Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2022-жылдын 1-ноябрындагы КОРУТУНДУСУ

04-11-2022 16:02

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө

байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 26-сентябрындагы кир. №6-18904/22) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

         1. Мыйзам долбоорунун концепциясы: мыйзам долбоору “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө”, “Манас” эпосу жөнүндө”, “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

Мыйзам долбоору белгиленген тартипте иштелип чыккан жана концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы:

         - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

         - “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         - “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         - “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         - “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         - “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

         - “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

Маалымкат-негиздемеге ылайык, долбоор ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүүгө жатпайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

         - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (5.10.22-ж.,
кир. № 6-19875/22);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (5.10.22-ж., кир. № 6-19887/22).

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгерде алар бар болсо:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

7. Коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгер алар жүргүзүлсө:

Маалымкат-негиздемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылбайт.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

9. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

Жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

Мыйзам долбоору боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын.

2. Бул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                       А. Турсунбаев