гүдөн четтөө (+;-)

2020 ж. иш жүзүн-дөгү-дөн өсүү темпи (%)

Кирешелер

17 466,1

21 957,4

22 387,3

429,9

102,0

4 921,2

128,2

Салыктык кирешелер

15 068,4

18 254,7

19 049,8

795,0

104,4

3 981,4

126,4

Салыктык эмес кирешелер

2 397,7

3 702,7

3 337,5

-365,2

90,1

939,8

139,2

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТИНИН ЧЫГАША БӨЛҮГҮН АТКАРУУ

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгымдары 2021-жыл үчүн (атайын каражаттарды, МИП тышкы гранттарын жана кредиттерин эсепке албаганда) 186 989,1 миң сомдук такталган пландын 178 202,8 миң сомун түздү, же 95,3%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин жыйынды чыгымдары 28 229,2 миң сомго же 118,8 %га көбөйдү.

ИДП көлөмүнө карата, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгымдары (атайын каражаттарды, тышкы гранттарды жана МИП кредиттерин эсепке албаганда) 24,6 % түздү.

 

Пилоттук министрликтер “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду жарым жылдык жана жылдык негизде беришет.

 

Республикалык бюджеттин аткарылышы

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин (атайын каражаттарды, МИП тышкы гранттарын жана кредиттерин эсепке алуу менен) жыйынды чыгымдары (учурдагы чыгымдар жана финансылык эмес активдериди сатып алууга чыгымдар) 207 400,6 млн. сомдук такталган пландын 190 984,9 миң сомун, же 92,1% түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин жыйынды чыгымдары 36 534,3 млн. сомго же 123,1%га көбөйдү. ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жыйынды чыгымдары 26,4% пайызды түздү.

2021-жыл үчүн республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары (атайын каражаттарды, МИП тышкы гранттарын жана кредиттерин эсепке албаганда) 164 976,5 млн. сомдук такталган пландын 159 065,9 млн. сомун түздү же 92,1% аткарылды. ИДП көлөмүнө карата республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 22,0% түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу, бюджеттик каражаттар боюнча жыйынды чыгымдар 25 955,6 млн. сомго же 119,4%га көбөйдү.

 

Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджети 2021-жыл үчүн (атайын каражаттарды эсепке алуу менен) 27 271,2 млн. сомдук такталган пландын 24 288,7 млн. сом суммасында же 89,0%га аткарылды.

2020-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджеттин чыгымдары 4 112,7 млн. сомго же 20,4%га көбөйдү.

ИДПнын көлөмүнө карата жергиликтүү бюджеттин чыгымдары 3,3% түздү.

2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджети, (атайын каражаттарды эсепке албаганда), 25 697,2 млн. сомдук пландын
23 218,5 млн. сом суммасында же 90,4%га аткарылды. ИДП көлөмүнө карата жергиликтүү бюджеттин чыгымдары, (атайын каражаттарды эсепке албаганда), 3,2 %ды түздү.

 

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча мамлекеттик инвестициялардын бюджетин аткаруу

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, карыз каражаттарды тең салмактуу тартуу жана пайдалануу, ошондой эле жүргүзүлгөн мамлекеттик карызды натыйжалуу башкаруу саясаты аркылуу бюджеттик тартипти күчөтүү боюнча ишмердигинин алкагында, Министрлик тарабынан 2021-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча өнүктүрүү бюджетинин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан аткарылышына талдоо жүргүзүлдү.

Мамлекеттик инвестициялардын алкагында, долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2021-жыл үчүн тышкы каржылоо (кредиттер жана гранттар) боюнча мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалардын жалпы көлөмү 26 431,1 млн. сомду түздү, бул пайыздык туюнтууда төмөнкүлөрдү түзөт:

-      2021-жылга мамлекеттик инвестициялардын бекитилген бюджетине карата 36 961,2 млн. сом өлчөмүндө - 71,5%;

-      2021-жылга мамлекеттик инвестициялардын такталган бюджетине карата 32 283,8 млн. сом - 81,9%.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, тышкы каржылоо боюнча мамлекеттик инвестициялардын такталган бюджетинен 5 852,7 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттар өздөштүрүлгөн эмес, анын ичинен кредит - 3 570,5 млн. сом,
грант – 2 282,2 млн. сом.

