КР ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кызыл-Кыядагы Пушкин атындагы мектепке классик жазуучулардын китептерин тартуулады

07-07-2016 19:45

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда эки күндүк жумушчу иш сапарынын алкагында, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринде болуп, алардын абалы менен жеринде таанышты.

Кызыл-Кыя шаарындагы эӊ ири мектептердин бири катары саналган Чыӊыгыз Айтматов атындагы мектеп 1970-жылы курулуп, 46 жылдан бери капиталдык оӊдоодон өтпөгөндүктөн, чалдыбары чыгып, жылытуу, таза суу менен камсыз кылуу, саркынды суулардан арылуу тутумдары иштебейт калган. Азыр оӊдоо иштери колго алынып, аны менен кошо жаӊы корпус да курула баштады. Имараттар август айында толугу менен колдонууга берилет.

Мектеп жетекчилиги Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго ыраазычылык билдирип, ага эскилиги жеткен откананы алмаштыруу жана балдар аянтчасын оӊдоп берүүгө колкабыш кылуу өтүнүчү менен кайрылды. Төрага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү менен бирге алардын өтүнүчүн канааттандыруу маселесин чечип берди. Ал үчүн кошумча каржы булактары изделмекчи.

Андан сырткары, Жогорку Кеӊештин Төрагасы ошол эле шаардагы Пушкин атындагы орто мектепке барганда, мугалимдер жамаатынын көӊүлү көтөрүӊкү экенине күбө болду. Мектеп «100+100» программасына киргизилгендиктеп, анын имаратында капиталдык оӊдоо иштери кызуу жүрүүдө. Шаардык билим берүү бөлүмү менен мектептин жетекчилиги өлкө жетекчилигине, анын ичинде кыргыз парламентине жакындан жардам берип жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Төрага Чыныбай Турсунбеков республикалык бюджетте кошумча каржы булактары аныкталса эле, биринчи кезекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жумшала турганын баса белгиледи. Ал ири өлчөмдөгү насыялык жана гранттык каражаттар да тартылып жатканын, каражаттар сарамжалдуу жана өз багытында гана жумшалууга тийиш экенин кошумчалады. Анткени билимдүү муунду тарбыялоо өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Иш-чара соӊунда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊештин атынан Пушкин атындагы орто мектепке акчалай жардам көрсөтүп, мектептин китепканасына элдик адабий чыгармаларын жана классик жазуучулардын китептерин белек катары тартуулады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында депутаттар Карамат Орозова (КСДП фракциясы), Искендер Матраимов (КСДП), Таабалды Тиллаев (РАЖ), өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери коштоп жүрөт.

 

КР ЖК Басма сөз кызматы