Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 8-июль күнү жумушчу иш сапарынын алкагында, Ош шаарындагы «Кыргыз-Түрк достугу» талантуу балдар мектебинде болуп, мугалимдер жамааты менен балдарга сапаттуу билим жана таалим-тарбыя берүү жаатында пикир алышты.
Мектептин директору Мелисбек Музулманов 2012-жылы 850 орунга ылайыкталып салынган билим берүү мекемесинде иш жүзүндө 1200 бала окуп жатканын билдирди. Анын айтымында, окуучулардын көп тил үйрөнүүсүнө, сапаттуу билим менен кошо мыкты таалим-тарбыя алып чыгуусуна басым жасалат. ТИКА, «Сорос – Кыргызстан», ЮНИСЕФ эл аралык уюмдары, ОшМУ, ОшТУ сындуу жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланыш түзүлүп, гранттык жана усулдук жардамдарды алып жатканын айтты.
Төрага Чыныбай Турсунбеков республикалык бюджеттин оодук бөлүгү социалдык багытта, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жумшалып жатканын баса белгиледи. Ал ири өлчөмдөгү насыялык жана гранттык каражаттар да тартылып жатканын, каражаттар сарамжалдуу жана өз багытында гана жумшалууга тийиш экенин, билимдүү муунду тарбыялоо өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп санала турганын кошумчалады.
Спикер Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүн, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү менен жергиликтүү бийлик жетекчилерин балдар мекемелерине өзгөчө көӊүл буруп, алардын муктаждыктарын өз маалында чечип берүүгө чакырды.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков «Кыргыз-Түрк достугу» талантуу балдар мектебине өз фондунун интерактивдүү такталарды, лабораториялар үчүн реактивдерди сатып алууга 80 миӊ сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүп, анын китепканасына кыргыз жазуучуларынын китептерин тартуулады. Ошондой эле, математика боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду женип алган Келдимурат кызы Мээримге 20 мин сом тапшырды.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун Баткен жана Ош облустарындагы эки күндүк иш сапарында Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери менен шаардык кеӊештин депутаттары коштоп жүрөт.
КР ЖК Басма сөз кызматы