2020-жылдын ушундай мезгилине салыштыруу боюнча 2021-жылдын январь-декабры үчүн мамлекеттик инвестициялардын чыгымдарынын жалпы көлөмү 11 648,0 млн. сомго же 72,0%га көбөйгөн. Тышкы каржылоо 10 739,6 млн. сомго же 68,4%га көбөйгөн.

 

704-бөлүм “Экономикалык маселелер”

“Экономикалык маселелер” бөлүмү боюнча мамлекеттик бюджетти аткаруу 2021-жыл үчүн 32 762,5 млн. сомду, такталган планда 37 766,2 млн. сом, же бюджеттин аткарылышы 86,8 %ды түзгөн.

“Экономикалык маселелер” бөлүмү боюнча республикалык бюджетти аткаруу, атайын каражаттарды жана мамлекеттик инвестицияларды эсепке алуу менен, 31 742,3 млн. сомду, такталган планда 36 646,2 млн. сом, бул 86,6 %ды түзгөн.

 

Кыргыз Pecпубликасынын Энергетика министрлиги

Кыргыз Pecпубликасынын Энергетика министрлигин 2021-жылы күтүүгө 1 459,8 млн. сом каралган жана иш жүзүндөгү чыгым 1 455,0 млн. сомду (99,7%) түзөт, анын ичинен:

-      Кыргыз Республикасынын Энергетика мнистрлигинин борбордук аппаратын күтүү үчүн 57,2 млн. сом бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Энергетика мнистрлигинин борбордук аппараты үчүн каралган 58,0 млн. сомдук каражаттардын 98,6%ы);

-      “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына 1 329,3 млн. сом, анын ичинде жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу жылуулук менен жабдуу ишканаларынын чыгымдарын тындырууга 1 316,9 млн. сом жана Республикалык атайын комбинат жүргүзгөн радиоактивдүү заттарды көмүү жана дезактивациялоо боюнча иштерге 12,4 млн. сом (100,0 %) бөлүнгөн;

-      Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке 14,2 млн. сом бөлүнгөн (каралган каражаттардын 96,2%);

-      Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигине 27,4 млн. сом бөлүнгөн (каралган 30,8 млн. сомдук каражаттардын 89,1%ы);

-      Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга 26,9 млн. сом бөлүнгөн (100,0%).

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги боюнча корголгон беренелердин кассалык чыгымы (эмгек акы жана Соцфондго чегерүүлөр) 2021-жылдын 31-декабрына карата 99,9 млн. сомду түзгөн, корголгон беренелер боюнча 2021-жылга такталган жылдык бюджеттин 99,3%га каржыланган.

Чыгымдардын жалпы суммасы 127,9 млн. сомго көбөйгөн, анын ичинде:

-      6,5 млн. сом Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке, анын ичинен 4,1 млн. сом КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июнундагы № 50-т тескемесине жана КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 28-июнундагы чечимине ылайык жана 2,4 млн. сом “Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтомунун 2-пунктуна ылайык;

-      121,4 млн. сом “Кыргызжылуулукэнерго” МИсине жабылбаган чыгымдардын ордун толтуруу үчүн (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-июлундагы № 93-т тескемеси жана КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 22-июлундагы чечими);

“Бюджеттик мекемелерди финансылоодо Жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын нормативден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Кыргыз Pecпубликасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы
№ 694 токтомунун алкагында, талдоонун жыйынтыгы боюнча, чыгымдар жалпы суммасы 0,4 млн. сомго (444,3 миң сом) азайган, анын ичинде:

-      0,2 млн. сом (“Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети” кайра уюштурулганга чейин бекитилген бюджеттен 239,6 миң сом);

-      0,01 млн. сом (5,8 миң сом) “Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик”;

-      0,2 млн. сом (198,9 миң сом) “Кыргызжылуулукэнерго” МИ.

 

“Электр станциялары”ААК

2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүү үчүн отун ресурстарын даярдоого “Электр станциялары” ААКга 2,3 млрд. сом суммасында бюджеттик кредит бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 59-т тескемеси).

“Электр станциялары” ААКна импорттолуучу электр энергиясына төлөөгө жана Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук станциялары үчүн отун ресурстарын сатып алууга 650,0 млн. сом суммасында бюджеттик кредит бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 243-т тескемеси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы чечими).

 

705-бөлүм “Курчап турган чөйрөнү коргоо”

“Курчап турган чөйрөнү коргоо” 705-бөлүмү боюнча республикалык бюджетти аткаруу 2021-жыл үчүн 689,0 млн. сомду түзгөн, такталган планда 748,4 млн. сом, же бюджетти аткаруу 92,1% ды түзгөн.

 

Кыргыз Pecпубликасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Кыргыз Pecпубликасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги деп кайра аталган, жаңыдан түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети боюнча 2021-жылга такталган бюджет 162,9 млн. сомду түзгөн, анын ичинен:

-      148 млн. сом – бюджеттик каражаттар;

-      14,9 млн. сом – атайын эсептин каражаттары.

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети экологиялык коопсуздукту камсыздоо, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча чараларды күчөтүү жана климаттык тобокелдиктерди азайтуу максатында Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин базасында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдында төмөнкүлөр түзүлгөн:

-      Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти;

-      Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу борбору;

-      Экологиялык мониторинг департаменти.

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин карамагына төмөнкүлөр өткөрүлүп берилип, төмөнкүдөй аталып калды:

Мамлекеттик жаратылыш парктары, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинен өткөрүлүп берилген.

Бюджеттик каражаттар боюнча 148 млн. сом каралган, анын ичинде:

Атайын эсептин каражаттары боюнча чыгымдар 14,7 млн. сомго каралган:

2021-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча кассалык чыгым
145,7 млн. сомду түзгөн.

 

Талдоонун алкагында төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:

Комитет Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчетун иликтеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына мамлекеттик бюджеттен каржылоо бөлүнүшү жөнүндө маалыматтар чагылдырылбаганын билдирет.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин маалыматына ылайык (кир. № 6-17381/22, 07.09.2022 ж.), 2016-2022-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин аткаруу үчүн мамлекеттик буюрманын алкагында 242 400,5 миң сом өлчөмүндөгү сумма бөлүнгөн, анын ичинде:

Ошентип, Мамлекеттик бюджеттен ар жылдык чегерүүлөр боюнча болгон маалыматтарды эске алуу менен, Комитет, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чегерүүлөр, көрсөтүлгөн каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик буюрманы аткарууда жетишилген көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтардын жоктугун белгилейт.

 

МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗДЫ ТЕЙЛӨӨ

 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан келип түшкөн каражаттар

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгын каржылоо, мурда чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) кайра каржылоо жана МБК рыногун өнүктүрүү максатында мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ) жана мамлекеттик казыналык облигациялары (МКО) чыгарууну ишке ашырат жана аларды үзгүлтүксүз негизде ички рынокко жайгаштырат.

“Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
2020-жылдын 31-декабрындагы №15 Мыйзамына ылайык 2021-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө МБК чыгаруунун жана жайгаштыруунун эсебинен 15 400,0 млн. сом жалпы суммасында каражат тартуу пландалган, анын ичинде: МКВ – 2 450,0 млн. сом,
МКО – 12 950,0 млн. сом.

Ресурстардын жана программалык жардамдардын аз түшүүсүнө байланыштуу 2021-жылы МБКны чыгаруу көбөйтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы №152 Мыйзамы менен 2021-жылга МБК чыгаруудан жана жайгаштыруудан түшүүлөр боюнча болжолдуу маалыматтар 18 723,4 млн. сом көлөмүндө белгиленген
(МКВ – 1 050,0 млн. сом, МКО – 17 673,4 млн. сом), башкача айтканда, 2021-жылга бекитилген бюджетине карата 3 323,4 млн. сомго көбөйтүлгөн.

 

Мамлекеттик карызды тейлөөгө чыгымдар

Мамлекеттик карызды тейлөөгө чыгымдардын такталган болжолу 2021-жылга 35 715,6 млн. сомду түздү, бул максаттарга бюджеттен иш жүзүндѳ 29 532,8 млн. сом өлчөмүндө каражат багытталган, алардын ичинен:

3-таблица

(млн. сом)

Чыгымдар

Такталган

болжол

Иш жүзүндөгү

аткаруу

∆ Четтөө

Пайыздар

9 801,8

8 192,9

-1 608,9

Тышкы карыз

5 149,9

3 541,0

-1 608,9

Ички карыз

4 651,9

4 651,9

-

Башкалар

87,3

69,1

-18,2

Тышкы карыз

87,3

69,1

-18,2

Ички карыз

-

-

-

Негизги сумма

25 826,5

21 270,8

-4 555,7

Тышкы карыз

16 158,0

11 602,4

-4 555,6

Ички карыз

9 668,5

9 668,4

-0,1

Жыйынтыгы

35 715,6

29 532,8

-6 182,8

∆ = Иш жүзүндөгү чыгымдар – такталган болжол

 

2021-жылга такталган бюджеттен иш жүзүндөгү көрсөтуүчтөрдүн четтөсү азаюу тарабына 6 182,8 млн. сомду түздү. Мамлекеттик карызды тейлѳѳнүн иш жүзүндѳгү көлөмүнүн такталган болжолго карата шайкештик деңгээли 82,7% пайызды түздү.

 

Мамлекеттик карыз (тышкы + ички)

Болжол менен 2021-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын (тышкы+ички) өлчөмү 5 147,22 млн. АКШ доллар (436 270,78 млн. сом) түздү, алардын ичинен:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын (тышкы+ички) тейлөөгө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен 2021-жыл үчүн иш жүзүндө 29 532,8 млн. сом суммасында каражаттар багытталган, анын ичинен:

Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2021-жыл үчүн ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын катышы 50,3% түздү. Болжолдуу маалыматтар боюнча ИДПга карата бардыгы мамлекеттик карыз (тышкы+ички) 2021-жыл үчүн 60,3% түздү.

 

Тышкы карыз

2021-жылга тышкы карызды тейлөөгө 21 395,2 млн. сом суммада чыгымдар болжолдонгон. Иш жүзүндөгү төлөмдөр 15 212,5 млн. сомду түзгөн, анын ичинде:

4-таблица

(млн. сом)

Чыгымдар

Такталган болжол

Иш жүзүндөгү аткаруу

∆ Четтөө

Пайыздар

5 149,9

3 541,0

-1 608,9

Эки тараптуу зайымдар

3 451,5

2 092,4

-1 359,1

Көп тараптуу зайымдар

1 698,4

1 448,6

-249,8

Башкалар

87,3

69,1

-18,2

Эки тараптуу зайымдар

29,6

29,6

-

Көп тараптуу заййымдар

57,7

39,5

-18,2

Негизги сумма

16 158,0

11 602,4

-4 555,6

Эки тараптуу зайымдар

7 101,4

3 656,0

-3 445,4

Көп тараптуу зайымдар

9 056,6

7 946,4

-1 110,2

Жыйынтыгы

21 395,2

15 212,5

-6 182,7

∆ = Иш жүзүндөгү аткаруу – такталган болжол

 

2021-жылга такталган бюджеттен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн четтөөсү азаюу жагына 6 182,8 млн. сомду түзгөн. Такталган болжолго карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн иш жүзүндөгү көлөмдөрүнүн шайкештик деңгээли 71,1% ды түзгөн.

Болжолдуу көрсөткүчтөрдөн мамлекеттик тышкы карызды
тейлөөгө иш жүзүндөгү чыгымдардын четтөөсүнүн негизги
себептери – республикалык бюджетте бекитилген колдонуудагы кредиттерди тейлөөнүн эсептелген милдеттенмелери жана болжолдуу суммалары ортосундагы терс айырма, ошондой эле эки тараптуу кредиттик милдеттенмелер жана валюта курсунун өзгөрүүсү боюнча тейлөөнү убактылуу токтотуу болду.

 

Ички карыз

Такталган болжолго карата, мамлекеттик ички карызды тейлөө боюнча аткаруу 100,0% түзгөн. Такталган болжолго карата, бардык мамлекеттик карызды (тышкы+ички) тейлөө боюнча жалпысынан аткаруу 82,7% түзгөн.

 

Бюджеттин тартыштыгы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети 2021-жылы тартыштыктын 20 758,0 млн. сом пландык көрсөткүчүндө 1 763,6 млн. сом
суммасында тартыштык менен аткарылган, анын ичинде:

-      республикалык бюджет – тартыштыктын 19 211,0 млн. сом пландык көрсөткүчүндө 3 542,2 млн. сом;

-      жергиликтүү бюджет - тартыштыктын 1 647,5 млн. сом пландык көрсөткүчүндө профицити менен 1 778,6 млн. сом.

