Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июлда эки күндүк жумушчу иш сапарынын алкагында, Ош облусундагы социалдык объектилердин, билим берүү мекемелеринин, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышып, бир катар жогорку окуу жайларында жолугушууларды өткөрүүдө. Ошондой эле, ал облустун активи жана коомчулук өкүлдөрү менен да жолугушуп, алдыда турган милдеттер, аймакта орун алган көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында пикир алышмакчы.
Төрага Чыныбай Турсунбеков жакында эле ишке киргизилген Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу «Тунук Наристе» бала бакчасында болду. Балдар мекемесинин жетекчиси Үмүт Нурбаеванын айтымында, 180 орунга ылайыкташтырылып курулган заманбап бала бакчанын 6 тайпасына 207 бала кабыл алынып, 22 тарбыячы эмгектенүүдө. Мектепке чейинки билим берүү жана таалим-тарбыя иштери кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.
Жолугушуу жүрүшүндө имараттын 2-кабатына суу чыгаруу үчүн суусоргу орнотуу, суу басымын жогорулата турган мунара куруу зарылдыгы бар экени белгилүү болду. Ал үчүн дагы кошумча 600 миӊ сом каражат табуу керек. Төрага жергиликтүү бийлик жетекчилерин бала бакчага колкабыш кылып, айрым маселелерин чечип берүүгө чакырды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Тунук Наристе» бала бакчасына өз фондунан 100 миӊ сом материалдык жардам көрсөттү.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеӊештин депутаттары коштоп жүрөт.
КР ЖК Басма сөз кызматы