2016-жылдын 22-сетябрындагы № 89-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасына карата

15-12-2016 11:12

2016-жылдын 22-сетябрындагы № 89-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасына карата

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин

 

Чечими

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын                        22-сентябрындагы жыйынында депутат У. З. Ормонов электр энергиясынын тарифтери жөнүндө маселени көтөргөн. Депутат Ош областынын Өзгөн, Ноокат райондорунун жана Баткен областынын Кадамжай районунун жарандарынан электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү, эгерде анын баасын түшүрүү мүмкүн болбогон учурда, 700 кВтс социалдык тарифтин өлчөмүн 1000 кВтс чыгаруу тууралуу сунуш-талаптар түшүп жаткандыгын айткан.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин (мындан ары ОЭКЖМА) Статс-секретары А. С. Абдыжапаров 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 04/1758 Комитетке берген маалыматында төмөнкүлөрдү билдирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы                № 421 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 “Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык электр энергиясынын тарифтери өзгөртүүсүз калтырылган, б. а. калк 2016-жылы айына 700 кВт.с чейин керектегенде, мурдагыдай эле, 77 тыйын/кВтс төлөйт. 2016-жылдын 1-августунан тарифти 10 % ке көтөрүү каралган, б. а. калк айына 700 кВтс чейин керектегенде                 84,7 тыйын/кВтс төлөйт.

Аны менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 421 токтому менен “Кыргыз Республикасынын                               2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын” 3-главасына – “энергетика секторунун иш жүзүндөгү сарптоолору жабылган” деген ченем киргизилген.

Эксперттердин пикири боюнча тарифтерге жасалма жол менен көбөйтүүгө мүмкүндүк берген иш жүзүндөгү эмес, экономикалык негизделген же ченемдик сарптоолор киргизилиш керек.

Ошого байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн ченемге компетенттүү органдар тарабынан тийиштүү баа берилүүсү талап кылынат.

Анын үстүнө маалыматта, энергосектордогу чыгымдарды каржылоого жумшалуучу акча каражаттардын тартыштыгы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча 7,2 млрд сомду түзгөн болсо, 2016-жылга тартыштык 8,0 млрд сомдун деңгээлинде пландалды деп көрсөтүлгөн.

Бирок, ОЭКЖМАнын директору Т. И. Нурбашев Комитетке энергосектордогу каражаттардын тартыштыгынын 2015-2016-жылдардагы  түзүлүшү тууралуу кескин айырмаланган маалыматты берди (2016-жылдын 1-декабрындагы № 04/1803). Алсак, 2015-жылы энергосистема боюнча акча каражаттарынын тартыштыгы 8,1 млрд сомду түзгөн, 2016-жылы (1, 2,                         3 кварталдын факты жана 4 кварталдын планы)  3,35 млрд сом болот деп күтүлүүдө.

Дээрлик бир эле датага ар түрдүү берилген маалыматтардын чындыгы олуттуу шектенүүнү туудурууда. Бул факт дагы кылдат текшерүүнү талап кылат, себеби бул цифралар энергосектордогу түзүлгөн кырдаалды күбөлөндүрүшүүдө.     

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директору                   Т. И. Нурбашевдин маалыматын угуп жана талкуулап Комитет, төмөндөгүдөй корутундуга келди:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттигинин директорунун маалыматы эске алынсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы текшерсин:

- “энергетика секторунун иш жүзүндөгү сарптоолору жабылган” деген ченемдин колдонулушунун тууралыгын (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 421 токтому) жана анын мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайыктыгын;

- энергосектордогу акча каражаттардын тартыштыгынын                                      2015-2016-жылдардагы  түзүлүшүнүн чындыгын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Торагасынын орун басары А. С. Омурбековадан 2016-жылдын 22-сетябрындагы № 89-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасын көзмөлдөн алып салуу суралсын.

 

  1. Ушул чечимдин аткарылышын көзмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                К. Рыспаев