Борбордук казыналыктын башкы китеби боюнча (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жалпы ресурстары) бюджеттик каражаттардын калдыгы 2021-жылдын аягына 5 600,3 млн. сомду түзгөн (мекемелердин атайын эсептериндеги каражаттарды эсепке албаганда).

 

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу

2021-жылдын январь-декабрь айларындагы республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 187 442,7 млн. сомду же белгиленген пландык тапшырманын 99,6%ын түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 139,3%га же 52 855,5 млн. сомго өскөн, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 126,2%га же 38 957,1 млн. сомго өскөн.

Каралып жаткан мезгил үчүн салыктык кирешелердин көлөмү 132 135,5 млн. сомду же пландын 99,5%ын түзгөн (түшпөй калган сумма 613,6 млн. сом). 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 143,8%га же 40 274,7 млн. сомго өскөн, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 124,7%га же 26 206,0 млн. сомго өскөн.

Салык кызматы башкарган салыктык кирешелер 85 247,2 млн. сомду түзгөн, пландык көрсөткүч 882,6 млн. сомго ашык аткарылган,
2020-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 135,4% түзгөн же түшүүлөр 22 289,2 млн. сомго өскөн. 2019-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 136,1%ды түзгөн же түшүүлөр 22 613,9 млн. сомго өскөн.

Бажы кызматы башкарган салыктык кирешелер 2021-жылдын январь-декабрында 46 888,3 млн. сомду же пландын 96,9%ын түзгөн (түшпөй калган сумма 1 496,2 млн. сом). 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан түшүүлөр 17 985,5 млн. сомго өскөн, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 108,3%га же 3 592,1 млн. сомго өскөн.

Каралып жаткан мезгил үчүн республикалык бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 41 565,8 млн. сомду же пландын 102,6%ын түзгөн (ашыкча аткаруу суммасы 1 049,5 млн. сом). 2020-жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 134,5% га же 10 659,7 млн. сомго өскөн, 2019-жылдын тиешелүү деңгээлине салыштырмалуу 43,0%га же 12 499,6 млн. сомго өскөн. Бул өсүш негизинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон пайдасынын, ижара акысынын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн түшүүлөрдүн жана айыптардын көбөйүшү менен шартталган.

Расмий трансферттердин түшүүсү 13 738,5 млн. сомду түзгөн, пландык көрсөткүч 92,1% га аткарылган. 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 920,4 млн. сомго көбөйгөн, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1 185,7 млн. сомго азайган.

 

Республикалык бюджеттин чыгым бөлүгүн аткаруу

Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын январь-декабрындагы республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдарынын жалпы көлөмү 190 984,9 млн. сомду түзгөн. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, республикалык бюджеттин чыгымдары 36 534,3 млн. сомго көбөйгөн
(анын ичинен: бюджеттик каражаттар – 25 955,6 млн. сом, атайын каражаттар – 3 875,2 млн. сом, МИП каражаттары-6 703,5 млн. сом).

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН

АУДИТИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА

НЕГИЗГИ УЧУРЛАР

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын берген отчетуна ылайык (кир. №6-17096/22, 2022-жылдын 1-сентябры) 2021-жыл үчүн республикалык бюджетти аткаруу бардык олуттуу аспекттерде мыйзамдардын талаптарына ылайык келди, буга айрым позициялар кирбейт, аларды ушул корутундунун алкагында белгилөө зарыл.

1. 2020-жыл үчүн республикалык бюджетти аткаруунун аудитинин жыйынтыктары боюнча, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын буйругунун 9 пунктунун ичинен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 4 пунктту аткарган, 3 пункту жарым-жартылай аткарган,
2 пункт аткарылган эмес.

Бюджетке орду толтурулууга тийиш болгон 22 373,0 млн. сом сумманын ичинен 17 449,0 млн. сомдун орду толтурулган.
Орду толтурулбаган сумманын калдыгы 4 924,2 млн. сомду түздү, анын ичинде:

-      «Кумтор Голд Компани» ЖАКда 4 915,7 млн. сом суммасындагы максатсыз пайдаланылган каржаттар;

-      ТМБнын нормативден ашыкча калдыктары жана эсептердеги каражаттар – 7,3 млн. сом;

-      Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Тармактар аралык окуу борборунда коммерциялык багыттардагы эсептердеги
1 224,1 миң сомдук каражаттар.

