Депутат М.Бакиров: “Кооперативдерге байланыштуу мыйзамдарга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү айыл чарба багытындагы реформанын экинчи баскычы десек болот”

26-02-2018 15:26

Бүгүн, 26-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР айыл чарба, тамак аш өнөр-жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, мыйзам долбоору кооператив кеңешинин ыйгарым укуктарын, ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, кооператив кеңешинин мүчөлөрүн шайлоону жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

“Кооперативдер жөнүндө” мыйзам менен кооперативдин кеңешинин ыйгарым укуктары толугу менен жөнгө салынган эмес. Мыйзам долбоорундагы киргизилип жаткан ченемдер кооперативдин кеңешин түзүүдө анын негизги критерийлери болуп эсептелмекчи. Долбоор аркылуу кооперативдин кеңешинин мүчөсү бир эле учурда башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасы же текшерүү комиссиясынын мүчөсү болушу мүмкүн эместиги, кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү кооперативдин аткаруу органынын атынан иш алып барууга укугу жоктугу белгиленүүдө.

Талкууда депутат Мирлан Бакиров: “Жогорку Кеңештеги кооперативдерге байланыштуу мыйзамдарга киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү айыл чарба багытындагы реформанын экинчи баскычы десек болот”,- дейт. Мындай пикирди улаган депутат Асылбек Жээнбеков кооперативдерге көптөгөн жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзам долбоорлору кабыл алынып жаткандыгын тизмектеп келип, бүгүнкү сунушталган долбоор менен коопертаивдердин уюштуруу маселелери чечиле тургандыгын айтты. Ошондой эле депутат эми коопертивдин так аныктамасын мыйзам чегинде белгилөө зарылдыгын, болбосо буга чейин кооперативдерге байланыштуу кабыл алынган мыйзамдар өз максаттарына жетпей калаарын кошумчалады.

Киргизилип жаткан түзөтүүлөр боюнча кооперативдердин, дыйкандардын дагы пикирлерин эске алуу максатында коомдук же парламенттик угуу өткөрүүнү депутат Алмазбек Акматов сунуш кылды.

“Кооперативдер өнүкмөйүн региондор өнүкпөйт”,- деген Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров мыйзам долбоорун колдоо керектигин чечмелеп берди. Ошону менен катар бул жаатта ийгиликтүү өнүккөн Германиянын, Кытайдын тажрыйбаларын иликтеп, биздин менталитетке ыңгайлуу болгон бир моделин иштеп чыгууну аткаруу бийлигине сунуш кылды.

Жыйынтыгында «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу» мыйзам долбоорун 1-окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы