Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары - Комитет), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты Э. Дж. Байбакпаев
тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2021-жылдын 9-сентябрындагы кир. №6-12536/21) экинчи окууда карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2021-жылдын 22-декабрындагы № 5028-VI токтому менен биринчи окууда кабыл алынган.
Комитет Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик бутагын реформалоого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзгөртүп түзүлгөнүнө, “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун
2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 26 Жарлыгынын кабыл алынуусуна жана энергетика чөйрөсүндөгү бир катар мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар кайра каралып жаткандыгыны байланыштуу, мыйзам долбоорунун концепциясын баяндалгандарды эске алуу менен актуалдаштырууну жана кайра карап чыгууну сунуш кылат.
Атап айтканда, мыйзам долбоору менен өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткан “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” жана “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карата отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле энергетика чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде жана кылынып жаткан иш-чараларды эске алуу менен актуалдаштырылууга тийиш.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул Мыйзам долбоорун четке
кагуунун максатка ылайыктуулугун белгилеген бир катар сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн (2021-жылдын 7-октябрындагы
кир. № 6-14058/21).
Комитет отун-энергетикалык комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте макулдашылган Мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү сунуштайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:
Комитеттин төрагасы А.А. Турсунбаев