Эсептөө палатасынын сунуштамаларынын 12 пунктунун ичинен
5 пункту аткарылган, 4 пункту жарым-жартылай аткарылган, 3 пункту аткарылган эмес.

2019 жана 2018-жылдар үчүн республикалык бюджетти аткаруунун аудиттеринин жыйынтыктары боюнча, орду толтурулбаган суммалардын калдыктары тиешелүү түрдө 733,7 млн. сомду жана 44,7 млн. сомду түздү.

Комитет 2020, 2019 жана 2018-жылдар үчүн республикалык бюджетти аткаруунун аудиттеринин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палтасынын буйруктарын жана сунуштамаларын толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы жөнүндө белгилейт, аларда орду толтурулбаган суммалар тиешелүү түрдө 4 924,2 млн. сомду, 733,7 млн. сомду жана 44,7 млн. сомду түзгөн.

 

2. «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо 2-фаза» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, 2016-жылы тендерди даярдоо боюнча иш башталган, анын натыйжалары боюнча «Электр сатанциялары» ААК «GE Hydro France» (Франция) жана «GE Renewable» (Швейцария) консорциуму менен 2018-жылдын 12-февралындагы контрактына кол коюлган, 2 жана
4-агрегаттарды алмаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн 6 023,0 миң АКШ доллары, 54 682,0 миң евро жана 119 415,2 миң сом суммасына (тендердик сунушту баалоо учуруна карата бардыгы болуп 64 972,8 миң АКШ доллары). Тендердик процесс 1,5 жыл бою жүргөн.

Бирок чектөөчү чаралардын киргизилиши (COVID 19) контракттар боюнча иштерди аткаруунун графигине таасир этти. Токтогул ГЭСинде
4-гидроагрегатты алмаштыруу боюнча иш жүзүндөгү иштер 2021-жылдын мартында башталды. Контракттын шарттарына ылайык, иштер 2021-жылдын ноябрында аяктоого тийиш болчу, алар гидроагрегатты алмаштыруу үчүн жабдууну берүүнү создуктуруунун себебинен улам белгиленген убакытта аяктаган жок. Жабдуу 2021-жылдын ноябрынан тартып, декабрына чейин Кыргызстандын Кытай жана Казакстан менен чек араларында кармалып турду.

 

 

Контракттын жалпы шарттарынын 45.2-пунктуна ылайык, тараптар аны кароо жана чечүү үчүн талаш маселелер боюнча кеңешти даярдады. ОРП Талаштар боюнча кеңешке донордун каражаттарынын эсебинен 82,5 миң сом АКШ доллары суммасында төлөндү.

Контракттын атайын шарттарынын 26.2-пунктуна ылайык, шарттарды аткарбагандыгы үчүн айып санкциялары дайындалууга тийиш, алар контракттын суммасынан 10%га, же 602,3 миң АКШ доллары, 5 468,2 миң евро жана 11 941,5 миң сомдон ашышы мүмкүн эмес.

 

Комитет контракттын Атайын шарттарынын 26.2-пунктуна ылайык шарттарды аткарбагандыгы үчүн 602,3 миң АКШ доллары, 5 468,2 миң евро жана 11 941,5 миң сом суммасындагы айып санкцияларын эсептөө жана «GE Hydro France» (Франция) жана «GE Renewable» (Швейцария) консорциумунан айып санкцияларын өндүрүү боюнча чараларды көрүү маселесин кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамаларын колдойт.

 

3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-пунктун жана «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 Мыйзамынын 14-беренесин бузуп, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтунун (ЭЭИИИ) жана «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө институтунун казыналык системасынан тышкары коммерциялык банктарында эсептешүү эсептери болгон, аларда 2021-жылдын аягына карата калдыктар тиешелүү түрдө 295,9 миң сомду жана 3 993,0 миң сомду түзгөн.

Комитет Энергетика жана экономика илим-изилдөө институтунун (ЭЭИИИ) жана «Энергодолбоор» Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө институтунун коммерциялык банктардагы эсептерин жабуу жана каражаттардын калдыктарын бирдиктүү казыналык эсепке которуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштамаларын колдойт.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Отчетун карап чыгып, төмөнкүдөй Чечим чыгарды:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен 2021-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин отчету эске алынсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетке жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                А.Турсунбаев